Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Жер титирөөдөн жабыркагандар жардамга муктаж


Чайчы айылы
Чайчы айылы

Өкмөт башчы Темир Сариев жер титирөөнүн очогу делген Кара-Суу районунун Чайчы айылына барды.

Чайчы айылынын өзүнөн эле кеминде 150дөй үй жабыркаган болсо, алардын он чактысынын дубалдары урап калган.

Премьер-министр Темир Сариев үй курууда сейсмологиялык нормаларды эске алуу керектигин белгиледи:

- Жер титирөөдөн адам өмүрүнө чыгым болбогону жакшы болду. Элибиз аман. Эми канчасына ссуда берүү керектигин чечебиз. Баарыңарга жардам беребиз, мен муну өкмөттүн, президенттин атынан убада кылам. Бирок чынын айтыш керек, үйдү туура эмес салып жатабыз. Экинчиден, кенен салам деп, пайдубалын таш менен чала куруп, дубалын деле чопо-топурактар менен эптеп тургуза салмайды токтотолу. Же сейсмологиясы, же арматурасы жок, жер бир аз силкингенде үйлөр кыйрап калууда. Кыргызстан аймагынын 95% тоо, анан 9 баллга чейин жер титирөө болот. Ошол себептүү сак бололу.

Сариев жапа чеккендерге 50 миң сомдон кайтарымсыз, же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин кошумчалады.

Чайчынын кичинекей тургундары
Чайчынын кичинекей тургундары

Чайчы кыштагына 18-ноябрда жылуулатылган 50 чатыр жана атайын мештер берилген. Бирок чатыр жетишсиздигинен айрымдар коңшу айылдарда түнөп жатканын айтышууда. Ал тургай жазга чейин биротоло башка жакка көчүп кеткендер да бар. Чайчылыктардын бири Гүлмира Абдырахманова:

- Үйүбүз авариялык абалда калды. Балдарыбыз менен коркконубуздан улам кечээ туугандардын үйүндө түнөп келдик. Бүгүн келсек чатырлардын баары таратылып, бизге калбай калыптыр. Сурасак дагы бере турганын айтып кетип калышты. Азыр эптеп алыс-жакындын үйүндө жүрөбүз, бирок эми кыштан кантип чыгабыз деп башыбыз маң.

Элеттиктер меш жетпей жатканын айтышууда
Элеттиктер меш жетпей жатканын айтышууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Суу жана Алай районунун жер силкинген айылдарына дагы 90дой чатыр бериле турганын кабарлады. Бирок ал чатырларда түнөгөндөр түнкүсүн үшүп жатышканын айтышууда. Кызыл-Суу айылынын тургуну Абдылда Өмүрзаков:

- Азыр күн суук болуп калган үчүн чатырда эмес, үйдө да үшүйбүз. Эми чатырды кышкы дешкени менен, түнкүсүн жатуу мүмкүн болбой атат. Атайын меш таратканын айтышты эле, бизге андай меш тийген жок. Бул чатырды да эки-үч үй-бүлөгө бир кылып берген, алар балдары менен кантип күн өткөрөөрү белгисиз. Батпай жатабыз.

Учурда чатырда жашагандар шартка карап, контейнер үйлөр менен алмаштырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов убактылуу жашаганга бериле турган мобилдик турак жай маселеси бир айдын ичинде чечилерин кабарлады:

- Контейнерлерден жасалган мобилдик турак үйлөрдү берүү маселеси өкмөттө каралууда. Азырынча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келе элек. Премьер-министр жер титирөөдөн жабыр тарткандарга, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан да жардам бермей болду. Жергиликтүү тургундар көмүрдөн да жардам сурашты, атайын жыйында бул маселе да каралууда.

Талкаланган үй
Талкаланган үй

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жер титирөөдөн улам зыян келген 3400 турак жайды текшерип жатат. Анын ичинен көп жабыркабаган 670, көбүрөөк жапа чеккен 1615, капиталдык ремонтту талап кылган 725 үй бар. Кайра калыбына келбей турган 380 үй жана таптакыр жараксыз абалга кептелген, же бешинчи категорияда деп табылган он үй бар экени аныкталды.

Бирок жер силкинүүдөн жабыр тарткан айрым тургундар үйү бешинчи категорияга кирбей калганына нааразы. Жалгыз бой эне, Чайчы айылынын тургуну Сюита Эскенкулова көйгөйүн ортого салды:

- Таптакыр жараксыз абалга кептелген үйлөрдүн тизмесин көрдүм, биздин үй жок экен. Бирок менин үйүм жашоого болбой калды. Менин үйүмдү да бешинчи категорияга киргизип, жаңы үй салганга өкмөт толук жардам беришин талап кылам. Мен өзүм жумушсузмун, кайненем кары, балдарым жаш. Кайра үй курууга чамам да, акчам да жок.

Ош облусунда катталган жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок андан кийин кан басымы көтөрүлүп, дарыгерге кайрылгандар көп болгон. Кызыл-Суу айыл аймагынан эле 200дөн ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.

Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн жана социалдык объекттердин саны такталганы менен, жалпы чыгаша эсептелип бүтө элек.

17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткенин сейсмологдор кабарлашты. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG