Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Депутат болом деген директор иштен кол жууду


Ош шаардык кеңешине шайлоо 27-мартта өтөт
Ош шаардык кеңешине шайлоо 27-мартта өтөт

Ошто "Республика Ата-Журт" партиясынын атынан шаардык кеңештин депутаттыгына аттанган мектеп директору кызматтан алынды.

Директорлуктан кеткен талапкер бийлик анын кызматтан убактылуу чегинүү тууралуу арызын кабыл албай, кызматтан биротоло бошонууга аргасыз кылганын айтууда.

Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына "Республика Ата-Журт" партиясынын атынан талапкер болгон Жоомарт Акматов мыйзам кош стандарт менен иштеп жатканын, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы аны мектеп директорлугунан биротоло кетүүгө аргасыз кылганын айтууда.

- Мен "Республика Ата-Журт" партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгом. Буга байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына бир айга мектеп директорлук кызматымдан чегине туруу жөнүндө арыз жазгам. Талапкер болуп катталгандан кийин беш күндүн ичинде кызматтан убактылуу чегингеним же биротоло кеткендигим тууралуу буйрукту ТИКке тапшырышым керек болчу. Ал мөөнөт бир күн калганга чейин күттүм. Жетекчи буйрукка кол койбой койду. Айлам кетип биротоло арыз жазганга мажбур болдум. Мен депутаттыкка өтпөй калсам ишимди кайра улантуу ниетим бар болчу.

Жоомарт Акматов Оштогу №2 Карл Маркс атындагы орто мектепте директор болуп иштегенине төрт ай болгон. Акматовдун арызынан соң аталган мектепке башка директор дайындалган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов талапкер депутаттык кызматты тандап, мектеп директорлугунан кетүү тууралуу арызды өз колу менен жазганын айтууда.

- Ал директорлукка сунушталды. Мен директорлукка дайындагам. Көп өтпөй депутаттыкты тандап кызматтан кетүү тууралуу арыз жазыптыр. Мен анын арызын кабыл алып, ордуна башка директор дайындадым. Ал кайсы партиядан талапкер болгонун да билген жокмун.

Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы күнөөнү талапкердин өзүнө коюп жатат. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов маселени талапкер сотко же БШКга кайрылып чечсе болмок дейт.

- Кызматтан кетүү же чегинүү тууралуу арыз жазуу анын өзүнүн иши да. Чындап аны кызматтан кетүүгө мажбурласа, жетекчисин сотко бербейби, же БШКга расмий кайрылбайбы. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Мыйзамда талапкер жетекчилик кызматта болсо шайлоо убагында убактылуу кызматтан чегинип турат. Эгер депутаттыкка өтүп калса тандайт. Эгерде депутаттыкка өтпөсө, өзүнүн мурунку жумушун уланта берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева талапкерлер кайсы партиядан экенине карабай, алардын мыйзамдуу укуктарынын сакталышына бардык мамлекеттик органдар жардам бериши керектиги мыйзамда каралганын билдирди.

- Эгер ал мектептин директору болсо кызматынан убактылуу чегинип, талапкер катары аракеттенсе болот. Талапкерлердин укуктарынын корголушуна, алардын шайлоого талапкер катары эркин катышуусуна бийлик кам көрүшү керек.

Учурда шаардык кеңештин депутаттыгына Социал-демокараттар партиясынан талапкер болгон бир да жетекчи кызматынан биротоло чегинген эмес. Маселен, КСДПдан талапкер болгон “Ош суу канал”, “Ош тазалык” сыяктуу муниципалдык мекемелердин жетекчилеринде депутат болбой калса жетекчилик орундары сакталып калат.

27-мартта боло турган Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна 14 партиядан 1070 талапкер катталган.

XS
SM
MD
LG