Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Ошту от менен камсыз кылуунун жаңы аргасы


Өзбекстан Ошко газ берүүнү 14-апрелде токтоткон.
Өзбекстан Ошко газ берүүнү 14-апрелде токтоткон.

Кыргыз өкмөтү Ош шаарына газ берүүнүн альтернативдүү жолу боюнча токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, көгүлтүр оттун ордуна суюлтулган газ колдонулуп, шаардагы электр тармагы жаңыланмакчы. Өкмөт күзгө чейин бул иштерди бүтүрүүнү мерчемдөөдө.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдиргендей, өкмөт 17-июлда Ош шаарына газ берүүнүн альтернативдүү жолун иштеп чыгуу боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык, шаардын электр тармагынын көпчүлүк бөлүгү жаңыртылып, бир нече жаңы трансформаторлор орнотулмакчы.

- Газ болбой калса күчтүн баары электр энергияга келет. Буга байланыштуу бул тармакты күчөтүүгө жумшап жатабыз. Ал үчүн күч келе турган жогорку чыңалуудагы Ош ПВЭСтин деңгээлинде эки трансформатор коюу маселеси чечилип жатат. Буга 160 миллион сом сарпталмакчы. Ал эми төмөнкү чыңалуулар боюнча бир нече трансформатор орнотулганы жатат. Муну менен катар Жалал-Абад шаарындагы электр трансформаторлору коюлмакчы.

Артыкбаевдин айтымында, бул иштерди аткарууга жалпысынан Орусиядан грант түрүндө келген 280 миллион сом жумшалганы жатат. Анын бир бөлүгү шаардыктарга суюлтулган газ же газ баллондорду сатып берүүгө сарпталат. Министрдин маалыматында, бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 69 921 абонент газы жок отурат. Алардын 38 миңден ашыгы гана суюлтулган газга өтөт. Калгандарын кабат үйдө жашагандыктан суюлтулган газга өткөрүүгө болбойт. Буга чейин дал ушул колдонуучуларга электр плиталарын сатып берүү каралган. Бирок бул сунуш четке кагылып, анын ордуна электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн шаардагы электр жабдыктарды жаңыртуу чечими кабыл алынды:

- Электр плитаны сатып берүү анча эффективдүү болбой калат экен. Анткени плита сатып берген менен электр линиялар, өткөргүчтөр эски, чыңалууну көтөрө албайт. Ошондуктан, биз кеңешип, ушундай чечим кабыл алдык. Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардын мэри да биз иштеп чыккандай сунуш менен кайрылды.

Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттары суюлтулган газдын ордуна, калаадагы электр тармагын жаңылап алууну сунуштап чыккан. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын төрагасы Арфидин Аланов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, өз сунушун төмөнкүчө негиздеген эле:

- Ош шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сүйлөшүп, электр линияларын жаңылайлы деген сунуш менен чыгып атабыз. Ошко келген жогорку чыңалуудагы линия жакшы болуп калды. Азыр шаарда төмөнкү чыңалуудагы линиялар, “04” деп атап коебуз, ошол зымдардын абалы абдан оор. Трансформаторлор мына-мына талкаланып кетчүдөй абалда турат. Газ бар мезгилде эле кышкысын Ош шаарында канча жарык өччү, эртең газы жок шаардыктар жарыкты аябай көп колдонгондо кандай болот?

Анткен менен Оштун айрым тургундары өкмөттүн бул аракетинен майнап чыгаарынан күмөн санап турушат. Алардын бири калаа тургуну Элвира Баева:

- Бул деле баланын оюнундай болгон бир нерсе болуп турат. Анткени бул жол менен газдын ордун толтуруу кыйын. Андан көрө Өзбекстан менен жакшылап сүйлөшүп, маселе чечкенге аракет кылса болмок. Ушунча жылдан бери газ берип келген Өзбекстан кантип эле сөзгө келбесин.

Ал ортодо Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык мэриясынын кечээги жыйынында газ маселеси эки жыл аралыгында чечилерин айтып, тургундарды сабырдуулукка чакырды. Шаар жетекчиси Ошко Казакстандан газ түтүгүн тартуу зарылдыгын, ага чейин көгүлтүр от маселеси чечилиши күмөн экенин белгиледи. Буга чейин өкмөт өкүлдөрү түндүктөн түштүккө газ түтүгүн тартуу планы бар экенин билдиришкен.

Өзбекстан 14-апрелде Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон жана ал боюнча кыргыз тараптын кайрылууларын жоопсуз калтырып келе жатат. Айрым маалыматтарга караганда, газ берүүнү жандандыруу үчүн Өзбекстан бир катар саясий талаптарды коюуда. Анын ичинде Кыргызстандын аймагында орун алган Өзбекстандын Сох анклавына тоскоолдуксуз түз коридор берүү, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун токтотуу талаптары бар экени айтылган. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Ошту газ менен камсыз кылуунун альтернативдүү жолун иштеп чыгууну тапшырган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG