Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Кадыралиевдин “оң колун” да апасы коргоп чыкты


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиевдин “оң колу” делген Абдисалам Амановдун апасы да уулу күнөөсүз экенин айтып чыкты. Аманов жакында кармалган, ал эми Кадыралиев өзү али колго түшө элек.

Света Ормонова анын баласын “милиция уруп-сабап, күнөөнү мойнуна илип жатканын” билдирүүдө. “Сашка” деген каймана ат менен таанымал Аманов Кадыралиевдин буйругу менен куршабдык ишкер Сактан Келдибаевди опузалап, анын үйүнө куралдуу кол салууга шектелип кармалган.

Күч органдары менен Келдибаевдин туугандары бул билдирүүлөрдү бет тырмачылык жана жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалоодо.

Айыпталуучу эми жабырлануучу...

Өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдерди опузалоого шектүү катары Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланганда, анын “оң колу” катары таанымал болгон Абдисалам Амановду да милиция издей баштаган. Январь айынын орто чендеринде Аманов кармалып, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алганын ошо кезде эле күч органдары кабарлашкан. Бирок азыр анын туугандары “милиция уруп-сабап, күнөөнү мойнуна илип жатканын” айтып чыкты.

Абдисалам Амановдун апасы Света Ормонова анын баласы жок жерден садага чабылып жатат деп эсептейт:

Света Ормонова
Света Ормонова

- Өзгөн райондук милициясы менин баламды кармап алып, муздак сууга салып кыйнаган. Кычырыган ушу суукта райондогу Жазы дарыясына колу-бутун байлап, түшүрүшкөн жана жок күнөөнү анын мойнуна илип жатышат. Бөлмөгө алып кирип алып, башына желим баштык кийгизип муунтушкан. Сурак учурунда эки жолу эси ооп, эки жолу өзүнө келген. Келип-келип эле мага окшогон карапайым бир эненин, бей-бечаранын баласын камап жатышат. Эмне үчүн менин баламды ушундай кордукка алып барышат? Эмнеге менин баламды эле камап жатышат? Уруп-тепкилеп, жок жерден Абдисаламды күнөөлөшүүдө. Бизди жактообучубузду кармалгандан кийин бир аптадан кийин гана араң киргизишти. Кирсек бүт дене башы көгала, уруп-сабалган экен.

Амановдун апасы Света Ормонова анын уулу Абдисаламдын Канжар Кадыралиевдер менен байланышы болбогонун айтып, актады.

- Келдибаевдерди ким тоногонун, аларды ким коркутканын мен билбейм. Ага Кадыралиевдин да тиешеси бар экенинен кабарым жок. Менин балам болгону Канжар Кадыралиевдин спорт залына барып машыгып жүргөн, бирок экөө жакын деле тааныш эмес болчу. Мен деле Кадыралиевди жакындан тааныбайм.

Ал эми күч органдары болсо бул ишти тергөөдө Абдисалам Аманов эч кандай ур-токмокко алынбаганын айтууда. Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул билдирүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигинен качуу катары баалап жатат:

Жеңиш Ашырбаев
Жеңиш Ашырбаев

- Абдисалам Амановду Бишкектен кармашаары менен эле дароо Ошко алып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Ошол жерде аны медициналык кызматкерлер жана прокуратура өкүлдөрүнүн байкоосунда камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы каралып, камалган. Эгерде аны уруп сабаган болсо, так ошол жерде билинет болчу. Анын үстүнө бизде азыр суракка алуучу жайда бүт камералар бар, баардык кызматкерлер катуу эскертилген. Бизде эки жылдан бери шектүүлөрдү бир да кыйноо фактысы орун ала элек. Абдисалам Аманов Келдибаевдердин үйүнө каракчылыкка кирүүгө шектелип, тергөөдө баардык жактан иликтеп келгенде, ал ошол үйгө чындап киргени далилденген. Ал башында кармалганда күнөөсүн мойнуна да алган. Жактоочулары менен жолуккандан кийин, көрсөтмөсүн өзгөртүп, ушундай догурунма ыкмага өтүп алды. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн атайын ушундай “мени кыйнап жатат” деп билдирүү таратып жатат.

Куршабдык ишкер Сактан Келдибаевдин атасы 2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айтып, арыз жазган. Жабырланган Келдибаевдер беткапчан адамдарды Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу деп сыпатташкан. Алардын башында “Сашка” деген каймана ат менен таанымал Абдисалам Аманов турганын, алар Кадыралиевдин буйругу менен ушул кылмышка барганын да Келдибаевдер айтып чыгышкан.

Ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары Бишкектеги маалымат жыйынында. Алар Канжар Кадыралиевди карактоону уюштурган деп айыптап чыгышкан. 10-октябрь, 2014-жыл
Ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары Бишкектеги маалымат жыйынында. Алар Канжар Кадыралиевди карактоону уюштурган деп айыптап чыгышкан. 10-октябрь, 2014-жыл

​Эми болсо Келдибаевдердин үй-бүлөсү Амановдун апасынын бул билдирүүсүн бет тырмачылык катары мүнөздөп жатат. Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган Сактан Келдибаевдин акеси Иляз Келдибаев мындай дейт:

-“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген сөз бар. Анын сыңарындай, булар ошол ыкмага өтүп алышты. Абдисалам Аманов, же криминалдардын тили менен айтканда “Сашка” окуя болгон күнү менин иним Сактанга чалып, үйдө бар-жогун аныктаган. Ал өзү Канжардын өкүл баласы болот экен, бүт ушундай иштерде “оң колу” болуп, “шайкасы” болуп иштеп жүрөт экен. Мурда менин инимдин ишканасына барып “салык” салып, коркутуп, опузалап, Канжарга акча ташып жүргөн да ушул бала. Үйгө кирип ата-энеме тапанча такап, коркутуп, акчаны алып кеткендердин бири да ушул “Сашка” да. Биз арыз жазгандан кийин 2-3 ай качып жүрүп, анан жакында кармалган. Апасы үйгө келип алып, “силерден да бирөөнү өлтүрүп кетем, үйүңөрдү өрттөп кетем” деп, чыр чыгарып кеткен. Булар калп эле бет тырмачылык кылып жатышат. Аябай уяты жок адамдар экен. Кечирим сурап, “кой, ай” дегендин ордуна, минтип кайра чыгып алып, ызы-чуу кылып жатышат. Тиги Канжар Кадыралиевдер ушинтип үйрөтүп жатса керек да, алар эми мындай шылуундук боюнча профессионал адамдар да.

Чубактын кунундай созулган издөө

Келдибаевдер ошондой эле аларды коркутуп, карактоого алган негизги күнөөкөр Канжар Кадыралиевдин кармалбай жатканын сынга алып, муну үчүн күч органдарын айыптайт.

- Биздин арызды президент көзөмөлгө алды деген менен, Кадыралиев аликүнчө кармала элек. Аны ушу милиция өздөрү эле кармоого аракет кылбай жатышат. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Бакыт Исаков Канжардын акеси болот, ошол эле жерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө, кылмышкерлерди издөө кызматкери болуп Канжардын бир тууган күйөө баласы Чыңгыз деген бала иштейт. Анан алар кантип Канжар Кадыралиевди издеп таап, камайт, эй? “Карышкырды карышкырлар” кантип издейт? Милиция бул жактан издеп жатканда эле, тияктан алар чалып, Канжарды качырып жиберип жатышат. Алар өзү билет каерде экенин, болгону бул жактан бир нерсе кылып, аны чыгарып алабыз деп, кармабай жатышат. Болбосо Канжар Ошто эле чайканада көк чай ичип коюп олтурат, эй, - дейт Иляз Келдибаев.

Милиция болсо Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Кадыралиев жакын арада кармалат деп ишендирүүдө. Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев:

- Канжар Кадыралиевди кармоо аракеттери уланып жатат. Тилекке каршы аны кайсы жерде жүргөнү аныктала элек. Бул ишти алып барып жаткан кишилерге катуу эскертүүлөр берилген. Кадыралиев жакын арада кармалбаса, тиешелүү кызматкерлер иштен алынат.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделүүдө.

Буга чейин Канжар Кадыралиевдин апасы да уулун калкалап чыккан. Ал Бишкекке келип, маалымат жыйынын өткөрүп, кийин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө барып да, баласын коргогонго аракет кылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG