Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Мечиттерде колу туткактар көбөйүүдө


Сулайман-Тоо мечити
Сулайман-Тоо мечити

Оштогу мечиттерде кымбат бут кийимдерди, акча жана баштыктарды уурдамай күчөдү.

Мечит имамдары түшүндүрүү иштеринен майнап чыкпаганын моюндап, мечиттеги кийим чечүүчү жайларга байкоочу камераларды орнотууга демөөрчү издеп жатышат. Бул арада айрым мусулмандар бут кийимин жанына алып, намаз окуганды адат кылышыптыр.

Бут кийимден велосипедге чейин уурдашат

Оштогу мечиттерде бут кийим уурдамай кадимки көрүнүшкө айланган. Жакшынакай өтүк менен намазга келип, ордуна жыртык көлөч кийип үйгө кайткан фактылар дээрлик ар жумада болуп турат. Ал эле эмес, даарат алууга кирип баратып, кийимин чечип койгондордун чөнтөгүн "тазалап" кеткен уурулар бир канча мусулманды какшаткан экен. Андай уурулукка күбө болгондордун бири буларды айтты:

- Өткөн жумада адамдар мечиттен чыгып, батинкелерин таппай калышты. Жыртык көлөчтөрдү коюп койгон экен, ошолорду кийип кетишти. Негизи бут кийим уурдамай мечиттерде ар жумада болуп турат.

Дагы бир жигит мечиттен велосипедин уурдатканын айтты:

Оштогу мечиттердин бири
Оштогу мечиттердин бири

- Мен мечитке жума намазын окуганы барып, момун мусулман катары велосипедимди мечиттин дубалына сүйөп койгом. Жума намазды окуп чыгып эле аны койгон жеримден таппай калгам. Негизи мен мечитте уурулук болот деп ойлогон эмес элем.

Дагы бир жигит дааратканадан акчасын уурдатканын айтты:

- Мен бир жолу жума намазына шашып барып, даараткананын кире беришине костюмумду илип, кирип кеткен болчум. Даарат алып чыгып эле чөнтөгүм жеңилдеп калганын байкадым. Карасам капчыгым жок. Ичинде үч миң сом бар эле. Ошондон кийин сак болуп калгам. Уурулук ошол кийим илгичте көп болорун кийин угуп калдым. Көрсө адамдар даарат алып жатканда кийим илгичтен эле акча, телефондорду "шыпырып" коюшат экен.

Ошол эле кезде дайыма жума намазды чоң мечиттерде окуган Бердибай аксакал мечитте эч качан буюмун уурдаткан эмес.

- Мен дайыма чөнтөгүмө пакет салып жүрөм. Мечитке барганда бут кийимимди пакетке салып, мечиттин ичине көтөрүп кирип кетем. Намаз окуганда пакетти жаныма коюп алам. Ошол тынч да. Мага күлгөндөрдүн көбү батинкелерин уурдатып, жыртык көлөч кийип кетишкен.

Сактыкта кордук жок

Аптанын жума күндөрү шаардагы мечиттердин чоң кичинесине карабай миңдеген адамдар намаз окуганы келишет. Маселен, Оштогу Сулайман-Тоо мечитине жума намазына төрт миңден ашык адам бир убакта чогулат. Жума намаздары уурулар үчүн олжолуу күн болот.

Сулайман-Тоо мечити
Сулайман-Тоо мечити

Оштун Сулайман-Тоо борбордук мечитинин имамы Нурлан Мадалиев Кудайдын үйү делген жайларда уурулук күчөгүнүн айтып, элди сак болууга чакыруудан башка айла таппай жатканын моюндады.

- Уурулук мечиттерде болуп атат. Бул чындык. Кымбат баалуу бут кийимдер, акча, телефондор уурдалып атат. Намаз башталар алдында мечиттерде уурулук болуп жатат, буюмуңузга этият болгула деп эскертип жатабыз. Андан сырткары уурулуктун оо дүйнөдөгү азабы кандай болору тууралуу баяндарды айтабыз. Бирок ал уурулук кылгандар кудайдан үмүтү жок инсандар окшойт. Алар мечитке намаз окуганы эмес, уурулук кылуу үчүн эле келишет окшойт деп калдым.

Мечиттен мүлкүн уурдаткандардын айрымдары гана милицияга кайрылбаса, көпчүлүгү белгисиз ууруну каргап гана тим болушат. Бирок шаар милициясынын маалымат кызматкери Кубаныч Камчыбеков катталган фактылар ачылып жатканын айтат.

- Жыл башынан бери мечиттердеги уурулук боюнча беш факты катталган. Учурда беш кылмыштын баарынын бети ачылды. Алардын иши тергелип, сотко өткөрүлгөн. Алар 19-21-24 жаштагы жарандар болуп чыккан. Муктаждыктан улам ушул ишке барышканын айтып беришкен.

Уурулуктун акыреттеги жазасы тууралуу баяндардан майнап чыкпай, уурулук токтобой жатканын айткан имам Нурлан Мадалиев Сулайман-Тоо мечитине байкоочу камераларды орнотууга демөөрчү издөөгө аргасыз болгонун айтты.

- Учурда мечитке байкоочу камераларды орнотууга демөөрчү издеп жатканыбыз чын. Анткени камералар орноп калса, уурулук тыйылат беле деген ойдобуз. Өткөндө бир аксакал келип, Ача-Мазалдагы мечитке камера коюп, уурулук деген балээден арылдык деген эле. Ошого соопко иштейм деген азаматтар биздин мечитке камера орнотуп берсе жакшы болот эле.

Учурда Оштогу айрым мечиттер байкоочу камералар жана кулпулануучу шкафтар менен жабдыла баштады. Алардын катарында Оштогу ири делген Алай мечитине да байкоочу камералар орнотула баштаптыр.

XS
SM
MD
LG