Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Эки баланын энеси табыла элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто баласын таштап кеткен апасы дагы деле табыла элек. Өзүн Алтынай деп тааныштырган келин Орусияда жүргөнүн, жакын арада келип балдарын багарын кабарлаганы боюнча дайыны жок.

Оштогу “Эне жана бала үйүндө” тарбияланып жаткан эки бир тууган бизден чочуркап сүйлөшкүсү келбеди. 4 жашар Рамазан менен 3 жашар Каныкейди апасы жай айында бала багуучуга таштап кетип калган.

Ош шаарынын жакасындагы Нариман кыштагында жашаган Дано Расулова баланын апасы менен кезиккен күнүн минтип эскерет:

- Мен жумуш издеп радиотүйүнгө түшкөм. Анан бирөө бала багуучу издеп жатканы тууралуу жарыя бериптир. Чалсам келин жооп берип, үйгө чакырды. Ош шаарында Зайнабидинов көчөсүндө бир батирде жашаган Алтынай деген кыргыз кыз экен. “Мен жумушта түнкүсүн иштейм, ошого баламды үйүңүзгө алып барып багасыз” деди. Айына эки баласына 8 миң сом бермей болду. Мен макул болуп, үйүмдү көрүүгө чакырсам шашып жүргөнүн айтып, кызы менен баласын мага берип жиберди. Ал беш күндөн кийин менин үйүмө келмей болгон.

Бирок келин ошо бойдон беш күнгө балдарынан да, бала багуучудан да кабар албай койгон:

- Мага такыр келбей койгонунан чалсам, телефону өчүк. Үч күн дегени менен, бир апта дегенде араң кабар алды. Ортодо жоголуп кете бергенинен мен балдардын документтерин да алып келип коюусун сурандым. Бирок ал аны да бербей, ар шылтоону айтып жүрө берди. Биринчи айдын акысын жарым-жартылай төлөдү. Ошентип үйгө үч жолу келип, ошол бойдон эки айга жоголуп кетти. Телефонуна чала берип, алдыра албай, акыры WhatsApp'тан таптык. Сурасак Орусияга иштегени кетип калыптыр. Балдарын таштап, эмнеге кетип калганын сурасам, акчасы жок экенин, жумушу жок кыйналып жүргөнүн айтты. "Балдарымды сиз багып туруңуз, мен акча таап барып, кайра алам" деди. Ошол боюнча эч кандай кабар алган жок. Эмне кыларымды билбей, акыры райондук социалдык башкармалыкка жардам сурап кайрылгам.

Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы болсо Каныкей менен Рамазандын документтери болбогондуктан ата-энесин издөө үчүн күч органдарына кайрылат. Дано Рыскуловага балдарын берген келин өзүн Алтынай деп тааныштырып, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун 1-май айылынан экенин айткан. Бирок милиция райондо мындай жаран жок экендигин аныктайт. Ошого байланыштуу адистер интернет аркылуу балдардын апасын издөөгө өтөт.

Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев буларды айтты:

- Милиция жана прокуратура аркылуу издөөдөн азырынча жыйынтык жок. Ошол себептүү биз социалдык түйүндөр аркылуу балдардын энесин издей баштаганбыз. Биздин жазгандарыбызды айрым маалымат каражаттары да чыгарган экен, андан балдардын апасы окуп калып, бизге WatsApp аркылуу байланышка чыкты. Ал Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөнүн, октябрдын аягында келип, балдарын алып кетерин кабарлады. Көрсө ал жумушу жоктугунун айынан, күйөөсү менен ажырашып кеткенден улам ушундай ишке барган экен.

Айрым маалыматтарга ылайык, Алтынайдын да ата-энеси ажырашып кеткен экен. Апасынын колунда жүрүп жаман иштерге аралашып калып, бир туугандары үйүнөн кууп салыптыр. Күйөөгө чыгып балалуу болгондон кийин, аны менен ажырашып кетет.

Балдар болсо 23-сентябрдан бери Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы атайын адистештирилген “Эне жана баланы реабилитациялоо үйүндө” тарбияланууда. Мекеменин тарбиячысы Букен Максутбаева буларга токтолду:

- Жумушсуздук, ажырашуу, туугандарынын карабай койгону аялдарга оорчулук алып келүүдө. Аялдардын баары эле күчтүү эмес да, айрымдары мына ушинтип тиричиликтин айынан жаман иштерге барууда. Балдарын кароо маселесинде эркектер жоопкерчиликсиз мамиле жасайт. Мен бул иште Каныкей менен Рамазандын апасын актаган жерим жок, бирок ал деле ушул ишке аргасыз барса керек. Ата-эне балдарын жакшылап караса, күйөөсү үй-бүлөсүн жакшылап бакса, мына ушундай нерселер болбойт эле.

Кантсе да учурда Каныкей менен Рамазандын энеси келер-келбеси белгисиз. Анткени ал WatsApp аркылуу чыкчу номерин кайрадан өчүрүп салды. Ошол себептүү адистер келиндин ата-энесин издөөгө аракет кылууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG