Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Кыргыз паспорту террорчулардын колунда


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-ноябрда жашыруун типографиянын ишине бөгөт койгонун маалымдады.

Террорчулукка каршы аракеттердин негизинде эл аралык экстремисттик-террорчул уюмдар менен кызматташкан Кыргызстандын жараны кармалды. Кыргызстанда буга чейин да ар кандай күмөндүү уюмдардан кыргызстандык паспорттор табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Нурлан Токталиев кармалган жаран Жалал-Абад облусунун жашоочусу жана буга чейин бир нече жол соттолгон адам экенин тактады:

- Кармалган адам эл аралык экстремисттик-террорчул уюмдардын мүчөлөрүнө жана оор кылмыш жасап, издөөдөгү кылмышкерлерге жасалма документтерди даярдап берип турган.

Жашыруун типографиянын ээсинен ар кандай жасалма 94 документ табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону кабарланууда.

Бирок азырынча кармалган адамдын кайсы террорчул уюмдар менен байланышы бар экени айтыла элек.

Дин социологиясынын доктору, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы Маметбек Мырзабаев бир эле адамдын кармалганына көңүл бурат:

- Эгерде чоң уюмдун кылмышын ачышса, бул тармак болмок. Бир эле адам чоң кылмыштын башында турбайт. Же бул катардагы эле алдамчы, же башкаларын кармаша элек.

Кыргызстанда буга чейин да ар кандай күмөндүү уюмдардан кыргызстандык паспорттор табылган. Жогорку Кеңештин депутаттары жыл башында жасалма паспорт маселесин көтөрүп чыгышкан.

Ички иштер министрлиги 2011-жылы 7-июлда Бишкекте жасалма паспортторду даярдаган көмүскө фирманын өкүлдөрү кармалгандыгын жарыялаган болчу. Анда жасалма паспорттор 1500 доллардан жогору баада сатылып тургандыгы айтылган. Бирок азыркыга чейин бул боюнча кармалгандардын тергөө иштеринен кабар жок.

2012-жылдын май айында УКМК Кыргызстанда 8 диний уюмду экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизген.

Эксперттер диний-экстремисттик уюмдарды ооздуктоодо мамлекеттин чабал экенин белгилеп келишет.

Дин социологиясынын доктору Маметбек Мырзабаев атайын кызматтардын адистерин күчтөндүрүү керектигин айтат.

- Көп жумуштарды милиция аткарып калган. Атайын кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү чектелген, кадрлар аз, жабдуу жагынан да тийиштүү камкордук жок.

Борбор Азиядагы экстремизм, терроризм суроолорун изилдеп жүргөн Аман Самаков бул суроолор боюнча Кыргызстандагы кырдаалга өлкөнүн экономикалык чабалдыгы түздөн-түз таасир эткенин белгилейт.

- Абдан оор экономикалык абалыбыз экстремисттик маанайдагы уюмдарга көмөк болуп жатат. Өзүбүздүн эле жарандар жихад деген ураан менен алардын катарына өтүп кетүүдө.

Эксперттер 2014-жылга өзгөчө көңүл буруп жатышат, анткени ушул жылы Ооганстандан АКШ жана башка өлкөлөрдүн аскерлери чыгып кетишсе, ал эми “Манас” аэропортундагы америкалык жүк ташуучу транзиттик борбор өз ишин токтотсо, Борбор Азиядагы өлкөлөр коопсуздук тууралуу стратегияларын азыртадан ойлоно башташы зарыл.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG