Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

ЖК артыкчылыктардан баш тарта алчудай эмес


Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл
Жогорку Кеңеш. 28-октябрь, 2015-жыл

Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ бир пикирге келе албай жатат. Алдын ала маалыматка караганда, парламенттин кызматкерлеринин курамында жана чыгымында батыл өзгөрүү жок.

Бул арада жарандык активисттер партиялар шайлоо алдында артыкчылыктар менен кол тийбестикти алуу боюнча убада берип, декларацияга кол коюшкандыгын эскертип чыгышты.

Депутаттардан, парламенттик аппараттан куралган комиссия буга чейин үч жолу отурум өткөрдү. 25-ноябрда алар өз сунушун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгыш керек. Бирок алар орток пикирге келе элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш артыкчылыктардан жүз пайыз баш тартчудай эмес.

“Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат, комиссия мүчөсү Кенжебек Бокоевдин айтымында, алар ушул маселе боюнча талашып-тартышууда:

- Коалициялык көпчүлүк биздин сунушту колдоого алган жок. Кызматтык турак жай, гаражды жоюу, айдоочуларды жана бир жардамчыны кыскартууну колдогон жок. Мисалы, ошол эле 60 машинени ар бир фракциянын катчылыгына пропорционалдуу бөлүп коёлу деп атышат. Биз буга каршыбыз.

Жумушчу топтун алдын ала сунушу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарынын жардамчылары, кеңешчилери толук сакталат, мындан тышкары парламенттин аппаратында деле олуттуу өзгөрүү жок. Жалпы парламенттеги кызматкерлердин саны мурда 557 болсо, азыр тескерисинче көбөйүп, 565ке өсүп кетти.

Муну жумушчу топтун төрагасы, вице-спикер Нурбек Алимбеков мындайча негиздеди:

- Мурда беш фракция бар болчу. Азыр алтоо. Ар бир фракциянын өзүнүн функционалдуу кызматы бар. Мурунку фракцияларда 25 киши бар болчу, азыр 30 киши иштеши керек. Жогорку Кеңештин чыгымы 3 жыл мурда 799 миллион сомго түшкөн. Ошондон көтөрүлгөн жок. Дагы кыскарбайт деп айта албайбыз. Талкуулай турчу бир-эки нюанстар бар.

Ал нюанстар деп Алимбеков парламенттин бала бакчасынан 10 миллион, пансионаттардан 7-8 миллион сом үнөмдөө болушу ыктымалдыгын айтууда. Толук чечим кабыл алынмайын өзгөрүүлөр тууралуу башка айтууну эп көргөн жок.

Парламенттик шайлоо алдында элге кол тийбестик менен артыкчылыктардан баш тартабыз деп көп партиялар убада беришкен. “Ата Мекен” менен КСДП алгачкы жыйында эле жогорудагы ойду бышыкташкан болчу.

Арийне, социал-демократтар өкүлү Төрөбай Зулпукаров айрым депутаттарга кээ бир артыкчылыктар керектигин айтууда:

- Бизде 38 депутат бар. Ошолордун 7-8и үйгө муктаж. Мисалы, азиз депутатыбыз Дастан Бекешов бар. Алар мүмкүнчүлүгү бар депутаттардын популисттик кадамдарынан жабыр тартып калбашы керек. Ал эми машинелерден көпчүлүк депутаттар баш тартып жатышат.

Парламенттик шайлоо алдында жарандык активисттер талапкер партияларга депутаттык кол тийбестик менен артыкчылыктан баш тартууну сунуштап, көбүнө декларацияга кол койдурушкан.

Алардын ичинен парламентке өткөндөрдөн КСДП оозеки колдоосун айткан, "Өнүгүү-Прогресс" кол койгон эмес. Башкалары түгөл кол коюп, эгер парламентке өтүп келишсе үч айдын ичинде убадасын аткарабыз деп сөз бекитишкен. Демилгечилердин бири Алмаз Бейшеев алар маселени унутуша электигин эскертти:

- Бизде ошол декларациялардын көчүрмөлөрү бар. Депутаттарга дагы эскерттик. "Силер шайлоонун алдында убаданы өкүртө бердиңер эле. Ошону ишке ашыргыла. Андай болбосо, декларациядагы колуңардан баш тартсаңар анда силер алдамчысыңар" деп эле айтабыз.

Жардамчы, аппарат чыгымы, автопарк ж.б. маселелер парламент токтому менен эле чечилчү маселе. Ал эми депутаттык кол тийбестик Конституцияда көрсөтүлгөн. Аны жоюу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, референдум өткөрүүгө туура келет.

XS
SM
MD
LG