Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бишкек-Минск: муз ордунан жылдыбы?


Кыргыз президенти Минскте КМШга мүчө мамлекет башчыларынын саммитине, Евразия экономика шериктештигинин жана Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат.
Кыргыз президенти Минскте КМШга мүчө мамлекет башчыларынын саммитине, Евразия экономика шериктештигинин жана Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат.

Бүгүн, 9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Беларуска иш-сапар менен жөнөп кетти.

Ал Минскиде КМШга мүчө мамлекет башчыларынын саммитине, Евразия экономика шериктештигинин жана Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышмакчы. Атамбаев расмий Минск мурунку президент Курманбек Бакиевге башпаанек бергенден бери Беларуска барбай жүргөн болчу.

Алмазбек Атамбаев Минскиде беларус президенти Александр Лукашенко менен көзмө-көз жолугаар-жолукпасы азырынча белгисиз. Эгер кездешсе, мурунку президент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо маселеси козголбу деген суроо да ачык турат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 8-октябрда Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлордун топтому талкууланып жатка чакта Атамбаев Минскиге эң ириде экономикалык кызыкчылыктардан улам бара жатканын белгиледи:

- Кечээ мен Алмазбек Атамбаев менен жолуктум. Ал “Өмүрбек, мен Лукашенкого Бакиевди бербей койгону үчүн таарынып, Минскиге барбай жүргөм. Эртең Беларуска кетип жатам. Анткени мен экономикалык биримдикке кирүүнү тездетишим керек. Артта калбай, Армения менен кошо кирели. Ал жерде комиссия болот. Комиссарлар, министрлер бөлүштүрүлөт. Ошондо Кыргызстан эки-үч министрликти алып калалы. Алар менен чогуу кирип, артта калбай теңата болуп, жеңилдиктерди алалы, - деп айтты.

Атамбаев Минскиге буга чейин Курманбек Бакиевге байланыштуу барбай жүргөн. Кыргыз бийликтери Беларустан түнөк тапкан мурунку президентти алып келе албай жатат.

Талдоочу Марат Казакпаев эки өлкөнүн ортосунда саясий өңүтү бар түйүндүү маселелер турганда экономикалык кызыкчылыкты жогору койгон орунсуз деп атады. Расмий Минск Бакиевди кайтаруу тууралуу Бишкектин өтүнүчүн канааттандырбай келгенин белгиледи:

- Бакиев – саясий кылмышкер. Аны экстрадициялоо маселеси чечилиши керек болчу. Ошол маселе чечилгенде гана башкаларга өтсө болмок. Кыргызстан эгемен болгондон бери тышкы саясатын жөнгө сала албай келет. Орусия, Түркия же Кытайбы, баарынын эле көзүн карап, жалтак болуп калды.

Минскиде өтүп жаткан саммит

Ал эми саясат талдоочу Эмил Жураевдин баамында, Курманбек Бакиевдин айынан Беларус менен алака-катышты үзүү эң ириде Бишкек үчүн пайдасыз болот:

- Үч эл аралык, регионалдык уюмдун жогорку деңгээлдеги жыйынына Кыргызстан катышпай койсо көп нерседен кур калат. Кыргызстан Бажы биримдигине, андан соң Евразия экономикалык союзуна кошулам деп турганда бул жыйындар өлкө башчылары үчүн өтө маанилүү.

Мындай пикирге беларус журналисти, “Наша Нива” гезитинин баш редактору Андрей Дынько да кошулат:

- Бакиев эми өткөндүн маселеси болуп калды да. Ал бул жерде тынч отурат, ал жөнүндө эч нерсе деле угулбайт. Бир жолу гана Александр Лукашенко Бакиевдин кызы мектепке барып жатканын, беларус тилин жакшы үйрөнүп алганын айткан. Балким Кыргызстандын азыркы бийликтерине Бакиевдин бул жакта турушуна карата нааразылык билдирүүнүн мааниси кетип калды. Турмуш өтүп жатат, мамиле кармоо керек да. Анын үстүнө биздин түшүнүгүбүздө Кыргызстан да азыр Орусиядан кыйла эле көз каранды болуп калды. Москва интеграциялык структураларды өнүктүрүүнү өтө маанилүү деп эсептегендиктен, Орусия да кыргыз президенти келип катышуусун, жалпы катардан чыгып калбоосун талап кылып жаткандыр.

Беларуcтун дагы бир саясий талдоочусу Александр Класковски болсо “Азаттык” менен маегинде Бакиев маселесине эми тарых баа берерин белгилөө менен ал бара-бара унутулуп, эки тараптуу алака-катыш жолго коюларын да болжоду:

- Беларус жетекчилиги Бишкектен келген өтүнчтөрдү ары-бери түрткүлөгөндө - силер бизди эмне кылып алмак элеңер деген турумду карманган да. Интеграция үчүн кызыкчылык болуп, ал акыр-аягында өйдөгө чыгарын билген.

Беларус менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтыкка да кызыкчылык бар. Ушул факторлор биригип келип, тараза ташын Бишкек менен Минск ортосундагы байланыштардын пайдасы үчүн бурууда.

Минскиде үч чоң жыйын болот. Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкө башчылары саммитке чогулат. Евразия экономика шериктештигинин жана Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт. Негизги иш-чаралар 10-октябрга белгиленген. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар болмокчу.

XS
SM
MD
LG