Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Олчойгон айлык, орду жок орган


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, директорлор кеңештеринин мүчөлөрү 20 миңден 35 миң сомго чейин маяна алат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, директорлор кеңештеринин мүчөлөрү 20 миңден 35 миң сомго чейин маяна алат.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңешинин ишин сынга алды.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңеши өзүнүн милдетин так аткара албайт деп сынга алды. Анын айтымында, “Кыргыз алтын”, “Электр станциялары”, “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком”, “Манас аба майданы” сыяктуу ири компаниялардын директорлор кеңешинин иши талапка жооп бербейт. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев директорлор кеңешинин мүчөлөрү жумушка маяна алганы гана келет деп сынга алды:

- Мамлекеттик акционердик коомдордогу директорлор кеңешинин мүчөлөрү эмне менен алектенет? Алардын ай сайын айлык алганы келгенден башка түшүнүгү барбы? Андай түшүнүк жок, саясат жок, анализ жок, байкоо жок, аткаруучу органдын ишин көзөмөлдөй турган комитеттер жок. Алар жең ичинен сынаксыз кадр маселесин чечүү менен гана жүрөт. Буга биз терең карашыбыз керек.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү компаниянын башка кызматчыларына караганда бир топ жогору маяна ала турганы белгилүү болду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, директорлор кеңештеринин мүчөлөрү 20 миңден 35 миң сомго чейин маяна алат. “Түндүк электр” жана “Кыргыз алтын” сыяктуу компанияларда анын өлчөмү элүү миң сомго чейин жетет. Буга кошумча жылына жүз сексен миң сомго чукул сыйлык акы чегерип алуу өнөкөтү катталган. Өкмөт башчысы алынган акыга жараша жыйынтык жок экенин сынга алууда.

“Кыргыз телеком” ишканасынын директорлор кеңешинин төрага орун басары Мирбек Мурзабеков өкмөт башчысынын дооматын мындайча четке какты:

- Айлык алгандан башканы билбейт деп айтылган сөз бул өтө эле катуу. Бизде андай эмес. Бир айда беш-алты жолу жолугушабыз. Директорлор кеңешинин өзүнүн иш мерчеми бар. Биз ошого карата иштейбиз. Башкалар кандай иш алып барат, аны айта албайм, бирок биздики ошондой. Негизи, директорлор кеңеши жакшы иштесин десе, анын ыйгарым укугун күчөтүү керек.

Мыйзам боюнча директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкерлер кадрдык резервден көрсөтүлүүгө тийиш. Бирок иш жүзүндө ал жакка өң- тааныштар жана бийликтеги саясатчыларга жакындардын баруусу өнөкөткө айланган. Мирбек Мурзабеков “Кыргыз телекомдун” ичиндеги РПО РМТР ишканасында иштейт. Ошол эле кезде директорлор кеңешинин төрага орун басары болууну Мурзабеков мыйзам бузуу катары эсептебейт:

- Эгерде директорлор кеңешинде отуруп, менин кабыл алган чечимдерим негизги иштеп жаткан кызматым менен түздөн-түз байланыштуу болсо, анда бир жөн. Анда ал жерде кызыкчылыктардын кагылышы бар десе туура болот. Бирок мен бул ишканада жетекчи эмесмин. Болгону жөн эле катардагы инженермин да. Ошондуктан мында мыйзам бузуу болду дегенге кошулбайм. Мыйзам боюнча каалаган адам директорлор кеңешине кире алат.

Бийлик “чалган чалма”

Ошол эле кезде директорлор кеңешин артыкбаш орган катары карагандар да арбын. Бирок анын ишинин натыйжалуу болбой жатканын ачык-айкындыктын жетишпестиги менен байланыштыргандар да бар. Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев директорлор кеңешине мүчөлөр “дайындоо” аркылуу өткөндө мына ушундай жагдай пайда болот деп эсептейт:

- Мамлекеттик компанияларды корпоративдик башкаруу эң эле керектүү нерсе. Бирок ал кандайча ишке ашат, ал башка маселе. Эгерде бийлик тарабынан тоскоолдуктар болбосо, анда идеялардын жана демилгелердин атаандаштыгы болууга тийиш. Бул эми ошол жакка атаандаштыктын негизинде күчтүү адамдардын жана мыкты менеджерлердин баруусуна байланыштуу. Бирок бийлик бардыгын бурмалап туруп, өзүнө караштуу адамдарды алып барып койсо дал азыркыдай жагдай болот. Анткени ал жерде бардыгы жогору жакты гана карап, андан башка иш алып бара албай калат.

Мамлекеттик ишканалардагы директорлор кеңешинин ишинин натыйжалуулугу жакында парламентте да талкууга алынган болчу. Анда негизинен мамлекеттик компаниялардын кирешелеринин ачык эместиги жана директорлор кеңешинин башкармалык менен келишип алып иш алып баруусу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG