Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Мамдирекциянын ишин эми Жолдубаева иликтейт


Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөрдүн бири, 28-июль, 2012.
Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөрдүн бири, 28-июль, 2012.

Башкы прокуратура жоюлуп кеткен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди кайра жандантканы жатат.

Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде баш прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште билдирди. Буга чейин депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин иликтеп чыгып, ири каржылык мыйзам бузууларды аныктап чыккан болчу.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча төрт кылмыш иш козголгон. Ушул тушта анын үчөө убактылуу токтоп турат, ал эми бирөө кылмыштын белгилери аныкталган жок деген жүйө менен тергөөдө эле кыскарып кеткен.

Карааны бар, бирок

Баш прокурор Индира Жолдубаева 16-апрелде Жогорку Кеңеште убактылуу токтотулган иштер кайра жанданат, Ошко Бишкектен тергөө тобу барат деп маалымдады:

Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

- Эки кылмыш иш Мамлекеттик дирекциянын жооптуу кызматкерлерине "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, курулуштун баасы негизсиз көбөйтүлгөн, үйлөр сапатсыз курулган, тендер өткөрүүдө мыйзам бузууга жол берилген" деген айып менен козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө 100 миллион сомдон ашык чыгым келгени аныкталган. Бирок айыпталуучулар аныкталбаганына байланыштуу бул кылмыш иштер убактылуу токтотулган. Биз бул эки кылмыш иш боюнча тергөөнү жанданталы деп жатабыз. Ал эми үчүнчү иш боюнча айыпталуучунун кайда экени аныкталбай жатканына байланыштуу жана курулуш экспертизасы бүтө электигинен улам токтоп турат.

Индира Жолдубаева өткөн айда дирекциянын иши тууралуу Эсеп палатасынан документтер келгенин, анын негизинде июнь айына чейин укуктук баа берилерин кошумчалады.

Сатыбалдиевге багытталган дооматтар

Былтыр жыл башында Жогорку Кеңеш аталган дирекциянын ишин эки айдын ичинде кайра текшерип чыгууну Эсеп палатасына тапшырган эле. Башкы прокуратура дирекциянын жетекчилеринин ишине укуктук баа берүүгө милдеттендирилген болчу. Анын алдында депутаттык комиссия дирекциянын биринчи төрагасы, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди “ири каржылык мыйзам бузуу орун алган, үйлөр сапатсыз курулган, миллиондогон каражаттын эсеби жок, акчага көзөмөл болгон эмес, коррупцияга атайылап жол ачылган” деп айыптаган.

Кезегинде дирекцияны башкарып турган Жантөрө Сатыбалдиевге дооматтар айтылып келет.
Кезегинде дирекцияны башкарып турган Жантөрө Сатыбалдиевге дооматтар айтылып келет.

Мындан көп өтпөй парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы ушул эле жүйө менен коалициялык көпчүлүктөн чыгып, өкмөт ыдыраган жана анын негизинде Сатыбалдиев премьерликтен кеткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов баш проркурорго Жантөрө Сатыбалдиевдин жоопкерчилигин тыкыр кароону тапшырды:

- Эгемен Кыргызстандын тарыхында үч жолу Мамлекеттик дирекция түзүлүптүр. Биринчиси - 1997-1998-жылдары Транспорт министрлигинин алдындагы Бишкек-Ош жолун куруу боюнча дирекция. Аны дагы Жантөрө Сатыбалдиев башкарган. Экинчиси - 2003-2004-жылы Энергетика министрлигинин алдында түзүлгөн. Азыркы “Ширшовдун схемалары” деген дал ошол учурда пайда болгон. Ошол дирекцияны да Жантөрө Сатыбалдиев башкарган. Үчүнчүсү - 2010 -жылдагы дирекциянын да жобосун Сатыбалдиев өзү түзгөн, өзү жетектеген, өзү жапкан. Бул жерде чоң нерселер, мамлекеттен уурдалган чоң акчалар жатат.

Дирекциянын иши саясаттатпы?

Жоюлуп кеткен дирекциянын аппарат башчысы Турат Исмаилов Башкы прокуратуранын кылмыш иштерди кайра жандантып жатышын негизсиз деп атады жана аны саясий жагдай менен байланыштырды:

- Былтыр бир депутаттык комиссия текшерген. Эсеп палатасы 8 ай текшерген. Башкы прокуратурадан расмий топ келип, алар иликтеп чыккан. Азыр эми Сатыбалдиевге байланыштуу саясатка аралаштырып жатышса керек. Эми Сатыбалдиев ал жерде бир жыл эле иштеп кеткен да. Азыр дирекция курган үйлөрдө элдер жакшынакай эл жашап жатышат, үйлөр турат. Албетте кемчилик болбой койбойт. Кемчилик болгон. Бирок анын баары убагында жоюлган. Эсеп палатасына барганда да мыйзамга туура келбеген өкмөт токтомдору болгон, мисалы тендерлер белгиленген мөөнөттөн эрте өткөрүлгөн, бирок ошол кезде кырдаал-жагдай ошондой болчу деп айтпадык беле. Эми ошол убакыт өтүп кеткенден кийин мындай жагдайлар унутулуп эске алынбай калат экен да.

Мамлекеттик дирекция 2010-жылы 19-июнда түзүлгөн. Июнь коогасында жабыркаган Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү озуйпасын толук аткарган деген жүйө менен 2013-жылдан тарта ишин токтоткон.

Дирекция жалпысынан 173 объект курган. Азыр кээ бир үйлөрдүн кум-шыбагы куюлуп, эшик-каалгасы жакшы жабылбаганы, начар, сапатсыз курулганы тууралуу даттануу көп.

XS
SM
MD
LG