Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ташиевге байланыштуу иш “ташыркады”


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абаддагы кеңсесине бастырып барып, Абдыманап Абдувахаповду сабады деген саясатчы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши арабөк абалда турат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиев январдын этегинде Камчыбек Ташиев сабады деген Абдыманап Абдувахаповдун соттук-медициналык экспертизасынын корутундусун жарыялаган. Анда “оор жаракат алдым” деп арызданган Абдувахаповдун маалыматы тастыкталбаганы айтылган. Ошондой эле тергөө анын жанынан арызда жазылган 20 миң доллар акчанын жоголбогонун аныктаган.

Тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиев тергөөнүн жыйынтыгы боюнча буларга токтолгон болчу:

- Жабырлануучу эмгекке жарамдуулугун жоготпогон жеңил жараат алган. Ошол экспертизанын жыйынтыгын Оштун комиссиондук экспертизасы тастыктап берген. Андан кийин Бишкекте комплексивдүү комиссиялык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы дагы ошондой чыккан. Анан чатакташуу учурунда жоголду деген 20 миң доллардын бар экенин тергөө учрунда эч ким далилдеп берген жок.

Андан көп өтпөй тергөөчү Мирбек Исагалиев шашылыш түрдө мурда айтканынан кайтып, Ташиевге байланыштуу кылмыш иши аяктай электигин айрым маалымат агенттиктерине айтып чыккан. Бирок иш кыскарабы же сотко өтөбү, бул боюнча Камчыбек Ташиевге айып тагылдыбы деген суроолор жоопсуз калган эле.

Тергөө бөлүмүнүн башчысы Исагалиев бул боюнча акыркы чечим 5-февралда чыгарын убада кылган. Бирок андан бери бир жума убакыт өткөнүнө карабастан Мирбек Исагалиев эми бул кылмыш иши туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Тергөөчүнүн кетенчиктегенине эмне түрткү болду?

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин коомдук жактоочусу Нурлан Шакиев тергөөчүгө жогортон басым болду деп шекшийт:

- Тергөө кандай болуп, кантип бүткөнүн коомчулукка ачык айтып чыккандын өзү чоң эрдик. Кандайдыр бир деңгээлде тергөөнүн өз алдынчалуулугуна ишеним арттырып, үмүт жараткан болчу. Бирок көп өтпөй анын жалтайлап, маалыматты ачык айта албай жатканы ага саясий басым болуп, саясат аралашканын туюнтат. Анткени негизи бул иш башында эле саясат болгон. Эми бул ишти зордоп сотко ашырышса деле таң калбай калдым.

Ошол эле кезде Камчыбек Ташиев сабады деп милицияга даттанган “Өнүгүү” партиясынын өкүлү Абдыманап Абдувахапов тергөө менен экспертизага нааразы. Былтыр 25-сентябрь күнү “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абаддагы кеңсесине Камчыбек Ташиев келип уруп кетти деп милицияга арызданган Абдыманап Абдувахапов тергөө бир жактуу жүрдү деп даттанды. Ошондуктан ал тергөөчүнүн үстүнөн жакында прокуратурага арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, тергөө ишти атайын терең иликтеген эмес:

- Тергөөчү да, эксперттер да коррупцияга малынды. 20 миң долларды менин жаныман көргөнбүз деп эки киши тастыктап берип жатат. Алар Ильяз Чолпонов жана Чыңгыз Ажыкулов дегендер. Тергөөчү алардын көрсөтмөлөрүн эске алган жок. Анан да менин жараат алганым ошондо эле көрүнүп турган. Мен жөн эле барып жатып алгыдай жинди эмесмин да... Башында сынганын билген жокмун. Дарыгерлер денеңиз жөн эле көк-ала болуптур десе, ошого ишенип жүрө берипмин. Бишкекке барып, атайын ооруканага жатып, ЮРФАга барып, текшерүүдөн өткөнүмдө, ошол жактан кабыргаңыз сыныптыр деп келди. Ага Ташиевдин адвокаты ишенбей Оштон дагы бир жолу экспертизадан өттүм. Оштон аны эски сынык деп чыгарышты. Албетте бир айдан кийинки текшерүүдөн кийин эски сынык болуп чыгат да.

Шайлоонун алдында болгон бул чатактан улам “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди БШК тизмеден чыгарып салган болчу. Ошондой эле Ташиевдин жактоочулары жана айрым талдоочулар бул чатак Ташиевди шайлоого катыштырбоо үчүн чагым катары атайын уюштурулганын айтып чыгышкан болчу.

XS
SM
MD
LG