Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Малеванаянын майлуу кызматтардагы кадрлары


Сүрөт интернеттен алынды
Сүрөт интернеттен алынды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын башчысы Оксана Малеванаяга “алдамчылык”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча козголгон кылмыш иш сотко өттү.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, ал “Учкун” басмаканасынын имаратынын 15-16-кабаттарын мыйзамсыз ажыратып алган деп айыпталып жатат.

Малеванаянын өзү тууралуу коомчулукта түрдүү пикир айтылып жүрөт. Кыйын журналист, күчтүү команда түзө алган мыкты менеджер жана Бакиевдин тушунда көмүскөдө жүргөн, бирок таасирлүү саясий фигура болгон деп сыпатташат. Ушул тушта Малеванаянын кадрлары деген айрым адамдар мамлекеттик жогорку кызматтарда отурат.

Курманбек Бакиев өзүнүн катчылыгын түзүү тууралуу жардыкка 2008-жылдын 31-декабрында кол койгон. Жетекчиси кылып дароо эле Оксана Малеванаяны дайындаган.

Зайнидин Курманов
Зайнидин Курманов

Президенттин катчылыгы жана анын жетекчиси тууралуу Бакиевдин “Ак-жол” партиясынан депутат, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Зайнидин Курманов ой бөлүштү. Курманов катчылык Президенттик администрацияны реформалоо, ишин жакшыртуу максатында түзүлгөнүн айтты:

- Кыргызстанда азыркы кезге чейин Оксанадай журналист жок. Анын атасы да мыкты журналист болчу. “Пирамида” телеканалын, андан кийин 5-каналды көтөргөн. Саясатка кошулуп кеткенден кийин баарын эле өзү ойлоп чыгарган жок. Президенттин администрациясында реформа жүргүзүлүп, кеңешчилер менен жардамчылардын функциялары бөлүштүрүлгөн. Катчылык – бул кеңешчилердин башын бириктирип башкара турган идеологиялык орган болчу. Ал эми ал берген идеяларды ишке ашыра турган орган Президенттик аппарат болгон. Оксана өз кызматын аткарган. Идеология, жаңы ой, эксперттик коомчулуктун башын кошуу, реформа жасоого мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо сыяктуу ойдо болчу.

Малеваная жетектеген Президенттин катчылыгында иштеген адамдар ушул тушта бакыйган мамлекеттик кызматтарда отурат. Мисалы, Илим Карыпбеков Коомдук телерадио корпорацияны жетектеп жатат. Сапар Исаков болсо Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турат. Коопсуздук кеңештин катчысы болуп иштеп жаткан Темир Жумакадыров жакында эле Президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды.

Илим Карыпбеков, Сапар Исаков менен байланышып, Малеваная тууралуу пикирин билүү мүмкүн болгон жок. Ал эми Темир Жумакадыров Малеванаянын атын уккандан кийин убактысы жоктугуна шылтап, комментарий берүүдөн баш тартты.

"Баары көзүн карап калышкан"

Курманбек Бакиевдин тушунда Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңештин катчысы өңдүү жогорку кызматтарда иштеген Адахан Мадумаров Оксана Малеваная тууралуу терс пикирин билдирди:

- Ошол кезде Кыргызстандын ошондой абалына түздөн түз себепкер, ошол абалга жеткирген кишилердин бири. Курманбек Бакиев жана анын уулуна абдан катуу таасири бар болчу. Баары тең ошонун көзүн карап калышкан.

Апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев сотто. Бишкек, 2010-жыл.
Апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев сотто. Бишкек, 2010-жыл.

Нурлан Шакиев 2006-2009-жылдары Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Ал Оксана Малеванаянын саясатын колдобой, баш бербей койгонун кеп салды:

- Ал катчылыкка келгенде мен ЭлТРге башкы директор болуп кеткем. Мен анын бир дагы жыйынына барчу эмесмин. "Мен ага баш ийбейм, аны менен иштебейм, саясатын колдобойм" деп чыккам. Оксана Малеваная баштаган топтун саясаты менин принциптериме таптакыр туура келчү эмес. Атүгүл Курманбек Салиевич да баш ийбей жатыпсың деп эскертүү берген. Мен ал кишинин өзүнө деле "аны менен иштешпейм, кааласаңыз иштен алып салыңыз" деп ачык эле айткам.

Оксана Малеваная 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин 6-майда камакка алынган болчу. Кийин үй камагына чыккандан кийин изин жашырып, башка өлкөгө качып кеткен.

Кыргызстанда азыркы кезге чейин Оксанадай журналист жок. Анын атасы да мыкты журналист болчу.
Зайнидин Курманов

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатканда 14-майда жергиликтүү укук коргоочулар анын абалы менен таанышып чыккан. Алардын арасында “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова да болгон. Ал ошол жолугушуудагы айрым бир учурларды эстеп айтып берди. Ага ылайык, Малеваная жетектеген катчылык улут аралык араздашууну алдын алуу боюнча пландары болгон жана ок атууга буйрук берүүгө тиешеси жоктугун айткан:

- Анда Ош окуясы боло элек болчу. Катчылыкта турганда улут аралык ынтымакты бекемдөө, бир улут басымдуу кылып жашаган көчөлөрдү аралаштыруу өңдүү пландары болгонун айтып берген. Ак үйдөн элге октун атылышы боюнча көзү жашылданып сүйлөп отурду. “Мен кантип эле элге ок аткыла деп буйрук бермек белем? Буйрук берген күндө деле аны ким укмак эле? Азыр эми балдардын өлүмүн менден көрүп жатышат, мен элди аткыла деп эч убакта айтмак эмесмин”, деп айткандарын эстеп кеттим. Биз ага Төлөйкан Исмаилова, Турсунбек Акун болуп киргенбиз.

Оксана Малеваная Президенттик администрациянын башчысы болуп иштеген маркум Медет Садыркулов менен жакшы мамиледе болгону, Бакиевдер менен Садыркулов аркылуу жакындашканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG