Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Кумтөр: депутаттар өкмөт менен келише албай жатат


"Кумтөр" ишканасы
"Кумтөр" ишканасы

Өкмөт менен депутаттар “Кумтөр” меморандуму боюнча бир пикирге келчүдөй эмес.

27-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңештеги коомдук угууда талкууланып, депутаттар өкмөт жетишкен “Кумтөр” меморандумун колдобоого чакырышты. Ал эми өкмөт болсо, келишимден чыгуу Кыргызстанга тескери натыйжаларды алып келет деп эсептейт.

“Кумтөр” маселесин коомдук угууга парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети алып чыккан.

Өкмөттүн Кумтөр кени боюнча канадалык “Центерра голд” ишканасы менен жетишкен келишиминин долбоору көпчүлүк депутаттарды ынандыра албай турат. Бул 27-сентябрда Жогорку Кеңеште болгон коомдук угууда да айгине болду.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков “Центерра голд” менен теңата сүйлөшүү жүргүзө алган жок деп, өкмөттү сынга алды:

- 2009-жылы “Кумтөр” боюнча “Центерра” менен түзүлгөн келишим ратификация болуп иштеп жатат. Ошол мыйзамды бузуп, денонсация кылмайынча канадалыктар силерди тоготуп да, сүйлөшүп да койбойт. “Центеррадагылардын” “кыргыздар Конституцияны окуп алсын” дегени да ушуну билдирет. Силер болсо, “мыйзам иштей берсин, биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө беребиз” деп жатасыңар. Жантөрө Жолдошевич, биз сизге жардам берели деп жатабыз. Денонсация деген бул улутташтыруу эмес, улутташтыруунун кереги жок.

9-сентябрда өкмөт канадалык инвестор "Центерра Голд" менен меморандум кабыл алып, алтын казып алуучу 50/50 үлүштөгү жаңы ишкана түзүү сунушун иштеп чыккан болчу. Жаңы ишкана Кыргызстанга катталмак. Депутаттар болсо, Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн 2003-жылга чейинки 67 пайыздык чекке жеткирүү талабын коюуда. Алардын айтымында, 2003-2009-жылдардагы келишимдер коррупциялык жол менен түзүлгөнү үчүн жокко чыгарылууга тийиш.

“Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Кыргызстан эл аралык сотто уттурат дегендер жаңылышат.

- Эч ким келип иштеп жаткан ишкананы беш жылга токтотуп коё албайт. Кээ бирөөлөр сот беш жылга созулат, ишкана токтоп калат деп айтып жатат. Бул туура эмес. Мен азыркы сүйлөшүү жүргүзүп жаткан кээ бир өкмөт мүчөлөрүнүн да жоопкерчилигин караш керек деп эсептейм. “Кыргызалтындын” өкүлдөрү Шакиров менен Жапаров “Центеррага” адвокат болуп, Кыргызстанды коркутуп жатат. Мисалы, үлүшүбүздү 51 эле пайыз көтөрө турган болсок, "булар бизди соттойт, ит болобуз, куш болобуз” деп жатышат. Алар “Центерранын” кызыкчылыгын коргоп отурат.

“Кумтөр” ишканасы боюнча жетишилген меморандумду буга чейин “Ата Мекен” жана “Республика” фракциядагы жыйындарында талкуулап, ага каршы экендиктерин билдиришкен.

Анткен менен өкмөт сүйлөшүүлөр жана анын жыйынтыгы Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөйт деп ишендирүүдө. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүү жүргүзгөндөргө ишенич жок болуп жатса, анда ага фракция башчылары да кирсин деген сунушун айтты.

- Комиссияга силер да кошулгула деп сунуш кылат элем. Ар бир фракциядан лидерлериңер кирсин, ошолорго ишенет болушуңар керек. Биз, өкмөт бул боюнча дагы иштегенге даярбыз. Сүйлөшүүлөрдү токтотуп салуу Кыргызстандын пайдасына чечилбейт. Ар бир күн Кыргызстанга пайдалуу болбойт. Ошон үчүн мен ар бир фракциянын лидери сүйлөшүү жүргүзгөн курамга кирсин деп сунуш кылат элем. Ошого макул болуп, эгер парламент бизге мүмкүнчүлүк берсе, биз дагы иштеп көрөлү.

Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети уюштурган парламенттеги коомдук талкуунун жыйынтыгында “Кумтөр” маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйында каралмай болду. Маселе парламентте талкууланганда ага өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары, сүйлөшүүлөргө катышкан эл аралык кеңеш берүүчү компаниялардын да өкүлдөрү катышат.

Учурдагы иштеп жаткан “Кумтөр” келишими боюнча “Центерра голд” ишканасында Кыргызстандын 33 пайызга жакын үлүшү бар.

XS
SM
MD
LG