Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Жаанбаев: Оппозиция чоң күчкө биригиши кыйын


Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр жана саясатчылар биригүү боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул быйыл өтүүчү парламенттик шайлоо алдындагы камылга экендиги айтылууда. Саясий жараяндар жана оппозициянын биригүүсү боюнча серепчи Марат Жаанбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Марат мырза, өткөн жуманын соңунда оппозициялык саясатчылар жыйынга чогулуп, биригүү жөнүндө сөз кылганы, негизги ураан катары "Атамбаев кетсин" деген чакырыкты тандап алганы айтылууда. Ушундай ураан менен чыгуу азыр канчалык жүйөлүү, дегеле азыркы жагдайга канчалык туура келет, сиздин оюңузча?

Жаанбаев: 2005 же, 2010-жылдарга салыштырмалуу азыр абал бир кыйла башкача. "Президент кетсин" дегенге учурда фундеманталдуу себеп деле жок деп ойлойм. Мурдагы президенттердей үй-бүлөлүк башкаруу жок. Маселен, 2010-жылды алсак, үй-бүлөлүк башкаруу чокусуна чыгып, Бакиевдер жада калса уюлдук байланыштын ар бир мүнөтүнө чейин алтымыш тыйындан отуруп албады беле. Чындап эле элдин турмушуна оорчулук алып келген кадамдар болуп, элдин массалык нааразылыгына алып келген жагдайлар орун алган. Оппозиция ошого негизделген аракеттерди жасаган. Азыр болсо жалпысынан алганда экономикалык маселеде дүйнөлүк тенденция болуп атат, Орусияга каршы санкциялар да кесепетин тийгизүүдө. Эми муну жалпы объективдүү терс тенденция десек болот. Бирок бул Атамбаевдин же Оторбаевдин күнөөсү дегенден алысмын.

"Азаттык": Демек "Атамбаев кетсин" дегенге эч кандай себеп жок деп ойлойсузбу?

Жаанбаев: Бул эми субъективдүү себептер. Бизде жазында, же күзүндө саясий активдүүлүк күчөйт эмеспи. Эми президент Атамбаев бийликке үй-бүлөсүн аралаштырып, мурдагы президенттерге салыштырмалуу одоно ката кетирген жок. Албетте саясий күн тартибинде турган орчундуу маселер бар, бирок бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин, фракциялар аны ачык-айкын чечкенге аракет кылып жатканы көрүнүп эле турат.

"Азаттык": Оппозициялык саясатчылар алдыдагы шайлоого кайсы бир партиянын туусу астында барууну да караштырып жатыптыр. Сиздин оюңузча, ал кайсы партия болушу мүмкүн?

Жаанбаев: Менин оюмча, жаңы түзүлгөн партия болушу мүмкүн, же ошол эле “Өнүгүү” партиясы да болушу мүмкүн. Бул жерде геофактор да роль ойнойт. Экинчиси, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кайра оппозициялык маанайда чыгышы мүмкүн. “Улуттар биримдиги” тууралуу айтсак, анын лидери Мелис Мырзакматов өлкөдөн чыгып кетип, ага издөө жарыяланган. Шайлоого, же чоң саясий акцияга аттаныш үчүн партия лидери Кыргызстанда болуш керек. Менимче, ага азырынча андай саясий ресурс, карт-бланш бериле элек.

"Азаттык": Буга чейин Кыргызстанда оппозиция чачкын болуп, бириге албай жатканы, чоң бир күчкө айлана албай жатканы тууралуу көп сөз болуп келди. Мындан ары эми оппозиция бирдиктүү бир саясий күчкө айлана алабы?

Жаанбаев: Бул абдан чоң маселе. Эгерде оппозиция бир ураан, бир туунун астына биригем десе платформалык негизде бириксе болмок. Азыр ар кайсы лагерден чогулган күчтөрдөн биригүү бар, бирок алардын идеологиялык, платформалык биригүүсү көрүнбөйт. Программасын карасак, сөзсүз президент кетсин, же азыркы бийликти кетириш керек деген эле маанай. Муну эми перспективалуу эмес, жөн гана бийликке келүү максаты деп эсептесек болот.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG