Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:41

Эл үнү / Көкөй кести

“Апрелчилерди” араздаштырган эмне?

7-апрелдеги козголоңдо жакындарынан ажырагандардын айрымдары “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчилигин эки жылдан бери которулган акчалай жана материалдык жардамдар боюнча отчет бербей жатат деп айыптап чыкты.

7-апрелдеги кандуу булоон, Бишкек, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Коомдук бирикменин төрагасы Осунбек Жамансариев муну четке кагып, уюмдун эсебине түшкөн каражат боюнча кызыкдар тараптарга маалымат берүүгө даяр экендигин жарыялады.

Жардам дайынын издеген жабырлануучулар

7-апрелде жакындарын жоготкон жарандардын башын бириктирген “Мекен шейиттери” уюмунан бөлүнгөн жабырлануучулар “Апрель баатырлары” деген өзүнчө коомдук бирикме түзүп алышкан. Ага уюмдун ишиндеги каржылык тазалыктын жана айкындуулуктун жоктугу себеп болду дейт бул жаңы уюмдун төрагасы Турусбек Сагынаев:

- Биз жабырлануучу катары “Мекен шейиттеринде” мүчө болуп жүрүп, анын банктагы эсебине канча акча түшкөнүн, анын канчасы каякка жумшалганын билбейбиз. Мына ошонун эсебинен акчадан кыйналган жабырлануучуларга жардам берилсе болмок. Биз ошол учурда “Алканов” “Дордой” сыяктуу ири базарлардан эле канчалаган акча которулгандыгын уккан элек. Биз билбегени канча? Бирок ушуга чейин Жамансариев бизге кайтыш болгон балдардын ата-энелерине отчет берген эмес.

“Апрелчилер” “Мекен шейиттери” уюмунун эсебине 2010-жылдын 10-апрелинен баштап ар кандай коомдук бирикмелерден, мекеме-уюмдардан, жеке ишкерлерден жана саясий партиялардан акча каражаттары которулганын айтышат. Ошондой эле алардын айтымында, чет жердеги кыргыз диаспораларынан, эл аралык уюмдардан жана кайрымдуулук фонддорунан келген акчалай жардамдын кайда жумшалгандыгы дайынсыз.

“Мекен шейиттери” уюмун түптөөчүлөрдүн бири Марат Мамбетов бул туурасында сурай башташканда аларды Убактылуу өкмөт түзгөн мамлекеттик комиссиянын курамынан чыгарып салышкандыгын айтты:

- Аянтта боз үй тигилгенден баштап банкта эсеп ачылган болчу. Анан ал учурда каяктан кандай жардам түштү деп такып сураш ыңгайсыз болчу. Кийин биз “мына ошол жардамдардын эсебин бергиле, кана кимге кантип көмөк көрсөттүңөр?” - дегенде жаңжал чыгып, мушташканга чейин барышып, андан кийин биз ал уюмдан кетип калган элек. 7-апрелден кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын курамында жабырлануучуларга жардам көрсөтүп иштеп келе жатканбыз. Мына ошондой тирешүүлөрдөн кийин бизди оппозиция катары карап, комиссиянын курамынан негизсиз эле чыгарып салышкан.

Жалаага жамынган жаатташуубу?

Ошол учурда жабырлануучуларга келген жардамды бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө боюнча комиссиянын төрайымы Элмира Ибраимова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин аталган комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарып, коомчулукка маалымат берген учурлары да катталбаптыр. Туруктуу комиссия катары жобосу бекитилгенине карабастан анын азыркы күнгө чейин иштеп жатканы, же жоюлуп кеткени да белгисиз.

Ошол эле кезде “Мекен шейиттери” коомдук уюму анын  жардамдарга байланышкан каржылык отчету кызыкдар адамдарга көрсөтүлгөндүгүн эскертти. Уюмдун төрагасы Осунбек Жамансариев бул боюнча айрым жабырлануучулардын айткандарын жалаа жабуу катары баалады: 

- Башында мени 200 миң АКШ долларына бааланган өзгөчө үй салыптыр деп ушак таратышты. Анан ал үйдү дареги боюнча иликтей келгенде мурдагы адилет министри Марат Кайыповго таандык экендиги аныкталгандан кийин башка бир имиштерди чыгара башташты. Анын бири мына ошол миллиондор боюнча отчет бербей жаткан имишпиз. Биздин отчетко кызыккан адамдар келип таанышып кетишсе болот. Эки жылдын ичинде жардам катары биздин эсепке бир миллион бирдемке сом түшүптүр. Аны каякка, кантип чыгымдаганыбыз боюнча документтер да турат. Мунун бардыгы бизди жаманатты кылууга жасалган аракет.

Бөлүп-жаруунун артында кимдер турат?

7-апрелде жакындарын жоготкондордун башын кошкон коомдук уюмдардын ич ара каршылашып, бири-бирине доомат коюшу коомчулукта да талкууга алына баштады. Муну атайын уюштурган күчтөр бар дегендер жок эмес.

Серепчи Мавлян Аскаров болсо мунун артында аталган уюмдардын алдында өздөрүн карыздар сезген саясий күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Мына ошол уюмдар мындан ары мамлекет башындагыларга дооматын артып, талап койуусун уланта бербеш үчүн аларды бөлүп-жарып таратуу максаты бар экендиги байкалат. Анткени алар үчүн бул үюмдар өздөрүнүн миссиясын аткарып бүттү. Ошондуктан алардын ортолоруна чагым салып, бири-бирине кайраштыруу жүрүп жаткандай сезилип жатат.

Ошол эле кезде башка бир талдоочулар жабырлануучуларды азыркы бийликтин атаандаштары атайын бөлүп-жарып, саясий мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн айдактап жатышат деген божомолду да четке кагышпайт. Муну алар алдыдагы “саясий жаз” жакындаган сайын мына ушундай көрүнүштөрдүн көбөйүп жатышы менен байланыштырууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Камбар каяктан: Кара-Балта
17.02.2012 17:48
Ушул "Мекен шейиттери", "7-апрель", дагын башка кыймылдары эмне үчүн, эмне максат менен түзүлдү эле? Акча табуу үчүн, саясий имидж арттыруу үчүн! Ансыз деле бийлик курман болгондорго жардам көрсөтүп жатпайбы. Бул кыймылдын уюштуруучулары апрелде курман болгондорго таянып өтө эле көп пиар жумуштарды жасап жиберишти, курман болгон жаштардын арбактары аларды тынч койбойт, алардын актануусу кеч болуп калды,

кимден: ТИМУР каяктан: РОССИЯ
11.02.2012 09:17
Ушул жерде маркум мелис эшимкановдун бир айтканы эске тушот "бийлик учун биз одноразовый презерватив болдук ,иштетип туруп ыргытып ийет"-деп айты эле маркум жарыктык..... Эми "мекен шейиттери"да оз миссиясын аткарып бутту дальше не куда!!!!
Пикирге жооп

кимден: Сабыралы каяктан: Тюмень
15.02.2012 11:25
Илгери бир жигит карыган энесин жолдун боюна жаткызып, "Энем өлүп калды, жардам бергиле" деп, көзүнөн жашын агызгандай болуп, элден акча чогулткан экен. Балким биздин "Мекен шейиттери"да ошондой болуп жүрбөсүн?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.02.2012 00:15
Жаман... Сариев....тушунуктуу!

кимден: нарын каяктан: нарын
10.02.2012 20:33
Дегеле бул партия тузулушуно жана мындан ары иштоосуно
каршыбыз. Анткени бир тонна комур менен алдоо максатын жургузуп жатышат
биз 7 апрелде каза таап окко учкан балдардын эне аталары балдардын арбагын тынч жатысуун каалайбыз
биздин сунуш ар жыл сайын бир эскеруу аземин уюштуруу
сун гана каалайбыз
Мындай партия аркасы менен зуулум иш жасоо,арбакттар аларды урусун демекчибиз
эне аталардан биринчи сунуштоо менен гана тузулуу керек болчу бул партия соройлор озлору тузуп алгандыгы айгинеленип турат

кимден: Кубо каяктан: Талас
10.02.2012 16:12
Кыргызстандагы тонкорушту Талас эли биз баштадык деп мактанып журушот.Эмне учун?Себеби Кара-Бууралыктарга жер айдоого акча керек болгон экен...дагы конгон адат боюнча акимчиликтин имаратын тономой куралдарды милиция органдарынан кучтоп тартып алуу,кези келгенде коп долларга сатуу озунчо эле коз алдыбызда откон алаамат окуялар.Эгер апрелде олгон адамдар шейит кеткен болсо бейиште жатат,аларды кабырынан кайра кайра оодара бергенден уялсанар боло кор пенделер.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 14:39
Өлгөндөрдүн өздөрүнүн шору,алардын арты менен бул эргулдар жанын багып,байып жатышат.

кимден: Лао каяктан: Кант
10.02.2012 09:54
Ушундай болмок. Туура эмес иштер болуп кеткен эле. Айрыкча акча аралашкан жерде ушундай болот турбайбы

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине