Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:45

Эркиндик

"Бетадагы" чыр: чекилик кимден кетти?

“Бета Иншаат Ятырымчылык” түрк фирмасынын жетекчилиги кыргыз бийликтерине кайрылып, жаштардын айрым топтору кысым көрсөтүп жатат деп даттанды.

Айыпталуучу Гүнеш Йылмаз Биринчи май райондук сотунда, 2010-жылдын апрель айы. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Текст көлөмү - +
Бишкекте иштеген түрк жаранынан запкы көргөн Чолпон Орузбаеванын жактоочулары өткөн ишембиде Түркиядан келген ишкерлерге таандык “Бета-Сторес” соода үйүнүн алдына митингге чыгып, Түркиянын желегин алып түшкөн эле. Кызга зомбулук көрсөттү делген түрк жаранынын дайыны алигиче белгисиз.

Үч кызматкер иштен алынды

 
“Бета Иншаат Ятырымчылык” түрк фирмасынын баш директору Салих Эрдоглу 20-июндагы маалымат жыйынында Кыргызстан президентине, парламент төрагасына жана өкмөт башчысына кайрылды. Директор “белгисиз күчтөр компаниянын эки кызматкеринин ортосундагы араздашууну колдонуп, улут аралык кастыкты тутантып жатат", деп чара көрүү өтүнүчүн бийликке жолдоду.

Жабырлануучу Чолпон Орузбаева Жогорку Соттун алдында, 2011-жылдын 7-июну.
- Бир нерсени тактап алсак. Митингге чыккандар чындап эле компанияда иштеген кыргыз кызынын таламын талашып жатабы, же алар таптакыр башка кызыкчылыктар менен чыгыштыбы? Балким алардын арасында компанияны жабууну каалаган өздөрүнүн меркантилдик кызыкчылыктары бар адамдар барбы деген ой келет. Бул митингдин аркасында башка чагымчыл күчтөр тургансыйт. Ошондуктан биз бул адамдарды аныктап, таап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү органдарга кайрылганы жатабыз.

Салих Эрдоглу өткөн ишембидеги митингдин катышуучулары “Бета-Сторес” соода борборун талкалоо аракетин жасаганын, имарат алдында илинип турган Түркия желегин алып түшкөнүн чекилик деп эсептейт.

Аталган супермаркетте иштеген кыргыз кызы Чолпон Орузбаевага байланышкан окуядан кийин үч кызматкер иштен алынганын айткан Эрдоглу күнөөлүүлөр сот аркылуу жазасын алууга кызыкдар экенин билдирди.

Талам талашкандардын талабы
 

18-июнда бир катар жаштар түрк жараны Гүнеш Йылмаздан запкы жеди делген Чолпон Орузбаеванын таламын талашып чыккан эле. Анда жаштар кызга зомбулук көрсөттү деп айып тагылып жаткан Гүнеш Йылмаз кармалгыча “Бета-Сторес” соода үйлөрүн жабуу, Чолпон Орузбаевага компенсация төлөө өңдүү талаптарды коюшкан.

Ошондой талап менен чыккан “Жаштар кеңеши” уюмунун жетекчиси Мавлян Аскаров “Бета-Сторес” Орузбаевага иш маалында зыян келтирилгендиктен 50 миң доллар компенсация төлөш керек деп эсептейт.
 
Мавлян Аскаров Чолпондун таламын талашкан митингде, 2011-жылдын 7-июну.
- Биз азыр бул кыз менен сүйлөшүп турабыз. Учурда анын абалы оор болуп жатат. Моралдык жактан жабыркады. Оор операцияны баштан кечирип, эки күн реанимацияда жаткан. Ушул себептерден улам компания ага 50 миң доллар төлөп берүүсүн талап кылабыз.

Митингге чыккан “Эреп” коомдук уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев “Бета-Сторес” соода борборунун жетекчилигине карата мындай кескин кадамдарга эмне себептен барганын “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Мындай радикалдуу кадамга барганыбыздын себеби, Чолпон Орузбаева качан сабалды эле, канча ай өтүп кетти андан бери? Бирок жумуш берүүчү катары бир да жетекчиси басып келип, анын ал-абалын сурап, “ал тигил биздин түрк жараныбыз акмак экен” деген сөзүн айтып, “эмне жардам керек “ деп кайрылып койгон эмес... Ошондуктан биз ушундай кадамдарга барып жатабыз.

Ал ортодо Бишкек милициясы Гүнеш Йылмаз колго түшүрүлө электигин “Азаттыкка” кабардар кылуу менен ага издөө салынганын дагы бир сыйра тастыктады.

Адегенде Чолпон Орузбаеванын денесине оор жаракат келтирди деген айып менен Гүнеш Йылмазды камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан эле. Анан Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучуну үй камагына бошоткон. Кийинчерээк Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Бирок Бишкек шаар соту үй камагына чыгарып жиберген түрк жаранынын кайда экени азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Анык соз каяктан: Бишкек
24.06.2011 12:03
1. бул чырды бекеринен эле которушту деп айтпайм, туура кылышты, мындан кийин сестенип калышат. Бирок ушуну кылып жатканда кичине билимдин томондугун корсотуп коюшту, укуктук тарап эске алынбады. 50000 доллар кайдан чыккан сан, аны сот мене териштирип чыныгы реалдуу санды айтса толоп берууго мажбур болушмак, анан биз жаштар чогулуп чечтик деген,кыргыздар варварлар коомунда жашагандай ой калтырат.
2. Компаниянны жетекчилиги кыргыз болсун дегени дээрлдик эле кулкуну келтирет, кайсы гана эл аралык сотко кайрылышпасын буга рейдерлик деген ат берилиши толук мумкну. Сен оз акчана компания куруп жатсан, ал компания жеке менчик болсо, мамалекетттин эч кандай тиешеси болбосо да келип эле жетекчилерди алмаштыргыла деген такыр болбойт да.
Ошончо эле Чолпоного жардам берууну каалашса, реалдуу кадам, реалдуу талап коюшсун да, мындай митингдердин натыйжасында, биздин мамлекеттин жарандарына эл аралык коом чынында эле акыл денгээли томон деп ойлошот да.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.07.2011 09:22
Сен кимсин? Жолугуп суйлошпойлубу. Укук, мыйзам ж.б.? Олтуруп алып оттой бербегин. Кыргыздын аймончоктой кызынын ден-соолугуна, психикасына оор запкы келди. Намысын болсо ачыкка чыкпайсынбы? Уят барбы?
Пикирге жооп

кимден: Maksat каяктан: Bishkek
19.07.2011 04:21
Degi emne bolgonun aytip bergilechi, al kiz betada ishtechu bele, ani sabaptirbi je zorduktaptirbi?
Пикирге жооп

кимден: Мигрант каяктан: Москва
02.07.2011 09:20
Сен коп эле акылдуу болбочу. 1) 50000 доллар дешеби, андан коп компенсация сурашабы, бул Чолпон чече турган маселе. Бул талап эн туура. Дуйнолук практикада колдонулуп келет.2) Компаниянын жетекчилиги жонундо. Орусиянын мыйзамдарынын негизинде жеке фирмалардын жетекчилеринин кобу Орусия жарандары. А бизде керек болсо чакан болумдун жетекчилери да турктор. Андыктан Мавлян Аскарбековдор эн туура кадамга барышты.

кимден: Гүлжамал каяктан: Бишкек
24.06.2011 09:40
"Бета-Сторес" жетекчилери ойлоно турган убакыт келди го? Бардыгын акча менен сатып ала албасын түрк жарандары менен биздин айрым чиновниктер түшүнгүдөй эле болду го.Кыргызда жакшы макал бар."Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" деген."Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал".Бул макалдар орой угулган менен мааниси чоң, түшүнгөн адамдарга.Биздин сот өкүлдөрү мыйзам чегинде түрк жараны жооп беришине, дагы башка улут өкүлдөрүнүн жалпы кыргыз элине сый урмат менен мамиле кылышына аздап болсо да салымдарын кошушу керек.

кимден: Эржигит каяктан: Бишкек
24.06.2011 09:34
Күн өткөн сайын биз өзүбүздүн журтта чоочун болуп бара жатабыз. Биздин атка минерлер да мындай кадамга бараардан мурда өздөрүнүн кыздары жана балдарынын тагдары жөнүндө ойлонушту бекен. Бугун кыргыз элин кемсинткендерден акча алып хан сарай куруп анын ичинен чыкпай, жолтайбастарды айдап ичинен чыкпай жүргөн убактылуу жетекчилер кечинде үйүнө барып бир пияла чайын алкымындан кандай өткөрүп отурду экен. Күн жетип алардын бала чакасы алардан да дөөлөттүүрөөк болгон башка бирөөнүн кыйноосуна түшсө кантет болдукен. Башта айтакандай эле алар убактылуу эле жетекчилер. Кудайым тазаласа жерди бир жаан жаадырып жерди тербетип жибергендей, эл деле ал чиновниктерди бир көтөрүлүп эле хан сарай, жолтайбасына чейин заматта жок кылып жиберет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.06.2011 00:54
эй биздин айымда да куноо болуп журбосун.Алар жону жок серезный аялдарды урчу эмес эле.Тибутах -Табутах болгон эмес болду бекен ортодо.Мен чындык билгеним серезный озун аябай жакшы алып жургон аялдарга даап суйлочу эмес эле нака мусулман деп сыйлачу.Андай мындай чет жагы билинген жалжанырак аялды ушундай кор кылат алар соз жок.Бирок кыргыздын жеринде кандай аял болбосун болушубуз керек бул абдан туура.

кимден: Caira каяктан: ош
23.06.2011 15:12
Туркиянын желегин алып түшүп койгонду чекилик деп ,кыргыз кызын сабаган чекилик эмес экен.Азыр ал түрктү бир чиновник бекитип олтурат тынчыганча деп.Анан унуткарып баары жайына келгенде акырын чыгат.Бизде ошондой го,канча чиновниктерге издөө жарыялайт,анан эле убакытты өткөрүп келип калышат.Келгенде да түз эле кайра чоң кызматка олтуруп калышат.
Пикирге жооп

кимден: Maksat каяктан: Bishkek
19.07.2011 04:29
Aytkaniniz tuura, kizdi sabagan kishi jazasin alish kerek, birok buga bashka turk ishkerlerinin emne kunoosu bar, alar bizge jumush orundarin berip, kirgiz ekonomikasina oz salimdarin koshup jatishat.

кимден: Caira каяктан: ош
23.06.2011 13:50
Турцияда ошентип көргүлөчү,эмне болмок. Эмне себептен башка чет элден келип алып ушундай иштерди жасашат.Себеби алар эч нерседен коркпойт,бир нерсе болсо акча берип кутулуп кетишет,качан болсо качырып жиберип карап отуруп калышат.Деги акча дегенде баарын сатып жибердиңер го.

кимден: Bolot каяктан: Bishkek
22.06.2011 13:15
Гунеш Йылмазды милиция талаадан,токойдон же Ала Тоонун ой кырларынан издеп жатабы?.Эгер шаар ичинде издесе суротун илип,маршруткаларга чаптап,телеканалдардан берип тапкандарга,айткандарга суйунчусу бар десе эртерээк табылмак да.Бета Сторестегилер туштон кийин ал кызга жардам беруу биздин оюбузда бар болчу дебей тапкандарга деп 400-500$ байге койсун эгер чындап эле аны кармашалы дешсе.Калп эле догурунуп туштон кийин кайсалаган болбойт да.Жаштар деген албуут куч,бул окуя коомчулукта резонанс жаратып жаткандан кийин айылдагылардан бери турулуп келсе жаман иш да болуп кетиши мумкун.Эгерр турк ишкерлери анык мыйзамдуу,таза иштейбиз десе биринен бири сурап милицияга таап беришпейби?.Бироосу колтугуна бекем кысып эми эми басылып калаар деп кутуп отурушат да.Турктор муну жакшылап ойлонуп ичке тебээрин тапканга жардам бериши зарыл.Болбосо эми бир чон митинг болсо чаламандын чак тушундо морадерство болуп кетиши мумкун.Анткени ал жерге коп эл чогулса жабыркаган кыздын намысын эмкисинде коргойбуз азыр магазинден кичине олжо ала туралы деген саясат ойноп кетиши мумкун.Муну милийса да эске алгыла,согуш деген да жакшы нерсе эмес да...

кимден: Кыргыз кыздары
22.06.2011 09:29
Мавлян Аскаровgo chon rahmat aytmakchimin kizdardin atinan, bir ele turk jarandarinan emes baardik uluttardan namisibizdi korgoshubuz kerek dep oyloym, Minday korunush koboyup bara jatat, men ayttayin degenim Sebat bilim beruu koomunda da ushunday korunushtor bolorun ugup kalam, eger mumkunchuluk bolso Sebat sekretar kizdardin pikirlerin bilinuzdordu surayt elem!!

кимден: Макс каяктан: Вена
21.06.2011 21:58
Жаштар Азаматснар!!!Олкобуз онолсо созсуз оз мекенибизге келип кызмат кылабыз!!!

кимден: Замир каяктан: Лейлек
21.06.2011 19:17
Баардык кыргыз эли учун кыргыз намысы учун куйгон патриотторго терен ыраазычылык билдирем. Бир нерсени тактап алсак. Митингге чыккандар чындап эле компанияда иштеген кыргыз кызынын таламын талашып жатабы, же алар таптакыр башка кызыкчылыктар менен чыгыштыбы? Балким алардын арасында компанияны жабууну каалаган өздөрүнүн меркантилдик кызыкчылыктары бар адамдар барбы деген ой келет. Бул митингдин аркасында башка чагымчыл күчтөр тургансыйт. Ошондуктан биз бул адамдарды аныктап, таап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү органдарга кайрылганы жатабыз.

Салих Эрдоглу өткөн ишембидеги митингдин катышуучулары “Бета-Сторес” соода борборун талкалоо аракетин жасаганын, имарат алдында илинип турган Түркия желегин алып түшкөнүн чекилик деп эсептейт.
Эми бу кандай корунуш биздин милиция эл учун иштейби же башка бироонун кызыкчылыгы учун иштейби. Эгерде эл учун иштесе издоо жарыяладык дебей ошо бета стористин Директоруна айтып 1-2-кун срок тапсан таптын таппасан ишканан жабылат деп. Ушундай кылган кундо батыраак табылса керек. Жана элдин алдында Ошол жаранды сотту, тергоочуну жана ошол тааныш милициясын жазалаш керек ушуларды откондо жазгам бирок аззаттык бул пикиримди жарыялабай койду ошондо гана жаштар максатына жетет жана бета сторес кайра иштей берет. Биз качанга чейин ушинтип тепселенип журо беребиз. Акыйкат керек.
Пикирге жооп

кимден: oshtuk каяктан: kyrgyz
22.06.2011 13:44
крышавать этип атпайбы туркторду, тээ жогоруда отуруп алышып, милийсанын колунан бир деме келеби анан....
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)