Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Саиповдорду Азамат Текебаев сабадыбы?


Шохрух жана Юсуфжан Саиповдор. (аманат сүрөт)
Шохрух жана Юсуфжан Саиповдор. (аманат сүрөт)

5 жыл мурда киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун инилери 2-декабрдын кечинде Бишкекте кол салууга кабылганын айтып чыгышты.

Мындай маалыматты “Азаттыкка” бир туугандардын бири, журналист Шохрух Саипов билдирди. Анын айтымында, аларды жекшемби күнү, кечки саат тогуз жарымдарда төрт бала Бишкектеги үйүнөн чакырып чыгып токмоктошкон. Токмоктогондордун арасында Өмүрбек Текебаевдин бир тууганынын уулу да болгон. Тартип коргоо кызматкерлери ишти териштирип жатканын, кимдир бирөөнү айыптуу тарап катары көрсөтүүгө азырынча эрте экенин айтышат.

Маркум журналист Алишер Саиповдун иниси Шохрух Саипов бир апта мурда Бишкекке семинарга келген. Анын сөзүнө караганда, бул окуядан бир аз мурда дүкөнгө барган эки инисин кыргыз балдар “өзбек экенсиңер” деп кодулап, “июнь окуясында кайда болгонсуңар?” - деп сураган. Үйүнө келгенде артынан келген төрт бала айнекти тыкылдатып, сыртка чыгууга чакырган:

- Окуя кечээ кечинде, саат тогуз жарым чамасында Геология көчөсүндө болду. Мен ал жердеги эки инимдин үйүнө келген болчумун. Төрт кыргыз бала келип, инилеримди, батирде чогуу жашаган дагы бир баланы жана мени - төртөөбүздү сабап кетишти. Бардык жерибизди арматура менен сабап, тээп кетишкенден кийин биз милиция чакырдык. Алардын бирөөсүнүн телефону түшүп калган экен, ошол аркылуу кармалды.

Ошентип кармалган төрт уландын бири депутат Өмүрбек Текебаевдин бир тууганынын уулу Азамат Текебаев болуп чыкты. Анын адвокаты Анатолий Духовных окуя Саиповдор айтып жаткандай бир тараптуу эмес деп эсептейт:

- Окуя турмушта кадыресе боло жүргөн чыр. Эч кандай улуттар аралык жек көрүүчүлүктөн чыккан эмес. Саиповдор дүкөндө эле өздөрүнүн башкача мамилесин көргөзгөн. Эми алар башкача айтып жатат да. Азыр тергөө жүрүп жаткандыктан мен мага белгилүү болгон фактыларды айта албайм.

Окуя Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө териштирилип жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев кылмыш ишин кайсы беренелер боюнча ачуу тактала электигин билдирди:

- Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя кылмыш каттоо китепчесине дароо эле катталган. Укук коргоочулар тез жардам чакырылган жок деп айтып жатат. Тез жардам келгенде жабырлануучу тарапты укук коргоочулар алып кетишкен, дарыгерлер келгенде аларды таппай калган. Кимдин канча күнөөсү бар экени тергөөдө билинет.

Шохрух Саиповдун айтымында, ал ички иштер бөлүмүндө медициналык жардам албай кечээ кечтен таң атканча отурган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова тез жардам бүгүн түштө гана, сабалгандар медициналык экспертизага алынып кеткенде келди дейт. Ал окуяга күбө болгон Саиповдордун кошуналары менен баарлашыптыр:

- Милицияны чакырган кошуналары деле көп нерсени көргөн. Мушташ деп бир тараптуу айтылып жатканын алар дагы тастыктап жатат. Көпчүлүк муну мушташ деп жатат. Бир тарап экинчи тарапты токмоктоп жатса, бул мушташ эмес. Жада калса ИИМ дагы мушташ деген маалымат берип жатат, мушташ эмес бул...

Сөз болуп жаткан бул балдардын агасы, өзбек тектүү журналист Алишер Саиповду 2007-жылы Ош шаарында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Бул кылмыш алигиче ачылбай келатат. Маркумдун иниси, өткөн жылдан бери Ошто “Дайжест” аттуу гезитти чыгарып жаткан иниси Шохрух Саипов дагы бир жыл мурда токмоктолгон экен.

Алардын атасы Аваз Саипов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Эмне болуп атат, мен билбей калдым, мен такыр эле түшүнбөй жатам. Ушул күнгө чейин мен көчөгө чыгып, бакырып-чакырган жерим жок. Кудайга шүгүр деп эле жүрдүм эле, эми эмне дешти да билбей турам. Кандай заман, кандай турмушта жашап атабыз, такыр түшүнбөй калдым...

Кечээки окуядан жабыркаган Шохрух жана Юсуфжан Саиповдор азыр ооруканада.

XS
SM
MD
LG