Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

"Манаска" кызыккан компания БНКны алды


БНК толугу менен “Роснефтке” өттү.
БНК толугу менен “Роснефтке” өттү.

Орусиянын “Роснефть” компаниясы “Бишкек нефть компанияны” (БНК) сатып алды. Буга чейин компаниянын "Манас" аба майданына инвестиция салуу сунушу жарандык коомдун каршылыгына кабылган.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик аталган компаниянын бир бөлүгү болгон “Петрол групп” компаниясын улутташтырган эле. Кийин аны кайра эле БНК сатып алган. Кыргызстанга күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан ташылып келет. “Роснефть” “Манас” аба майданын алууга да кызыгып жүрөт.

“Роснефть” компаниясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, “Бишкек нефть компаниясы” жабык акционердик коомун сатып алуу аракети ушул жылы февраль айында эле башталган. Эми сатуу-алуу жараяны толук аяктап, БНК толугу менен “Роснефтке” өттү. Канчага сатылганы тууралуу маалымат ачык жарыяланган жок.

БНКнын май куюучу жайлары негизинен Бишкекте жайгашкан. Чүйдө кара май кампасы бар. Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов Кыргызстандын күйүүчү май рыногуна дагы бир орусиялык ири компаниянын келишин кубаттап жатат:

- 2006-жылдан тарта коңшубуз Казакстан бизге күйүүчү май берүүдөн баш тарткан. Ошондон бери биз алардан дээрлик күйүүчү май албайбыз. Ошондо “Газпром” келип биздин проблемабызды чечкен. Алардан биз жылына 1,5 миллион тоннадан ашык күйүүчү май алабыз. Орусиянын дагы компаниясы “Роснефть” “Газпромго” атаандаш болуп бул жерге келем деп жылдын башында бир бөлүмүн ачып, иштей баштаган. Мен ошондо эле эгер булар да келсе биздин базарыбыз мындан да туруктуу болот, баалары да туруктуу болот деп айткам.

“Роснефттин” Кыргызстанга келиши атаандаштыкты шарттайт деген пикирге экономист Азамат Акелеев да кошулат. Анын баамында, Кыргызстан күйүүчү майдан толугу менен Орусиядан көз каранды болуп турган чакта орусиялык дагы бир ири компаниянын келиши кадимки көрүнүш:

- Орусиянын бул эми ири компаниясы экөө тең мамлекеттики болгону менен олигархтар аркылуу башкарылат. Анча-мынча болсо да атаандаштык болушу мүмкүн. Биздин Монополияны жөнгө салуу комитети да туура тескөө иштерин жүргүзүшү керек. Бирок биз күйүүчү майды бир эле булактан, Орусиядан алабыз да, азыркы абалыбыз ушундай да.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт улутташтырган объекттердин арасында БНКнын бир бөлүгү болгон “Петрол Групп” ишканасы да бар болчу. Ошол маалда компанияга сырттан башкаруучу болуп азыркы Ага Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов дайындалган. Кийинчерээк БНК эмнеге толугу менен улутташтырылган эмес деген суроо жаралган. Сайдулла Нышанов анын улутташтырылган бөлүгү гана мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык болгонун айтууда:

- “Петрол групп” “БНКнын” бир бөлүгү болгон. “Петрол групп” деген Максим Бакиевдин май куюучу жайлары болгон. “БНКнын” кожоюну ишканасынын бир бөлүгүн Максимге берген. Ошондуктан анын Максимге таандык бөлүгү улутташтырылган. Аны өкмөт кийин 147 миллион долларга саткан.

Тогуз май куюучу жайы жана май куюучу жайлар жайгашкан беш жери бар “Петрол группту” кайра эле БНК сатып алганы маалым болгон.

БНКга кожоюн болуп калган “Роснефть” буга чейин “Манас” аба майданын сатып алуу ниети бар экенин билдирген. Ушул жылдын башында кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү “Манаска” инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча ниет меморандумга кол койгон болчу. “Роснефть” аэропорттун 51 пайыздан кем эмес акциясын сураган. Айрым жарандык активисттер “Манасты” Орусияга сатууга каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG