Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Миллер келди, газдан дайын жок


Газдын токтогонуна байланыштуу Ош шаарынын тургундары апрель айынан бери сыртка от жагып, тамак бышырууга аргасыз.
Газдын токтогонуна байланыштуу Ош шаарынын тургундары апрель айынан бери сыртка от жагып, тамак бышырууга аргасыз.

Апрелден бери газы жок отурган Кыргызстандын түштүгүнө газ качан берилери белгисиз. Бишкекке келген орусиялык “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер менен өлкө жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгы туурасында кыргыз тарап дээрлик маалымат берген жок.

Беш айдан бери газсыз отурган Ош шаарынын тургуну Жамийла Кадырова “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллердин Бишкекке келгенин радиодон угуп, жаздан бери көкөйүнө тийген газ маселеси чечилип калабы деген үмүттө:

- Ош шаары боюнча газ жок кыйналып эле жатабыз. Мына кыш келе жатат, кыштан газы жок, электр жарыгы жетишсиз болсо кантип чыгабыз деп башыбыз маң. Буга чейин “Газпром” сүйлөшүп атат деп жатышты эле, анын деле дайыны жок болуп калды окшойт.

Жамийла айтып жаткан орусиялык “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга шаршемби кечинде келген. Миллерди Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабыл алды.

Президенттин жана өкмөттүн маалымат кызматтары бул жолугушууларда энергетикалык коопсуздук маселеси талкууланганын айтуу менен гана чектелишти. Маселен, президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов жолугушуу тууралуу кыскача маалымат берди:

- Президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” ААКсынын башкармалыгын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Анда өлкөнүн энергетикалык коопсуздук маселесин талкуулашты.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин жолугушуусу. 28-август.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллердин жолугушуусу. 28-август.

Жолугушууга катышкан Энергетика министрлиги, жаңы түзүлгөн “Газпром Кыргызстан” ишканасынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Өлкө расмий бийликтери жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалыматты жашырып жактан чакта “Газпромдун” расмий сайты мамлекетти үзгүлтүксүз көгүлтүр от менен камсыздай турганын жазып чыкты. Андагы билдирүүгө караганда, газ маселесин чечүүдө өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Ошондой эле “Газпром” “Көк-Арт” жана “Чыгыш Майлуу-Суу IV” аймактарында геологиялык чалгындоо иштери да жүргүзүлөрүн да жарыялады. Компаниянын маалыматы боюнча өлкөдө 6 миллиард куб метрге жакын газ запасы бар. Бирок бул долбоорлорду баштоо мөөнөтү, кандай жол менен ишке ашыруу тууралуу конкреттүү маалымат берилген жок.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү “Кыргызгаз” ишканасын “Газпромго” сатууда орусиялык бул компания өлкөнү үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууга кепилдик болоорун айтышкан. Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев “Кыргызгаз” боюнча келишимди бекитүүдө мындай кепилдик болгонун эске салып, кыргыз өкмөтү орусиялык компания өз милдеттенмесин аткаруу талабын кое албай жатат деп сындады:

- Биз мына ошол келишимди бекитип жатканда аны бизге алып келген жетекчилер газ үзгүлтүккө учурабайт деген кепилдик бар экенин айтышкан. Тилекке каршы, мына беш айдан бери түштүк газсыз отурат. Өкмөт өзбектерди карап коюп, “Газпромго” өз милдеттенмелерин эскертпей отурат. Муну Жогорку Кеңеш каникулдан келген соң сөзсүз түрдө карайт.

Ошол эле учурда техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов "Газпромдун" өлкөдөгү газ бургулоо демилгесин колдоп, чалгындоо иштери өз деңгээлинде болсо, мындан майнап чыгат деген ишенимде:

- Бизде Союз мезгилинде бир катар газ запасы бар экени айтылган. Бирок аларда чалгындоо иштери жүргүзүлгөн жок да. Эми “Газпром” тиешелүү каражатты салып, адистер менен бул ишти баштаса, жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Быйыл апрель айында өлкөнүн “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен “Газпромго” сатылган. Андан көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, али күнчө аймак тургундары газсыз отурат. Андан бери кыргыз өкмөтү өзбек бийликтерине бул боюнча бир нече жолу кайрылып, бирок коңшу өлкө сөзгө келбей жатканын айтып келет. Ошондуктан, түштүктү суюлтулган газга өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG