Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Ош: көздөн учкан көгүлтүр от


Ош. Черемушка кичирайонунун тургундары бир очокко кезектешип тамак жасайт.
Ош. Черемушка кичирайонунун тургундары бир очокко кезектешип тамак жасайт.

Ош шаарынын тургундары газы жок турмуш кечиргенине эки айга чукулдады. Баары электрге өткөнү жарык тынбай өчүп, эл кыйналууда. Шаардагы Газ башкармалыгы болсо жакын арада көгүлтүр от келерин убада кылууда.

Таза болбой баратса, эки ай ичинде Бишкектен газ тартылып келет дешет газ боюнча адистер.

Оштун Черемушка кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары күн сайын сыртта тамак жасоого аргасыз. Отуз-кырк батир бир очокко кезекке турганын Асел аттуу келин айтып берди:

- Үйдө газ жок, 3-4-кабаттан түшүп келип, сыртта тамак кылып атабыз. Же бир отун табылсачы. Кээде болсо 2-3 үй биригип, бир казанга тамак кыла коебуз. Азыр мына мен аш басып атам, тигинде кезек күтүп турушат. Ош шаары айылдан деле айырмасы жок болуп калды.

Эки айдан бери көгүлтүр отсуз калган шаардыктар ушунтип күн кечирүүдө. Айрымдары болсо 4-5-кабатка көмүр меш куруп алган. Ага мүмкүнчүлүгү жоктор электр плитасын колдонууга мажбур. Натыйжада Ош шаарындагы электр зымдарына жана трансформаторлорго күч келүүдө:

- Көп кабаттуу үйлөргө электр автоматтарын койгонбуз. Газ жоктугунан элдин баары электрге өтүп, аны автоматтар көтөрө албай күйүп кетүүдө. Аны өзүң улаштыра албайсың. Базардан жаңысын алып чыгып, РЭСке чаласың, алар келип туташтыргыча далай убакыт өтөт. Ошентип 1-2 күн жарыксыз отурабыз. Газдын жоктугу бизге өзүнчө эле тозокко айланды. Айылда болсоң от жагып, эптеп жашайсың, а шаарда каяктан отун табасың? Катуу кагаздарды жагып атабыз, - деди шаардыктардын бири Советбек Жоробаев.

Газ жоктугунан кыйналган шаардыктар ушинтип от жагууга аргасыз.
Газ жоктугунан кыйналган шаардыктар ушинтип от жагууга аргасыз.
Ош газ чарба башкармалыгы болсо жакын арада көгүлтүр от келерин айтып, элди ишендирүүгө аракет жасоодо. Эгер Өзбекстан газ бербесе, анда Бишкектен бери түтүк тартып келип, Казакстандан түз газ алуу сунушу да айтылууда. Бул тууралуу газ башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов мындай деди:

- Июнь айында Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына газ алып келүү боюнча “Газпромдун” милдеттенмеси бар. Ошонун негизинде бул маселе чечилиши керек. Менин билишимче азыр сүйлөшүү жүрүп жатат, 10-15 күн ичинде Ошко көгүлтүр от келет. Азыр эми бул чарбалык маселе эмес, саясий маселеге айланып кетти. Эгер бул дагы ушинтип созулуп кетсе, түндүктөн түштүккө газ куурларын тартып келүү боюнча сунушун бердик. Ал түтүктөрдү “Газпром” эки ай ичинде тартып келе алат. “Газпромдун” буга күчү да, мүмкүнчүлүгү да жетет, акчасы да бар. Эгер түз Өзбекстандан газ алганга болбой калса, Казакстандан Ошко газ тартып келебиз.

Ал эми жергиликтүү бийликтер болсо алапайы кетип, шаардыктарды эмне деп сооротоорун билбей турган чагы. 3-июнда өткөн мэриянын жыйында шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев газ башкармалыктын жетекчилигин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт деп айыптаган эле:

- Мен газ боюнча адистер, Ош газ чарба башкармалыгынын эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атканын көрбөй атам. Эмне үчүн элге чыгып болгонун болгондой айтып, жеткирбей атасыңар? Өзбекстан чечпесе, түндүктөн 2 айда түтүк тартып келе коебуз дейсиңер, бул эми жомок да. Ош менен Бишкектин аралыгы 700-800 чакырым. Мен буга таптакыр ишенбейм. Аны тартып келген күндө деле биз быйыл аны бүтүрө албайбыз. Анда эл кышта кантет? Же максатыңар сөзсүз эле ушу элди алдап, убакыт өткөзүүбү?
Оштогу Газ башкармалыгы.
Оштогу Газ башкармалыгы.
Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаттары да премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдоп, бирок андан жыйынтык болгон эмес. Шаардык кеңештин депутаты, “Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Абдувахаб Нурбаев бул маселени жыйынга алып чыгып, ага борбордон тиешелүү кызмат өкүлдөрүн чакырганы жатышканын айтты:

- Биз ушул боюнча Ош газ башкармалыгынын жетекчилигине барып да сүйлөштүк, алар “биз чечпейбиз, өкмөт чечет” деп жооп беришти. Өкмөт, Энергетика министрлиги болсо бул маселеде эч кандай жоопкерчиликти өзүнө албай жатат. Энергетика министрлиги бир чыгып элден кечирим сурап же өкмөт жетекчилиги элге түшүндүрүү иштерин да жасаган жок. Биз өкмөт жетекчилерин, энергетика министрин Шаардык кеңешке чакырып, сурайлы деп атабыз. Азыр эл ичинде нааразылык күч, митингге чыгабыз дегендер да арбын. Эми элге жок жерден чыккан көйгөй болуп атат.

Газ, электр жана суунун жоктугуна нааразы болгон шаардыктар буга чейин Ошто жол тосууга чейин барган.

“Кыргыз Газ” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин, Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүсүн токтоткон. Мунун себебин келишим бүткөнү менен байланыштырууда. Учурда аймакта 60 миңдей үй эки айдан бери көгүлтүр отсуз олтурат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG