Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Ош газсыз калды


Кыргызстан жылына Өзбекстандан 1 миллиардга жетпеген кубметр жаратылыш газын алат.
Кыргызстан жылына Өзбекстандан 1 миллиардга жетпеген кубметр жаратылыш газын алат.

“Кыргызсгаз” Орусиянын “Газпромуна” толугу менен өткөнүнө төрт күн боло электе Ошто газ берүү токтотулду. Бул боюнча “Кыргызгаз” Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

“ОшГаз” өкүлдөрү болсо “Өзбектрансгаз” менен келишим 15-апрелде аяктары мурда эле айкын болчу деп айтышууда. Бул окуя коомчулукта “Кыргызгазды” Орусияга сатуу талашын кайра козгойбу?

10-апрелден баштап “Кыргызгаз” Оруcиянын “Газпром” ишканасына толугу менен өткөн. Эки тараптуу келишимге кол коюлар алдында президент Алмазбек Атамбаев эми газ үзгүлтүккө учурабайт деп шардана кылган:

- Биз эми кышында газы жок калбайбыз. Бизде эми такай газ болот.

Айтылып ооз жыйылганча, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Ошто газ берүү токтотулду. Бул боюнча “Кыргызгаз” ишканасы “Өзбектрансгаз” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, жакынкы күндөрү газ берүү кайра калыбына келери тууралуу билдирүү таратты.

Ошол эле учурда Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Зина Азимкулова Өзбекстандын газ берүүнү токтотуусуна “Кыргызгаздын” “Газпромго” өтүүсү себеп болгонун, сүйлөшүү “Газпром” менен “Өзбектрансгаз” ортосунда жүрүп жатканын маалым кылды:

- Биринчи кварталга келишим “Кыргызгаз” менен 15-апрелге чейинки мөөнөттө түзүлгөн болчу. Анда: “ишкана ээси алмашса, келишим автоматтык түрдө токтойт” айтылган. Биздин билишибизче, сүйлөшүү “Газпром” менен “Өзбектрансгаз” ортосунда жүрүп жатат.

Бул окуя “Кыргызгазды” Орусияга сатуу чырын дагы козгочудай болуп калды.Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Абдрахманов Оштогу газ үзгүлтүгү кыргыз бийлигинин шалаакылыгынын натыйжасы деген пикирде. Анын айтымында, кыргыз тарап “Газпром” ишканасынын кошуна өлкөлөр менен болгон келишимдерин жакшы иликтебей туруп кызматташтыкка барган:

- Өзбекстан менен жакшы ымалада болуп убагында аларга суу берип, кайра алардан газ алып иштесек болот эле. Мейли, Орусияга сатты. Ушул кызматташтык да так аткарылбай отурат. Өкмөт сатардан мурда Орусия менен Өзбекстан ортосундагы келишимди жакшылап иликтеши керек эле. Мына натыйжада Ош шаары газсыз калды.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев буга чейин “Газпром” менен келишим түзүү гана иш-чаралары жүрүп келген болсо, процедуралык башкача айтканда, ишкананы өткөрүп алуу жараяндары эми гана башталганын айтып, Оштогу газ үзгүлтүгү “Кыргызгаз” менен “Өзбектрансгаздын” ортосундагы мамиле экенин айтты.

Ошто газдын токтотулушу тууралуу “Кыргызгаз” ишканасы “Азатыкка” толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Ош газ чарба башкармалыгынын 50 миңден ашуун абоненти бар.
Кыргызстан жылына Өзбекстандан 1 миллиардга жетпеген кубметр жаратылыш газын алат.

“Өзбекнефтегаз” Орусияга газды эң көп өлчөмдө сатат. “Газпром” ишканасы 2012-жылдын эсебинде эле Өзбекстандан 9 млрд. кубка жакын газды өндүрүп, ташып кеткен.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG