Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Кыргызстанга берилчү жаратылыш газынын көлөмү саатына 10 миң кубметрге азайып кетти. Мындан улам Бишкектеги айрым объекттерге жана Ош шаарындагы кээ бир райондорго газ берүүдө чектөө киргизилди.

“Кыргызгаз” ишканасы мунун себебин Өзбекстандан келүүчү газ куурларындагы басымдын начардыгы менен түшүндүрүүдө. Бирок айрым талдоочулар муну саясий маселеге байланыштырып жатышат.

“КазТрансГаз” компаниясы Казакстандын өзүнө Өзбекстандан тиешелүү көлөмдө көгүлтүр отун келбей жаткандыктан газдын Кыргызстанга берилчү үлүшү кыскарганын кабарлады. Буга байланыштуу “Кыргызгаз” ишканасы өлкөнүн түндүк аймагындагы майда ишканаларга жана көңүл ачуучу жайларга жаратылыш газын берүүнү чектеди.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров газ берүүнү чектөөнүн себептерин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Өзбекстан суукка байланыштуу Казакстанга газ берүүнүн басымын төмөндөттү. Ошондуктан, “КазТрансГаз” бизге берчү газдын көлөмү азая турганын билдирген. Мурун саатына 48 миң кубметр газ келсе, азыр анын көлөмү 40-42 кубметрге чейин төмөндөп кетти. Буга байланыштуу айрым ишканаларга чектөө киргизилди.

Ал эми “Кыргызгаз” ишканасынын директорунун орун басары Куралбек Наскеев Бишкекте газ берүүдөгү чектөө калк жашаган турак-жайларга киргизилбейт деп ишендирүүдө:

- Биз азыр сауна жана башка көңүл ачуучу жайларга гана чектөө киргиздик. Бул жарандарга газ берүүдө маселе жаралбасын деген максатта болуп жатат. Ал эми социалдык объекттерге, шаардагы турак-жайларга газ берүү үзгүлүктүккө учурабайт. Муну менен катар альтернативдүү жылытуучу булагы бар жайларды газды үнөмдөп колдонууга чакырып жатабыз.

Ошол эле учурда борбордогу ишканалардын өкүлдөрү мындай чектөөгө нааразылыгын билдирүүдө. “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтымында, “Кыргызгаз” мындай чектөөлөр аркылуу кардарлардын укугун бузуп жатат:

- Газ берүүдөгү чектөө бир катар экономикалык объекттердин, ишканалардын ишине тоскоолдук жаратып жатат. Албетте, биз газ алуудагы Кыргызстандын абалын түшүнүп жатабыз. Ошентсе да, биз кардар катары акысын төлөп жаткан соң “Кыргызгаз” мурдатан сүйлөшүп, үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуусу керек болчу.

Негизинен Кыргызстандын түндүк аймагы газды Казакстандан алса, Ош шаарына жана Кара-Суу районуна газ кошуна Өзбекстандан келет. Жыл сайын кышка жакын коңшу өлкө төлөмдөргө байланыштуу деп көгүлтүр отту берүүнү кыскартат. Мындай көрүнүш быйыл дагы кайталанды. Оштун тургуну Гүлзаттын “Азаттыкка” билдиришинче, шаардагы газдын басымынын төмөндөгөнүнө бир топ убакыт болуп калды:

- Кыш башталгандан тарта эле газ басымы төмөн болуп жатат. Кечинде тамак бышырууга мүмкүн эмес. Жылына эле кышында ушундай болуп калат. Быйыл дагы кайталанды.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров түштүктөгү газ басымынын төмөндөшүн да суукка байланыштуу Өзбекстанда газ өндүрүүнүн көлөмү азайып кеткени менен түшүндүрүүдө.

Бирок энергетика жана газ өндүрүү тармагы боюнча адистер буга окшогон жоопту шылтоо катары баалашат. Анткени алардын айтымында, газ өндүрүүчү жайда жана газ куурларында абанын температурасы 35 градустан жогору суук болгондо гана анын басымы начарлашы мүмкүн. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстанга газ берүүнү чектөөнүн себебин башкадан көрөт:

- Жыл сайын газ берүү сыяктуу экономикалык маселе саясий маселеге да айланат. Өзбекстан муну өз пайдасына колдонуп келчү. Быйыл да ушундай эле себеп болушу мүмкүн. Быйыл “Кыргызгаздын” Орусиянын “Газпромуна” сатылышына каршы газды чектеп, ушундай жооп берип жатышы да мүмкүн.

"Кыргызгазды” шарттуу түрдө 1 долларга “Газпромго” сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге былтыр июнда Москвада кол коюлган. Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. Ошондой эле “Кыргызгаздын” бардык карыздарын төлөө милдетин алат жана 650 млн. доллар инвестиция салмакчы.

Келишим эки өлкөнүн парламенттеринде жактырылып, жакында орус жана кыргыз президенттери кол койду. Муну менен кыргыз бийликтери өлкө туруктуу газ менен камсыз болуп, коңшуларга көз карандысыздык жоюларын билдирүүдө. Бирок оппозиция стратегиялык объектти башка өлкөгө сатып, улуттук кызыкчылыкка каршы иш кылды деп бийликти сындап келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG