Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Өткөн жуманын соңунда Мамлекеттик Дума “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча келишимди ратификациялады.

Андагы талкууда бул келишим Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ экендиги баса белгиленди. Кыргыз парламенти болсо “Кыргызгаз” келишимин декабрда ратификациялап, бирок ал коомчулуктун бир бөлүгүндө катуу сынга кабылган.

Орус депутаты: Биз кайрадан биригип жатабыз...

Ошентип 17-январда Орусиянын Мамлекеттик Думасы “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча келишимди ратификациялады. Ага ылайык, бир долларга бааланган “Кыргызгаз” ишканасы 2,4 млрд. сомдук карызы жана бардык инфраструктурасы менен Орусиянын “Газпром” ишканасына өткөрүлүп берилмекчи.


​Мамлекеттик Думадагы талкууда орусиялык депутаттар келишимдин геосаясий жактан пайдалуу экендигине басым жасашты. Думадагы Коммунисттер фракциясынын депутаты Владимир Никитин буларды айтты:

Биз жыйырма жылдан ашык мезгилден бери өз-өзүнчө жашап келдик. Биз бүгүн кайрадан биригип жатабыз. Сөз бул жерде Советтер союзу жөнүндө эмес, биз Эркин экономикалык аймакка бириккени жатабыз.

- Геосаясий максаттан алганда бул өтө мааанилүү регион. Ал биздин аскерий-деңиз күчтөрүбүздү башаруу үчүн да, “Манаста” АКШнын аскерий базасы турганы үчүн да маанилүү. Бул аймакта Кыргызстанда Борбор Азияны суу менен камсыз кылуучу дарыялардын башаты да орун алган.

Ал эми ЛДПР фракциясынын депутаты, КМШ жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий эгер Кыргызстан Бажы биримдигине жана Эркин экономикалык аймакка кирип калса, бул келишимдин мааниси жогорулайт деп эсептейт:

- Азыр Кыргызстанда газдын баасынын миң кубу 300 доллар. Ал эми келишим иштей баштагандан кийин баа арзандап, 80 доллардан 140 долларга чейин болушу мүмкүн. Анткени бул кошуна Өзбекстандан өндүрүлгөн газ болот. Бирок ал “Газпромдун” өзүнүн газы. Бул Кыргызстандын калкына чоң жардам болмокчу. Кыргызстандын газ-куур тутумун калыбына келтирүү кыска убакытта ишке ашат. Демек стратегиялык активдер кыска мезгилде эле пайда бере баштайт. Биз жыйырма жылдан ашык мезгилден бери өз-өзүнчө жашап келдик. Биз бүгүн кайрадан биригип жатабыз. Сөз бул жерде Советтер союзу жөнүндө эмес, биз Эркин экономикалык аймакка бириккени жатабыз.

“Кыргызгаз” бир долларга бааланганы менен Орусия аны 2,4 млрд сомдук карызы менен сатып алууда. Келишимге ылайык, “Газпром” беш жыл аралыгында 640 млн. долларлык инвестиция салуу, үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо, баа саясатын кыргыз өкмөтү чектеген шарт менен жүргүзүү милдетин алууда. Ал эми Кыргызстан болсо, “Кыргызгазды” бардык инфраструктурасы менен 25 жылга Орусияга толук өткөрүп берет.

"Газпромдун" газы качан келет?

“Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмырзаевдин келишим боюнча пикири мындай:

- 2 млрд. 400 млн. сом деген чоң акча да. Ошол карызы менен кошо алып, 640 млн. доллар инвестиция салалы деп жатат. Жаңы газ куурларын салып, өнүктүрөлү, жаңы техникаларды салып берели деп жатат.

Эгер биз көз карандысыз мамлекет болобуз десек, анда стратегиялык, табигый байлыктарыбызды, монополиялык чарбаларыбызды эч кимге бербешибиз керек

Кыргыз парламенти бул келишимди 11-декабрда жактырган. Анткен менен Кыргызстан 2014-жыл үчүн көгүлтүр отунду мурдагыдай эле Өзбекстан менен Казакстандан сатып алууда.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин пикиринде, “Газпромдун” көгүлтүр отунун Кыргызстан келерки кышта пайдаланып калат:

- Ратификациядан өтөрү менен эки тарап жолугуп, биргелешкен комиссия түзүп иштей баштайт. Бул узакка созулчу жараян. Бирок менимче, келерки жылытуу мезгилинде “Газпромдун” көгүлтүр отуну Кыргызстана келет.

11-декабрда кыргыз парламенти бул келишимге добуш бергенде 19 депутат каршы болгон. Анын бири Өмүрбек Абдрахманов “Кыргызгазды” сатуу менен өлкө стратегиялык ишканаларынан кол жууп жатат деген пикирде:

- “Кыргызгаздын” 2,4 млрд. сомдук карызы бар экен. Бул деген уурдалган акчалар. Ал кайдагы карыз, ким жеп алды? Биринчи ушуну тактабай туруп кантип бирөөгө берген туура болсун. Ошонун баары мына эми жабылып калганы турат. Экинчиден, эгер биз көз карандысыз мамлекет болобуз десек, анда стратегиялык табигый байлыктарыбызды, монополиялык чарбаларыбызды эч кимге бербешибиз керек.

Орусия буга чейин “Камбар-Ата-1”, “Жогорку Нарын ГЭСтери” боюнча да кыргыз өкмөтү менен келишимдерге жетишкен болчу. Ошондой эле орусиялык ишкерлер өкмөткө стратегиялык маанидеги “Манас” жана “Ош” аэропортторун башкарууга алуу боюнча сунуштары менен кайрылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG