Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Москвада кыргыз жигитин өлтүрүп кетишти


Орусияда мигранттарга кол салуу көп каттала баштады.
Орусияда мигранттарга кол салуу көп каттала баштады.

Москвада 6-январь күнү сөөгү табылган 20 жаштагы жигит Ысык-Көл облусунун тургуну экендиги аныкталды.

Анын жансыз денеси Москванын чыгыш тарабындагы гүл сатылчу жерден табылган. Учурда анын эмне себептен өлтүрүлгөнү иликтенүүдө. Ал ортодо Москванын жанынан дагы эки кыргызстандык мергенчилик куралдан жараат алды.

Жүрөк тушка сайып кетишкен

Москвада сөөгү табылган 20 жаштагы жигиттин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз катчысы Эркин Урманбетовдун айтымында, аны шибеге же отвертка менен сайып кеткен болушу мүмкүн.

- Биздеги маалыматтар боюнча, бул кылмыш өлтүрүү максатында жасалган. Анткени уурулук болгон эмес. Чөнтөгүндө 20 миң рубль болгон, күркөдөн да эч нерсе уурдалган эмес. Ал ошол күркөдө сатуучу болуп иштечү экен. Бүгүн күркөнүн эки кожоюнунан милиция көрсөтмө алып жатат. Шибеге же отвертка менен сайган болсо керек деген божомол бар. Жүрөк тушка артынан эки жолу сайган экен.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар
20 жаштагы бул жигит Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Жээнбек Мукашев экендиги такталды. Кандуу окуя 6-январга караган түнү Москва шаарында болуп, маркумдун сөөгү өзү иштеген гүл сатылчу жерден табылган.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” буларды маалымдады.

- Орус тартип коргоо органдарынын бизге берген маалыматында денеде кыйноо менен өлтүрүлгөн белгилер бар экендиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле денеде сайылган эки тешик бар экени да айтылган. Бул факты боюнча кылмыш ишин козгошту.


Азырынча 20 жаштагы жигитти кимдер эмне себептен өлтүрүшкөнү аныктала элек. Ал аралыкта маркумдун Москвада жашаган жердештери анын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат чогултушууда.

Мукашевдин айылдашы Улан Апеевдин “Азаттыкка” айтышынча, Орусияда 9-январга чейин дем алыш болгондуктан, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү кечеңдеп жатат.

- Жардам көрсөтүп жаткандар бар. Өзүбүздүн айылдаштар, башка да кыргыз балдар байланышып, жардам көрсөтүшүүдө. Сөөгүн эрте эле жөнөтүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок 9-январга чейин эс алуу болгондуктан кармалып жатат. Анткени прокуратурадан да документтер керек экен.

Кол салуулар качан токтойт?

Ал ортодо Орусиянын Подмосковье аймагында эки кыргызстандык жаран мергенчилик куралдын огунан буттарынан жараат алган. Орусиялык басылмалардын жазышынча, аларды жергиликтүү тургун, алар жашаган үйдүн ээси аткан болушу мүмкүн. Бул окуяга чейин Москвада эки өзбекстандык жарандын бычакталган сөөгү табылган болчу.

Өткөн жылы орус жигитин Азербайжандын жараны өлтүрдү деген окуядан соң орус бийликтери мигранттарга мамилени катаалдаштырган. Мындай мамиле улутчул жаштар тарбынан да күчөп, жөн-жай мигранттарды токмоктогон, бычактаган фактылар көбөйгөн.

Кыргыз либерал партиясынын мүчөсү Манас Саматов кыргыз өкмөтү мигранттардын акчасын гана эсептеп, ал эми коопсуздугун унутта калтырып жатканын айтат.

- Кыргыз бийлигинин Орусияда таптакыр таасири жана аракети жок болгондуктан мигранттарга ушундай мамиле жасалып жатат. Мейли ал Москвада же Вашингтондо болсун, бийлик ар бир кыргыздын тагдыры үчүн жооп бериши керек. Бийлик алардын акчасын эсептөө менен гана алек.

Ал эми эки бир туугандын кичүүсү, бейкүнөө өлүмгө учураган Жээнбек Мукашев Москвага былтыр сентябрда барган жана али үйлөнө элек боз бала болчу.

XS
SM
MD
LG