Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:57

Орусия мигранттарга квотаны жоюшу мүмкүн


Орусия -- Полиция автобусунда отурган мигранттар. Красноярск шаары, 7-август, 2013.
Орусия -- Полиция автобусунда отурган мигранттар. Красноярск шаары, 7-август, 2013.

Орусия мигранттар үчүн жумушчу квотаны жойгон мыйзам долбоорун кабыл алганы жатат.

Эгер ал күчүнө кирсе Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар мурдагыдай жумушка уруксат кагазын алып отурбайт. Анын ордуна патент алып иштеп баштамакчы.

Квота түйшүгү жана кымбаттыгы

Чет элдик мигранттар үчүн жумушчу квотаны жойгон мыйзам долбоору учурда Мамлекеттик Думада талкууланууда. Эгер ал кабыл алынып калса, мигранттар мурдагыдай жумушка квота алууга күнү түшпөйт. Анын ордуна патент үчүн айына 2 миң рублдын тегерегинде төлөп иштей бермекчи.

Москвадагы Кыргызстандын вице-консулу Алмаз Букалаев мигранттар патенттик системаны күтүп жатышканын айтты.

- Азыр мигранттар патенттик системаны күтүп жатат. Ал кирсе квота жок болот. Орусияда жылына 1 миллион 400 миң чет элдик жаранга жумушка квота берилет. А бирок эксперттер Орусияда 10 миллиондон ашык мигрант бар деп айтып жүрүшөт. Эгер мыйзам каралып, президент кол койсо, 1-июлдан тартып патенттик система ишке кирип калышы мүмкүн.

“Замандаш” ассоцациясынын Москвадагы жетекчиси Руслан Эшимов мигранттар арасындагы жумушчу квотанын тартыштыгы анын баасын асмандатып жибергенине токтолду.

- Жумушка уруксат кагазын алуу үчүн эң көп дегенде 4 миң рубль кетет. Андан башка акча кетпейт, ушул суммага алса болот. Бирок тартыштыктан улам бир жылдык жумушка уруксат алуу кагазы 45 миң сомго чейин чыкты. Азыркы учурда дагы жакшы, баасы 25 миң рубльга түшүп калды.

Орусияга жаңыдан барган ар бир эле адам 30-40 миң рублга жумушчу квота алууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт.

Орусияда патенттин негизинде чет элдик жарандарды жумушка алууга буга чейин жеке тараптар үчүн гана уруксат берилип келген. Мисалы, кайсы бир жеке адамдын үйүндө кароолчу, бала багуучу болуп иштесең, жумушка уруксат кагазын алуунун зарылдыгы жок болчу. Болгону алар патент алып иштеп келишкен. Эми жаңы мыйзам долбоорунун негизинде юридикалык тараптарга да чет элдик жарандарды патенттин негизинде жумушка алууга мүмкүнчүлүгү болот.

Москвада иштеген кыргыз жигити Улан Жолдошев патент системасынын артыкчылы тууралуу буларды билдирди.

- Патенттик система жакшы. Себеби, жаңы келгенде үч айлык каттоого туруп коюп, андан соң патент алып коюп эле Орусияда жүрүп жатышат. Башкача айтканда патенттин негизинде каттоо да узарып турат. Бул жактагы тууган-урук, таныштардан да көрүп жатам, азыр патент менен иштөө, аны алуу оңой болуп жатат. Айына болгону 1-1,5 миң рубль гана төлөп коюшат.

Патенттик система да түйшүккө салабы?

“Замандаш” ассоцациясынын Москвадагы жетекчиси Руслан Эшимов бир караганда патент системасы мигранттар үчүн пайдалуу экенин, бирок ал күчүнө кирсе, коррупциялык элементтер менен анын да баасы асмандап кетиши мүмкүн деп чочулайт.

- Патенттик система ишке кирсе, аны жумуш берүүчү эмес ар бир жумушчу өзү ала алат жана салыгын да өзү төлөп турат. Салыкты болсо ИНН менен төлөөнү киргизип жатат. Салык айрым адамдардын айтышы боюнча айына 5 миң рублга чейин чыгышы мүмкүн. Бул деген бир жылга эсептегенде 50-60 миң рублга жетет. Ошон үчүн патенттин түйшүгү тескерисинче, жумушка уруксат кагазын алуудан оор болуп калышы мүмкүн.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, аталган мыйзам долбоору негизинен Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжан жарандары үчүн багытталган. Бул мамлекеттердин жарандары Орусиядагы мигранттардын көпчүлүгүн түзөт. Ал эми Орусияда бейрасмий 1 милионго жакын кыргызстандык жаран иштээри айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG