Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Өкмөт абактагы кандуу окуяларга баа берет


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Өкмөт кыргыз абактарында акыркы айларда болгон кайгылуу жана кылмыштуу окуяларды талкуулады.

Ал арада атайын прокуратура өз жанын кыйды деген мурунку түрмө башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча №1 тергөө абактын жетекчисине кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын Байкоочу кеңеши соңку чуулгандуу окуялар боюнча аталган кызматтын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан алынышы керектиги тууралуу өлкө жетекчилигине кайрылган эле.

Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында №1 тергөө абагынын башчысынын милдетин аткаруучуга кылмыш иш козголду. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып жатат:

- Себеби ал жетекчи ички жоболорду одоно бузуп, нөөмөтчүгө Иманкул Телтаевди тергөө абагынын медициналык-санитардык бөлүмүнө которуп койгула деп, оозеки тапшырма берген жана жанында күзөтчү болгон эмес. Анын баш коргоо чарасы эми каралат. Кылмыш иш жаңы эле козголду. Эми ал суракка чакырылат.

Адам өлүмү менен аяктаган 50-түрмөдөгү чуулуу окуяларга байланыштуу бул абактын жетекчиси Иманкул Телтаев өткөн айда кызматтан алынган эле. Кылмыш иштин алкагында 11-ноябрда №1 тергөө абагына камалган жана андан көп өтпөй, 20-ноябрда медициналык-санитардык бөлүмдө жансыз денеси табылган. Ал өз жанын кыйып, муунуп өлдү деп айтылган. Бирок Телтаевдин туугандары анын муунуп алганына ишенбей турушат.

Абактын мурдагы башчысы каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

11-октябрда Чүйдөгү №50 абактан тогуз кылмышкер күзөттөгү үч кызматкерди өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качкан. Аларды кармоо учурунда жөн-жай эки тургун окко учкан жана кылмышкерлердин көпчүлүгү өлтүрүлгөн.

24-ноябда өкмөттүн алдындагы Коопсуздук кеңеш түрмөлөрдөгү абал боюнча жыйынга чогулду. Бүгүн, 24-ноябрда премьер-министр Темир Сариев “Азаттыктагы” маегинде 50-абактагы кандуу окуя боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия корутунду чыгарганын жана анын жыйынтыгы боюнча баа берилерин маалымдаган.

- Биз ошол окуяда өлгөн Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине баа бере элекпиз. Алардын күнөөсү бар-жогу тактала элек. Эгер күнөөсү жок болсо, анда бир баа берилет, эгер күнөөсү бар экени аныкталып, өздөрү да аралашкан, алардын кыянаттыгы менен жасалган болсо анда башкача баа берилет. Бул боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгын биз бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйынында карайбыз, өз баабызды беребиз. Ал жерде бир топ кемчиликтер бар. Ачыгын айтыш керек, азыр деле бар. Биз ошонун баарын аныктап, тактап, кыска мөөнөттүн ичинде чара көрүшүбүз керек.

Өткөн аптада Жаза аткаруу кызматына караштуу Байкоочу кеңеш 50-абак жана ага байланышкан чуулуу окуялар боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдогон. Анда мамлекет түрмөлөрдөгү коопсуздукту жетиштүү деңгээлде камсыздай албай жатат деп айтылган.Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркуловдун бул орунду ээлеп турганга моралдык укугу жоктугу, ошондуктан чукул арада иштен алынышы керектиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG