Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

“Өлүп-тирилген” Маралбектин таржымалы: Чиеленген жагдайлар


Маралбек Максымбековдун чоо-жайын алгач "Азат" гезити жазып чыккан, 14-апрель.
Маралбек Максымбековдун чоо-жайын алгач "Азат" гезити жазып чыккан, 14-апрель.

Былтыр 7-апрелде курман болгондордун тизмесинде жүрүп, тирүү болуп чыккан Маралбек Максымбековдун мамлекеттен миллион сом колдоо алган уулу Эрланбек Максымбековдун дайыны чыкты.

...Атама куюп койгондой окшош эле

Эрланбек атасы Маралбек Максымбеков иштеп жаткан Екатеринбург шаарына он күндөй мурун барып, автоунаа жууган жайда иштеп жаткан экен.

Ал өкмөт колдоо иретинде берген миллион сомду алганын танган жок. Атасын каза болуп калды деп ойлоп, өкмөттөн алган акчаны куран окутууга жумшаганын айтат:

- Өздөрү беришпеди беле. Биз ага Бишкекте куран окутканбыз. Мен дагы атамдын тирүү экенин бир жылдан кийин билип атсам... Эмне мен миллионду атайын алыптырмынбы?

Эрлан 7-апрелден кийин теле көрсөтүүдөн бир сөөктүн таанылбай жатканы тууралуу маалымат кетип атканын көрүп, атасына окшоштурганын айтып берди. Ал сөөктү Бишкектин моргунан таанып кеткенин айтат.

Ал эми Маралбек Максымбеков бирде уулунун миллион алып кеткенин такыр укпаганын айтса, бирде “уккан элем” деп арсар ойду айтууда:

- Мага акча тууралуу “Азат” гезитинин журналисттери келип айтты. Ага чейин мен билген эмесмин. Эч ким айткан эмес. Ал деле алганмын деп атат. Акчаны ал уурдап кетиптирби, өздөрү берген экен го, туурабы?

Эрланбек Максымбеков Башкы прокуратурага көрсөтмөсүндө берген Кызыл Аскер туюк көчөсү 26 дарегинде жок болуп чыгышын укук коргоо органдары туура эмес жазып алса керек деп түшүндүрдү:

- Анда алар туура эмес жазып алышкан го. Мен Кызыл-Аскер жактагы Ден Сяо Пин көчөсүндө батирде турам деп айтканмын.

Биз бул чиеленишкен окуянын чоо-жайын билүү максатында Маралбек Максымбековдун Ала-Букадагы бир тууганы Улан Максымбековго телефон чалдык. Ал Эрланды Ала-Букада мал кайтарып эле жүргөнүн, ал Бишкекке келип, сөөктү тааныбаганын сөз кылды:

- Эрлан Бишкекке деле барган эмес. Ушул жерде жүрбөдүбү. Эрлан бул жакта жүрсө, сөөктү кантип тааныйт?

Жоголгон паспорт

Маралбек Максымбеков мындан бир жарым жыл мурда Бишкектеги автовокзалдан паспортун жоготуп алганын бышыктады:

- Бир жарым жыл мурда үйгө кетип баратып Бишкектеги автовозалдан уурдатып койгом. Жоготконум тууралуу арыз жазгам. Ал жакта айдикарт кечигип тиет го, билесиңер да. “Эртең кел-бүрсүгүнү кел” дей берет. Азыр айдикарт келип да калган болуш керек.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков коюлган сөөктүн чөнтөгүнөн Маралбек Максымбековдун паспорту чыккандыгы тууралуу маалымат бар экенин айткан болчу. Ал эми сөөктү “атам” деп таанып кеткен Эрлан паспортту көрбөгөнүн айтат:

- Мен андай паспортту көргөн эмесмин.

Максымбековдун үй-бүлөсү тууралуу

Маралбек Максымбековдун төрт баласы бар. Анын айтымында, Эрландан улуу уулу Мирлан Ала-Букада малчы. Эки кызы болсо Ош-Бишкек жолундагы Чычкан деген жерде кафеде иштешет. Ал эми жубайы Айчүрөк Рысбекова 6 жыл мурда каза болуп калган. Маралбек Максымбеков бир туугандары менен ымаласы жакшы эмес экенин жашырбайт:

- Бир туугандарым менен бир аз уруша кеткем. Азыр көп деле байланышпайм.

Өзүңүздөр байкагандай, бул окуя табышмактуу, сырдуу болуп турат. Маралбек Максымбековдун аты менен кимдин сөөгү кантип коюлуп калганын мындан ары дагы ар тараптан иликтөөнү улантабыз.

XS
SM
MD
LG