Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

ЖККУ чек ара чатагын чечүүгө кириштиби?


ЖККУ төрагасы Николай Бордюжа
ЖККУ төрагасы Николай Бордюжа

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа кыргыз -тажик чек арасындагы абал жакшырганын Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуккандан кийин айтты.

Кыргыз бийликтери болсо чек арада абал толугу менен турукташа электигин айтууда, эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттери жабык бойдон турат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бейшембиде Дүйшөмбүгө барып, президент Эмомали Рахмон менен жолукту. Тажик президенти менен чек ара маселесин талкуулаган Бордюжа жолугушуудан соң журналисттерге сүйлөп жатып, кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташканын билдирди.

Баш катчынын айтымында, абалды турукташтыруу үчүн бир катар иштер аткарылып, учурда чек араны делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиялары өз ишин жыйынтыктап жатат. ЖККУ баш катчысы кандай негизге таянып, бул билдирүүнү таратты деген суроо учурда кыргыз коомчулугун кызыктырууда. Анткени, 11-январдагы куралдуу кагылыштан соң эки өлкөнүн вице-премьерлери жетектеген расмий өкүлдөр бир нече ирет жолукса да, чек ара бекеттери ачыла элек. Чатактын ырбашы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкпай, эки тарап күнөөнү бири-бирине оодарып келет.

Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов да чек арадагы абал толугу менен турукташа электигин билдирүүдө:

- Чек арадагы абал азырынча толугу менен турукташа элек. Биз көрүп жаткандай, чек арадагы эки өлкөнүн тургундары бири-бирине таш ыргытып, машинелерин талкалап салган учурлар катталып жатат. Ошондуктан толугу менен абал турукташты деп айтууга болбойт. Ал эми мырза Бордюжанын эмнеге таянып, мындай маалымат бергенин билбейт экенмин. Ал киши менен сүйлөшкөн жокмун. Бул ал кишинин жеке көз карашы деп бааласак болот го.

Токон Мамытов чек арадагы абал толук турукташмайынча кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер ачылбай турганын кошумчалады. Ошондой эле өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ЖККУ баш катчысынын Кыргызстанга келээри тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Өткөн айда Николай Бордюжа Дүйшөмбүгө барып, күн өтпөй Бишкекке келген. Анда баш катчынын эки өлкө чек арасындагы чатактан кийинки түзүлгөн абалды жөндөө үчүн ортомчулукту аркалаганы келгени айтылган. Расмий Бишкек да ЖККУнун ортомчулугунан баш тартпай турганын жарыялаган.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов ЖККУга мүчө болгон эки өлкө орток пикир таба албай турганда, бул уюмдун баш катчысы расмий мандатка ээ болбосо да ортомчулукка киришүүгө милдеттүү деген пикирде:

- Кыргызстан менен Тажикстан ЖККУнун мүчөсү болгондон тышкары, бул эки өлкөгө Орусия бир топ сандагы курал-жарак бергени жатат. Ошондуктан бул уюм эки өлкө ортосундагы чатактын орун алышын каалабайт. Мындай кырдаалды Николай Бордюжа сыяктуу эл аралык уюмдун баш катчысы, ага эч ким расмий мандат бербесе да, кандайдыр бир жол менен ортомчулук милдетти аркалоого тийиш. Бордюжа мына ушул милдетти аркалап жатат. Ал эми абалды турукташты деп айтып жатканынын себеби, Тажикстандын президенти менен жолуккан соң, журналисттерге чек арадагы абалды начар деп айта албайт эле. Ошондуктан ал абалды жакшы деп баалоо менен эки өлкөнүн жетекчилерин маселени оңунан чечүүгө чакырып жатат.

Ошентсе да, бир катар эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы чырды жөнгө салууга ЖККУнун кийлигишүүсүн жөнсүз деп эсептейт. Чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов кыргыз-тажик жаңжалына ортомчунун аралашуусу маселени тереңдетет деди:

- Эл аралык практикада эки тараптын чатагына үчүнчү тарап ортомчу катары катышкан учурлар көп эле болуп келет. Бирок алардын жыйынтыгы анча деле көңүл жубатарлык эмес. Анткени, үчүнчү тарап аралашып, маселе чечилди деген менен эки тарап нааразы бойдон кала берет. Муну көптөгөн тажрыйбалар деле көрсөтүүдө.

Баткенде тажик айылдарын айланып өтчү жолду курууга байланыштуу 11-январда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда куралдуу кагылыш чыккан. Анда кыргыз тараптан алты, ал эми тажик тараптан эки чек арачы жарадар болгон.

Бул окуядан соң Бишкек Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Андан бери эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр өткөнү менен эки тарап бири-бирин айыптап, мунаса таба албай келет. Буга чейин Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадоли Алимардон баштаган делегация Бишкекке сүйлөшүү үчүн эки жолу келген. Чек ара боюнча кийинки сүйлөшүү март айынын башында Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өтөрү маалымдалган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG