Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

ЕАЭБнын “Интергласска" тийген эпкини


Токмок шаары
Токмок шаары

Токмоктогу “Интергласс” айнек заводунун 1,5 миңге жакын жумушчусу үч айдан бери айлык албай келет.

Декабрдан бери айлык албай иштеп келаткан жумушчулар бүгүн да завод алдына чогулуп, жетекчилерине нааразылык билдиришти. “Азаттыктын” кабарчысын көрөрү менен завод башчылары айлык акылар дүйшөмбүгө чейин төлөнөрүн убада кылып, чогулгандарды чилдей таратты.

Үч айдан бери айлык албаган жумушчулар

Үч айдан бери акы албай иштеп жаткан миңден ашык жумушчунун бири Калмурат үй-бүлөсүн багам деп карызга белчесинен баткан. Ал маянанын улам эртең болорун айтып тажабаган чоңдорунан үмүтү үзүлүп бараткандай. Кетип калайын десе, Токмокто мындан башка жумуш жок.

- Айлыкты улам эртең болот деп тил эмизип жатышат. Дүкөндөрдүн баарына карыз болуп кеттик. Жазында иш болот дейт же анысы болбойт. Мындайча айтканда, кулдай эле иштеп жатабыз. Былтыр да айлыгыбызды үч ай бербей койгон. Бирдеме десең "иштен кетиребиз" деп коркутушат.

Сөз болуп жаткан “Интергласс” айнек заводун 2012-жылдан бери немис улутундагы жеке ишкер иштетет. Ташкентте жүргөндүгүнө байланыштуу аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Заводдун өндүрүш башчысы Темирбек Жумабаев айлыктардын кечеңдешин өндүрүлгөн товардын өтпөй жатышы менен түшүндүрдү. Айтымы заводдун айнектери буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттолуп келсе, эми Орусиянын арзан товары кыргыз айнегин базардан сүрүп чыккан.

- Кышкы убакта дайыма эле иш токтойт. Курулуш жүрбөй бизде кризис. Мурда Орто Азия өлкөлөрүнөн баштап, Орусияга чейин бизден алышчу. Азыр Орусиянын арзан айнегине туруштук бере албай калдык. Эми башка айла деле жок. Эптеп айлыктарды четинен жаап жатабыз. Заводду кармап калуу маселеси кабыргасынан турат. Меш токтоп калса, завод жарактан чыгат.

Жумабаев жумушчулардын декабрь айынын айлыгы дүйшөмбүгө чейин, калган эки айдыкы майга чейин толук төлөнөт деп убада кылды. Бирок ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийин завод өндүрүшү эмне болорун элестете албайт. Ички керектөө өндүрүлгөн товардын 10 гана пайызын түзөт.

Дагы канча ишкана жабылат?

Өлкө ЕАЭБге кошулса, “Интергласс” сыяктуу заводдор жабылып калышы толук мүмкүн. Мындай пикирин Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Руслан Акматбек ортого салды.

- Кыргызстан ЕАЭБге кирсе орто жана чакан ишкерлик жапа чегет. Биздин ишканалар Орусия, Беларус жана Казакстандын күчтүү заводдоруна туруштук бере албайт. Чийки зат өзүлөрүнөн чыккандыктан аларда товарлар арзан. Өзгөчө курулуш материалдарын чыгарган ишканалардын жабылып калуу коркунучу жогору. Анткени Казакстан Бажы биримдигине киргенде алар ушундай абалга тушуккан.

Ишкерлердин мындай кооптонууларын экономика министри Темир Сариев да четке какпайт. Анын пикиринде, 170 млн. калкы бар биримдикте жашап кетүү үчүн ишканалар атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Анын үстүнө өкмөт иши бүтүп бараткан ишкерлерге эч кандай жардам да, жеңилдик да бере албайт.

- Атаандаштык күч болот, анткени биз ачык экономиканын шартында жашап жатабыз. Бул боло турган нерсе. Ошондуктан биз өз базарыбызды издеп табышыбыз керек. Ар бир ишкана товарын атаандаштыкка туруштук бере алгыдай баада чыгарышы кажет. Анткени Орусияда рубль девальвация болуп көпчүлүк товарлардын баасы түшүп кетти.

“Интергласс” суткасына 600 тонна айнек чыгара ала турган Орто Азиядагы жападан жалгыз завод. Чийки заттын көбү Орусиядан ташылат. Завод курулушка керектүү 2,5дан 12 миллиметрге чейинки айнектин түрлөрүн чыгарат.

XS
SM
MD
LG