Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Евромайдан кыргыз оппозициясын шыктандырабы?


Украина -- Евромайдан бийлик алмашкандан кийин. Киев, 24-февраль, 2014
Украина -- Евромайдан бийлик алмашкандан кийин. Киев, 24-февраль, 2014

Коомчулук Киевдеги окуялардын эпкини Бишкекти да кыйгап өтпөйбү деген суроого жооп издеп жатканда, айрым саясатчылар Украинада Кыргызстандагы 2010-жылдагыдай абал кайталанганын айтууда.

Ошол эле кезде Кыргызстандагы соңку жагдайлар коомдук-саясий абалды Украинадагыдай курчутуп жибербейби деген суроо кабыргасынан коюлуп турган учур. Талдоочулардын айрымдары бийлик коомчулуктун талабына кулак салбай, оппозиция өкүлдөрүнө карата өкүмзордугун күчөтсө анын арты толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертүүдө. Ошол эле кезде башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бийлик-оппозиция тирешине алып келүүчү катуу карама-каршылыктардын чыгышына азырынча негиз жок деп билдирди.

Геосаясаттын таламында...

Украинадагы соңку окуялар чагылгандай тездик менен өнүгүп, анын арты президент Виктор Януковичти бийликтен алып түшүүгө алып келгени маалым. Андан кийинки окуялар кудум 2010-жылы 7-апрелден кийин Курманбек Бакиев кичи мекенине качкандай, Янукович Украинанын чыгыш аймагына жашырынууга аргасыз болду. 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин борбордук аянттында 77 жаран окко учса, Киевде сексенге чукул адам набыт болду.

Виктор Янукович өткөн жекшембиде Харьковдо президенттик бийлик-укугун токтото электигин жарыялаганы менен учурда кайда экени белгисиз. Ошол эле кезде Харьковдо мурдагы режимди колдоп чогулган депутаттардын съездинде өлкөнүн Түштүк-Чыгыш аймагын Украинадан бөлүү демилгеси көтөрүлдү.

Саясат таануучу Марс Сариев 2010-жылдагы Кыргызстандагы окуялар менен Украинадагы азыркы жагдайды салыштырып өттү:

- Албетте, көп окшоштуктар болду. Бирок Украинадагы окуялардын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Анткени анын батышы менен чыгышынын ортосунда айырмачылык өтө эле чоң. Мындай бөтөнчөлүк азыркыдай саясий курч кризис учурунда аябай тереңдеп турат. Бирок бир жагдайды салыштырууга болот. Украинада да, Кыргызстанда да адилетсиз жана ашкере манчыркаган башчылардын айынан элдин нааразылыгы жаралып, аны дүйнөлүк ири оюнчулар геосаясий кызыкчылыгына карата колдонгон учурлар болду. Украинада 2004, 2014-жылдардагы, Кыргызстанда 2005, 2010-жылдардагы ыңкылаптарга ички себептер болгону менен алардын бардыгы сырткы оюнчулардын көмөгү менен жасалды.

Айырмасы, Орусия бийлиги Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуяны ошол кездеги президент Бакиевдин туура эмес жүргүзгөн саясатынын натыйжасы катары бааласа, бул жолу Украинадагы үч айга созулган каршылык көрсөтүү акциясынын жыйынтыгын куралдуу төңкөрүш катары мүнөздөдү. Айрым оппозиция лидерлери болсо соңку кезде Кыргызстандын бийлигин Кремлдин көрсөтмөсү менен иш алып барып калды деп айыптап келет.


Кемчиликтен сабак албаган саясат

Ошол эле кезде коомдук-саясий абалга таасир этчү көп кемчиликтерди оңдоо талабына кыргыз бийлиги кулак салбай калганы мисалга алынып жүрөт. Ушуга байланыштуу саясий күчтөр жакында Улуттук оппозициялык кыймылдын алдына биригип, саясий күрөштү жандантууга киришти. Ошол эле кезде Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы кыймылдар да түзүлө баштады. Аталган уюмдар Кыргызстан аталган уюмга кирсе эгемендигинен ажырап, экономикалык жактан Орусияга толук көз карандылыкта калат деп кооптонушат. Ошондой эле коомчулукта Бажы биримдигинин талабы Кыргызстанда баалардын өсүшүн шарттайт деген чочулоо бар.

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков Украинадагыдай окуялардын Кыргызстанда кайрадан кайталанып кетүү коркунучу бар экенин жокко чыгарбайт:

- Биздеги көптөгөн орчундуу маселелерге чекит коюлбай келе жатпайбы. Мына ошонун бардыгы топтолуп калды. Ошол эле Кумтөрдүн маселеси, чек ара чатактары жана ири коррупциялык иштерге байланышкан чуулгандуу иштердин жыйынтыгы эмгиче чыккан жок. Анын жыйынтыгын талап кылгандардын бардыгын душман катары кабыл алышууда. Эгерде мындай жол менен жүрө берсе, кырдаал татаалдашып кетиши ыктымал. Анткени элдин нааразылыгы топтолуп отуруп, селге айланып кетиши кеп деле эмес. Украинадагыдай окуялар кайталанып кетпеши үчүн бийлик алдын алууга тийиш. Алдын алам деп аңдууларды күчөтпөстөн маселени чечүүнүн үстүндө иштеш керек.

Ошол эле кезде президент Атамбаевге жакын саясий чөйрөлөр буга чейин деле бакиевчил күчтөр бийликти басып алууга аракеттенип жатат деген билдирүүлөр менен бир нече курдай чыгып келген. Улуттук оппозициялык кыймылдын түзүлүшүн да бийликчил күчтөр кырдалды жасалма түрдө курчутууга кызыкдар топтордун биригиши катары баалаган болчу.

Толкундоого себеп барбы?

Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев кырдаалдын курчушуна негиз болчу орчундуу себептер жок экенин айтып, аны өзгөртүүгө жарамдуу күчтүү оппозициянын жок экенин мисал келтирди:

- Азыркы оппозициянын багыты мен үчүн түшүнүксүз. Кечээ эле Москвага барып, алардын алдына жүгүнүп, “парламенттик башкаруу жарабайт, президенттик башкарууну кайтарып келебиз” деп жүрүшкөн саясатчылар бүгүн болсо башка бир ураандарды кыйкыра башташты. Кызыгы алардын президенттик бийликти чектеп, парламенттик башкарууну кеңейтебиз деп жүргөн батышчыл депутат Равшан Жээнбековдун алдына биригиши түшүнүксүз. Алар эртең эле кайра өзгөрүп, башка бир идея менен чыкпайт деген кепилидик жок. Ошон үчүн мына ушуга окшогон саясатчыларга эл ынанып ээрчип, аларга ишеним артарына шегим бар. Бизде азыркы Украинадагыдай кырдаал 2010-жылы болгон. Азыр болсо андай жагдай жок.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев да 24-февралдын кечинде "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнө катышып жатып, Украинада Кыргызстан 2010-жылы баштан кечирген окуялар кайталанып жатканын, Кыргызстан бул жолду төрт жыл мурда басып өткөнүн билдирди.

Ошол эле кезде расмий Бишкек Украинадагы бийлик алмашуу окуясы боюнча расмий позициясын билдире элек.

XS
SM
MD
LG