Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:20

Маданият

Электрик буги менен Европага таанылган Атай

Европадан жеңиштүү кайткан жаш бийчи Атай Өмүрзаков "Азаттыкка" миллиондорду багындырган чыгармачылыгынын айрым сырларын ачып берди.

Атай "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 30-декабр, 2011-жыл

Текст көлөмү - +

- Атай сыйлык кут болсун. Кыргызстанды Европага дүңк эттирдиң. Сени Бишкекте кандай тосуп алышты? Аэропортто гүл кармаган кыздар тизилип калыптырбы?

- Мен түн бир оокумда келдим. Эч ким деле тоскон жок. Аэропорттон акырын эч кимге көрүнбөй, өзүм эле таксиге түшүп келе бердим.

- Сага чех президентине караганда көп добуш берилди, ошондуктан кыргыз президенти муну эске алат деп ойлойм. Чехтердин эң атактуу ырчысы Люция Била сага үзүлүп түшүп жатты, интернет сайттарда “Атай аябагандай токтоо, жибектей созулган жигит экен” деп чехиялык, словакиялык кыздар улам кайра жазышканын окуп калдым. Ал эми кыргыз кыздары сенин назик мүнөзүңдү жактырышабы?

- (күлүп) Билбейт экенмин, жактырышса керек.

- Пантомиманын элементтери менен денеңди түз кармап, сыйгаланып бараткандай басканың, катып калып, бир гана мойнуң, башың менен кыймылдаганың өтө таң калыштуу көрүндү. Ушул деңгээлге жетиш үчүн канча саат машыгасың?

- Жаңы баштап жатканда күнүгө 6-7 саат машыгат элем. Азыр убакыттын тардыгына байланыштуу 2-3 саат гана бөлүп атам. Азыр бийди кандай алып чыгам, агы кандай маани берем деп ойлонууга көбүрөөк убакыт кетет.

- Ийгиликтин 5% таланттан болсо, калганы карандай эмгек деген ушул да. Жарым финалда сен көрсөткөн “Роботтун розага сүйүүсү” же болбосо финалдагы “Шайтан менен периштенин кармашын” ачууда пластика менен катар, музыкасы да аябай таасир этти деп ойлойм. Люция Била ал тургай көзүнө жаш алып жиберди. Ал эми финалдагы бийдин музыкасын ким жазган?

- Музыканы Словакиядан эле тандадым. Убакыт аябай тар болду. Мен чех же англис тилинде сүйлөй албагандыктан, музыкантка түшүндүрө албай кыйналдым. Ошондуктан өзүм тандадым. Чехиядагы досум Милан (Милан Риха – Алтайдын Ысык-Көлдө таанышкан альпинист досу жана котормочусу - ред.) дагы жардам берди. Баарын интернеттен эле ылайыкташтырып тандаганга аракет кылдым.


- Бийчилерден кимди пир тутасың? Бийиңдин стили кандай аталат?

- Бул бийдин түрү 80-жылдары жаралган. Заманбап бийлердин эң алгачкылары болуп ушу электрик буги саналат. Бирок ортодон жоголуп кеткен. Азыр бул бий менен дүйнөдө аз эле адам алектенет. Мен француз бийчиси Салахты пир тутам. Анын кыймылдары мени шыктандырат. Айрым бийлеринен идеяларды издейм.

- Нукура кыргызча айтканда, сага алкыш, Лос-Анжелеске барып калсаң, дагы көп сыйлыктардын ээси бол.
 

Жүктөө
 Атай “Чехия-Словакияда таланттар бар” телесынагынын финалдык   таймашында. Братислава, 2011-жыл
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Kylymbek каяктан: China
02.12.2011 12:20
Атай женишин кут болсун!
Атайды президент апасы менен кабыл алса жакшы болмок. Атай баардык ийгилигин апасына арнап жасайт жана бул эн чон эрдик. Атай бугунку кундун легендасы жана ошонун баарына талыкпас оз эмгеги менен жетти. Ушунун озу улууга дагы кичууго дагы чон улгу.
Чептен эрдин кучу бек - демекчи, биздин элдин байлыгы Кумтордо, же Мегакомдо эмес, биздин байлык ушул Атай сыяктуу таланттуу жарандарыбызда! Мына ушундай адамдарды баалообуз, барктообуз абзел.
Ал эми Атай башка жердин атынан чыгат экен же дагы башка маанисиз созду айтуунун кажети жок. Эгер кыйын экенсинер силер ошол денгээлдеги ийгиликти жаратып алгыла. Чындап келсе Атай силерден да кыйын патриот.

Атай сага ийгилик!

кимден: Mira каяктан: Seul
01.12.2011 19:46
atay azamat, Apandyn syiymygy, men videondon Apandy korup, ayabay yraazy, boldum, ushunday sendei balanyn, Apasy, bolgonuna, seninda ushunday Apan menen syimyktan!!! Apandyn bergen tarbiyasy, Apandyn emgegi, ozun omurluu, baktyluu bol, seni menen birge,Apana da omur, den sooluk kaalaiym, Menin birjarym jashtagy uulum, senin biuindi bir ele korup, uido kyltyndap buiulep, jurot, uulumdun ulutu korei bolso da, Atay baikem dep, kyrgyzcha aitat ,, Apan!!! Baktyluu,!!,Dagy bir jolu Apana den-sooluk, jana uzun uzun omur!!!

кимден: mika каяктан: chet mamleket
01.12.2011 19:29
Atay, biz sizdi Kreiyaga da taanytkybyz kelip, jatat, eger mumkunchuluk bolso bizdin elchilik menen baylanyshyp korboisuzbu? bul jakta da biuidu ayabay danazalashat, bul jaktan da synaktarga katyshyp korsonuz, chon suiuluktarga ee bolushunuzga kozum jetet

кимден: Кыр Найза каяктан: Алай
01.12.2011 17:30
Атайга Эл баатырын бериш керек! Ал татыктуу!

кимден: Tumar каяктан: Korea
01.12.2011 16:07
Azamatsyng Atai balli allaxx koldosun Kyrgyzdy duinogo tanyta ber jolung achyk bolsun.Birok sen kapalanba echkim tosup aldy dep bizdin atka minerler bir az kongul burup koiso bolmok atting,, atting .Seni Kyrgyzdyn eli suiot sen uchun Kyrgyz eli,jana sen Kyrgyz eli uchun bar bol!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.12.2011 14:17
LV'ka baryp katyshuudan bash tartpa. Myndai mumkunchuluk bir ele kelet. Oz onorundu Amerikada da korsotup kel. Kayda jurson da baari bir kyrgyz bolup kala beresin. Onorundu kanchalik kop jerde korsotson, oshonsho jerde Kyrgyzstandy taanitasyn.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.12.2011 14:05
Atai! Birinchiden jenishin menen kuttuktaim!
Ekinchiden bolso, aytat elem, sen bashkalardyn chygargan sozuno maani berbe, chehtin je slovaktyn jelegin kotorson dele sen biz uchun kyrgyz bolup kala beresin. Seni chehter menen slovaktar saga ishenip talant dep dobush berdi, andyktan alardyn ishenichin aktasan jakshy bolot. Kayakta bolson da, ichinde kyrgyz bolup kala beresin. Al emi Kyrgyzstandyn atyn sen bashkanyn jelegin kotorson dele chygarasyn. Ushul jenishin ele Kyrgyzstan uchun abdan chon siymik!

кимден: тоолук
01.12.2011 13:51
Рахмат сага, Атай. илгери Атай Огомбаев кыргыздын атын СССРге чыгарган болсо, сен дуйного чыгардын. ушул жонокойлугунон жазба. чен мунун баарына оз кучун менен жеттин. кыргыздын жакшы атын акыркы 20 жылда саясатчылар эмес, дал ушу сендей колдоосу жок оз кучу менен алдыга чыккан ырчы, бийчи, спортсмен жигиттер чыгарып жатат. омурун узун болсун, ден соолукта бол.

кимден: bek каяктан: kytai beijin
01.12.2011 13:51
kuttuu bolsun, manas atanyn arbagy koldosun.senin oor basyk munozun baardyk jakshylyktarga jetkiret .algan betinen kaitba.seni chondor emes kyrgyz elin baalp alat .

кимден: 50 жаштагы аган каяктан: Астана
01.12.2011 10:51
Аттиң, башка өлкөдөгүдөй кылып, Атайчикти жакшылап тосуп алса болмок. Министр культуры деген адам барбы өзү бизде, ошону уюштурганга көп каражат жумшалбайт го... Мейли, кандай болсо да асыл башың аман болсун! Сага окшогон скромный жигитке андай көкөлөткөндүн деле кереги жоктур. Биздин балитиктер азыр бир гана балитика менен алек. Бүгүн инагурация президента. Иши кылып эл-жерибиз аман болуп, экономикада жылыш болсун, анын ичинде сага окшогон уул-кыздарыбыздын чыгармачылыгы жана ишмердүүлүгү өсө берсин!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине