Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

"Элдик лотерея" элди алдаганбы?


"Элдик лотерея" соода маркасынын кезектеги оюн жарнамасы.
"Элдик лотерея" соода маркасынын кезектеги оюн жарнамасы.

“Элдик лотерея” соода маркасы астында иштеп жаткан «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ишканасын негиздеген адамдар Түркия жана Интерпол тарабынан издөөдө жүргөнү айтылууда.

Учурда аталган ишкананын үстүнөн кылмыш иши козголуп, бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал арада Жогорку Кеңеш депутаттары лотереяларды өткөрүүгө таптакыр тыюу сала турган мыйзамды коомдук кароого алып чыкты.

Соңку күндөрү “Элдик лотерея” деп аталган ишкананын башына кара булут айлана баштады. Бул ишканага адегенде февраль айынын башында Башкы прокуратура лицензиясы мыйзамсыз деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк лотерея оюндарын уюштуруудагы кемчиликтери боюнча да өзүнчө текшерүү жүргүзүлө баштаган.

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы "Азаттыкка" эми гана экспертизалык иштер аяктаганын, тергөө улантыларын маалым кылды. Ошондой эле кылмыш иши айрым Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын өкүлдөрүнүн үстүнөн да ачылышы мүмкүн.

"Элдик лотерея" утуштары түз эфирде Кыргызстандын КТРК каналы аркылуу көрсөтүлөт.
"Элдик лотерея" утуштары түз эфирде Кыргызстандын КТРК каналы аркылуу көрсөтүлөт.

​Миллиондогон акчаны ойнотуп, Кыргызстандын ар бир айылдарына чейин өз түйүндөрүн жеткирген “Элдик лотерея” уюшмасына Каржы базарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы жакында дагы баш багышы мүмкүн. Кызматтын өкүлү Эркингүл Бейшекеева буга "Элдик лотереяга" карата түшкөн эки арыз себеп болду дейт

- “Элдик лотереянын” тез ойнотулчу гипер төрт купон боюнча эки арыз түшкөн. Кайрылууларда жазылган фактылар боюнча Мамлекетик финанысылык көзөмөл жакында плансыз текшерүү жүргүзөт.

“Элдик лотереяга” каршы негиздүү доомат өткөн жылдын этегинде катталып, ага 22 миллион сомдук баш байге ойнотулбай ишкананын өзүндө калганы себеп болгон. Арыз менен кайрылган “Бат” коллектордук агенттигинин жетекчиси Талант Байгазиев “Элдик лотерея” мыйзамды одоно бузганын айтууда:

- “Элдик лотерея” жөнүндө мыйзамдын 14-беренесине ылайык, лотерея өткөрүү шарттарына ылайык утуш кору толугу менен ойнотулушу керек деп жазылып турат. Сумма толугу менен таратылышы керек. Ошондой эле утуш акчалары уюштургандардын менчиги болуп эсептелинбейт. Мындай учурлар беш-алты жолу катталган. Биз болсо конкреттүү 30-сентябрдагы учур боюнча кайрылдык. Анда ишкана 20 миллионду өзүнө кымырып алды. Демек оюнга катышкандарды жеңип алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшкан.

Бул арыздын негизинде иликтөө жүрүп Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда териштирүү азырга чейин уланып жатат.

Карыздарды өндүрүү боюнча жеке ишкананын жетекчиси Талант Байгазиев “Элдик лотерея” соода маркасын иштетип жаткан «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ачык акционердик коомунун түркиялык негиздөөчүлөрүнүн үстүнөн да иликтөө иштери башталганын кыйытты. Анын айтымында, ишкана негиздөөчүлөрүнүн бири Түркиянын күч органдары жана Интерпол тарабынан издөөгө алынган.

- «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» түркиялыктардын ишканасы. Анын директору Түркияда көз боёмочулук боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө жүрөт. Аны Интерпол да издөөгө алган. Түркиядан качып келген адам Кыргызстанда ишкана ачып, пайдасын көрүп жатат. Мына бүгүнкү күнгө чейин пайда таап жатышат. Ал эми Мамлекеттик финкөзөмөл кызматы эч нерсе кыла албайт экен. Колу кыска. Болгону тигил же бул кагаздарын текшерип коюп тим болот. Негизи бул мыйзам алешемдигине барып такалууда.

«Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ачык акционердик коомуна кайрылып, текшерүүлөр жана дооматтар тууралуу жооп ала алган жокпуз. Ишкана өкүлү жакында бул боюнча атайын маалымат жыйын өтөрүн билдирди.

Ал ортодо Жогорку Кеңеш депутаттары Кыргызстанда лотерея сатууга жана ойнотууга таптакыр тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Демилгечилердин бири Майрамбек Расулов мыйзам Жогорку Кеңеш талкуусуна апрелдин ортолорунда коюларын маалым кылды.

Былтыр да Жогорку Кеңеште лотерея ойноткон компанияларга талапты катаалдаштыруу тууралуу маселе көтөрүлгөн. Анда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов даярдаган мыйзам көпчүлүк депутаттардан колдоо таппай, долбоор өтпөй калган.

Кыргызстанда 15 компанияга лотерея билеттерин ойнотуу боюнча лицензия берилген. Алар жалпысынан 35 түрдүү билет ойнотушат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG