Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:24

Дүйнө

Москвадагы жардыруулар үчүн Путин сындалууда

Орусиянын метросундагы жардыруудан кийин премьер-министр Владимир Путин күнөөлүүлөр сөзсүз табылып, жок кылынаарын айтты. Анын бул жолку билдирүүсү президент болуп турган учурдагы айткан кебине окшошуп кетти. Ал дайыма эркиндикти коопсуздук үчүн садагага чаап келген.

Текст көлөмү - +
Бирок 1999-жылы бир топ үйлөрдөгү жардыруулардын, 2002-жылкы “Норд-Ост” театрындагы, 2004-жылкы метродогу жардыруулардын, Бесландагы барымта окуяларынын сабагын эске алгандар азыр Путиндин бу саясаты натуура экенин көрсөттү деп жатышат.

Москвадагы “Парк культуры” метро станциясынан дагы эле жардыруунун үнү басыла электей...

Бул жерде набыт болгон бейкүнөө адамдарды эскерип, улам ары-бери өткөндөр гүлчамбарларын коюп жатышат. Төгөрөктө азыр баарынын эле көңүлү чөгүп тургандай сезилет.

Өзүн Евгений деп тааныштырган жигиттин айтымында, азыр метродо жүргүнчүлөр бири-бирине шектүү карай башташты.

“Абал курчуп турат, - дейт Евгений. - Адамдар улам бири-бирине кызыкча карап коюшат. Мен өзүм да вагонго отурушум менен айланамды карай баштаганымды сездим. Чындап эле коркунучтуу болуп калды”.

Мындан 11 жыл мурда, Владимир Путин эми гана чоң саясатка келгенде, Орусияны мына ушундай эле коркунуч каптагандай көрүнгөн. 1999-жылдын күзүндө бир топ үйлөрдөгү жардыруулар Владимир Путинге экинчи чечен согушун башташына ыңгайлуу шарт түзгөндөй болду эле.

Саясатка КГБнын стилиндеги так кесе сүйлөгөн чечкиндүү кадамдары менен келген Путин орусиялыктарды терроризмден сактап кала ала турган лидер катары тез эле популярдуу болуп кеткен. Өзүнүн айланасына коопсуздук кызматтарынын адамдарын топтоп, өлкөдө “демократиядан да тынчтык артык” деген саясат жүргүздү.

Бирок дүйшөмбүдөгү кош жардыруудан кийин Путиндин сынчылары анын “коопсуздук үчүн демократиялык баалуулуктарды садагага чапкан саясаты ийгиликке алып келбеди” дей башташты.

Путин өзү дүйшөмбүдө “террористтер жок кылынат” деп убада берди. Ошондой эле билдирүүсүн ал шейшембиде да кайталагандай болду.

“Азыр алар жердин түбүнө жашынып калышканын билебиз, - деди Путин Москвада. - Эми террористтерди ошол жерден сууруп алуу – укук коргоо органдарынын милдети.

Бирок көпчүлүк орусиялыктар бул ирет анын айткандарына ишене беришкен жок окшойт.

Ийгиликсиз саясат

Жаш активист Илья Яшин анын өлкөсүндө Путин соңку жылдары болгон бүт нерсеге жооптуу экенин, анткени ал болгон бийликтин баарын өз колуна топтоп алганын айтат.

“Путин терроризмди жеңем деп 11 жыл мурда да касам ичкен. Бул үчүн биздин жарандык да, саясий да укуктарыбызды тартып алды. Губернаторлорду да эл шайлашына жол бербей койду. Мунун баары Владимир Путиндин жеке бийлигин күчөттү, бирок биздин коопсуздугубузду жакшырткан жок. Ошондуктан дүйшөмбүдөгү жардыруулар Путиндин антитеррористтик саясатынын жарабай калганын көрсөтөт”, - деди активист Яшин.

Москванын метросундагы соңку жардырууларды азыр өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн утулушу катары сыпаттап жатышат. Демек, жакынкы арада коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилигинде кимдир бирөө жоопко тартылып, кызматтан алынышы мүмкүнбү?

Эзилген эркиндик

Аналитиктер мындай болушу мүмкүн эмес дешет. Анткени Путиндин чөйрөсү дээрлик толугу менен айтылуу “силовиктерден”, күч органдарынын кызматкерлеринен, турат.

Саясий эксперттер мындан аркы абал Беслан окуяларынан кийинкидей нукта өнүгүшү мүмкүн дешет. Бесландагы барымта окуяларын Путин Орусияда губернаторлорду шайлоону жоюп, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтүү үчүн колдонду эле.

Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Лилия Шевцованын ишениминде, акыркы окуяларды бийлик өлкөдө адамдардын саясий жана жарандык укуктарын чектөө үчүн колдонушу мүмкүн.

“Биздин система демократиялык эмес. Мамлекеттин жана бийликтегилердин коопсуздугу эң башкы орунда турат. Анан аягында гана жарандардын коопсуздугу жөнүндө ойлонушат. Демек, жакын арада адамдардын саясий жана жарандык укуктарын чектөөгө багытталган аракеттердин болушун күтсөк болот”, - деди Карнеги борборунун саясий эксперти Лилия Шевцова.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз атуулу каяктан: Россия
04.04.2010 13:34
Кыргызстанга деле Путиндей адам керек. Ал кантсе да өз өлкөсүн кыйла алга жылдырып, элдин кардын тойгозуп койду. Темирдей тартип болбосо Россия бытырап кетпейби. Путиндин катуулугунан, ишти көзүн билген чыгаан саясатчы болгонунан улам Россия ушул даражага жетип, дүйнө жүзү Россияны кайра таанып калбадыбы. Бирөөнү сындагандан көрө өзүбүздүн мамлекетти кантип көтөрүүнүн жолун ойлосок туура болчудай. Ал эми террактка Путиндин тиешеси жок болсо керек. Кудай таала андайдын жүзүн ары кылсын.

кимден: daabek каяктан: saudia
01.04.2010 21:19
assalamu jalpy musulmandarga,emi biz Rossiada bolboylu Amerikada bolboylu yryskybyz Allahtan,oshon ychyn ech shektenbesten kaysyl jerde bolso da yrysky tabuu sebepterin kyla beryy kerek,bizge ech kim payda zyian bere albayt,Allah kaalamayncha,bul bolgonu dushmandardyn sayasaty ekendiginde shek jok...

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
01.04.2010 13:12
Бир кыйла убактан бери милициялар көп документтерге асылбай калган. Эми бир күндө 3 жолу текшерчү болду. Бирок, документиң туура болсо, өзүң анча мынча өз укугуңду билсең бул жактын милициялары деле эчтеке дебейт. Күнөө негизи өзүбүздүн кыргызда. Биртке акчасын аяп документин туура жасап алышпайт. Андан дагы, туура эле кылып берем деп жанын жеп туруп, окшоштуруп жасап берип койгон туугандарыбыз да бар. Ошондойлорго да алдатпайлычы.

кимден: роза каяктан: москва
31.03.2010 19:48
Ошол күнү биз деле жумушка жөнөп метродо болчубуз эч поезд келбейт күтүп турганбыз поезд себептер менен кармалып жатат эшикке чыгып автобус менен кетишиңерди сурайбыз деп айтып жатты радио узелден, ошол күнү бат эле азият улутундагы жана кавказский внешностогу адамдарды милиция кызматкерлери докменттерин текшерүүгө алышып тизип алышыптыр метронун чыга бериш жерине ,Биз деле жашырынып өтүп кеттик, Бирок ал жарылып жок болгур адам славянский внешностогу аял деп айтып жатышат го телевидение жана маалымат каражаттары да жазып чыгууда ,кечээ НТВ каналынан болго передачада да белгилүү саясий ишмерлер да айтып кетишти "Биз сразу эле бизге иштеймин деп келген адамдардан күмөн санабастан өзүбүздүн арабыздан карап көрөлү,жакында эле Невский Экспресте жардырууда деле кылмышкер орус улутундагы адам болуп чыкты келгиле андан көрө чындыкты издеп бул кырсыкты болтурбоого аракт кылалы "деп айтышты,Кыскасы тынчылык болсун ,Кудайга шүгүр кырсыка кабылгандардын арасында Кыргызстандыктар жок экен, бей убак көз жумгандардын арасында Тажикстандын жарааны Умед Ахмедов деген адам бар экен ,жайы жаннатан болсун,

кимден: Kubanychbek каяктан: dubai
31.03.2010 17:10
Turgunbai tyyra aitasin.
men dubaidan Moskowogo bardim jumushtar menen,tyygandar aitat orustun menteri kochodo korup kalsa mashinasi menen kuup karalar dep akchasin tartip alat eken,Kyrgyzdar ozunorgo sak bolgula tapkan akchanardi jaman jolgo chachbai oshonu koboitkulo Kyrgyzstanga kelip bir bessnes kilgila.syykta ishtep kelip jaman mashina alip bir ai aidap kaira barip ishtebei,al mashinani emki kelgenche yidogy jalkoo ini agalar byzat,ata ene ach kalsa mashinandin chetiden jebeit da,Tyygandar tapkan akchani yigo salgila,saunaga kizdarga barbai,ushundai jaman tyshyktor kilgan jaman gynolorgo bailanishtyy chiga beret.
Kudaidi esten chigarbasan boldu.
aman bolgula.
s/u
Kubanychbek dubaidan.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
31.03.2010 15:29
Эми Орусиядагы мусулман калкына, айрыкча мигранттарга карата катаал чаралар башталат. Муну бийлик тарап атайын пландаштырды деген божомолдордо да жан бардай. Кудай сактасын. Эгер Медведев менен Путиндин ниети бузулган болсо, кайдан болбосун өз өлкөсүн "каралардан" тазалап алат. Бизге эле кыйын болчудай.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)