Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:30

Дүйнө

АКШнын аскерлери Ооганстандан убагында чыкпай калышы мүмкүн

АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн командачысы, генерал Дэвид Петреус аскерлер келерки жылдын июлунда Ооганстандан чыгарылбай калышы мүмкүн экенин эскертти. Ал арада АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс аскерлер буга чейин жарыяланган мезгилде өлкөдөн чыгарыла баштаарында шек жок деп билдирди.

Генерал Дэвид Петреус: "Эгер шарты туура келсе..."
Текст көлөмү - +
Буга чейин президент Барак Обама чет-өлкөлүк аскерлер Ооганстандан келерки жылдын июлунан тарта чыгарыла баштаарын билдирген.

Эми Генерал Дэвид Петреустун билдирүүсү Обаманын администрациясында жарака кетти дегенди билдиреби?

Бул азыр башкы суроо болуп турат. Анткени Коргоо министри аскерлердин чыгарылышы мурда пландалган мөөнөттөн жылдырылбайт деген эле.

Жекшембиде америкадагы NBC телеканалына сүйлөп жатып, Петреус талиптер менен согуш “кээде ийгиликтүү, кээде оор” болуп жатканын, согушта жеңиш болуп жатканына баа берүү азырынча эрте экенин айтты.

Анын ишениминде, президент Барак Обама аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн “заматта аткарыла турган иш эмес, процесс” катары атаган. Демек, президенттин буйругунун аткарылышы “жагдайга жараша” болот.

“2011-жылдын июлу - кырдаалдын кандай экенине жараша аскерлерди чыгаруу баштала турган учур, - деди Петреус. - Эгерде шарты ылайык келсе, биз көзөмөл кылыш үчүн жоопкерчиликти өзүбүздүн ооган өнөктөштөрүбүзгө, коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп беребиз. Ошондо аскерлерибизди чыгарып кетүүгө мүмкүндүк жаралат”.

"Өзгөчө маанилүү учур"

Бул пикирин генерал башка да бир топ гезит-журналдарга айткан. Маселен, "The New York Times" басылмасындагы интервьюсунда: “Непада талиптер ушул өзгөчө маанилүү учурда бир аз артка чегинип, биз кеткенде, кайра чыга калабыз дешсе, жаңылышат”, - деген эле.

Бирок АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс "The Los Angeles Times" гезитине сүйлөгөн сөзүндө: “Аскерлер 2011-жылдын июлунда сөзсүз Ооганстандан чыгарыла баштайт. Мында суроо да болбошу керек”, - деп ишендирген.

Аскерлерди ошол айтылган учурда Ооганстандан чыгарып кетүүгө каршы болгондор “Мунун өзү талиптерге АКШ узакка согуша албастыгын көрсөттү деп жар салганга жол берет” дешкен.

Дэвид Петреус НАТОнун Ооганстандагы 140 000 аскерине башчылыкка келгенден бери алгачкы ирет журналисттерге сүйлөдү. Ал буга чейин АКШнын Ирактагы аскерлерин башкарган. Быйыл июнда Ооганстандагы миссиянын жетекчиси, генерал Стэнли МакКристал президенттин администрациясындагы айрым жогорку даражалуу өкүлдөрдү сындаганы үчүн кызматынан алынган кийин, анын оордуна Петреус дайындалган эле.

Анын билдирүүсү Американын өзүндө жана Ооганстанга аскерлерин жөнөткөн башка мамлекеттерде согушка каршы маанай күчөп турган учурда жасалды. Өткөн айда ооган жеринде америкалык 66 аскер курман болгон. Ал жакта согуш 2001-жылы башталгандан бери бир айда мынчалык көп аскер өлгөнү каттала элек болчу.

Эки апта мурун Голландия ал жактан өзүнүн аскерлерин чыгарып кеткен. Канада болсо Кандагарга жайгаштырган аскерлерин келерки жылы алып кетүүнү пландап жатат. Ошондуктан аскерий операцияларда америкалык жана британиялык аскерлер гана катышып жатышканы айтылууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурик
17.08.2010 08:33
талибтер менен согушуп аларды ЭЧ качан ЭЧ ким женбейт. анткени алар оз жеринде -тоо-таш, байлыктын кереги жок, мыйзамдын кереги жок, бир кана ой(идея) - батыштын навязчивый маданиятынан алыс болуу... батыш болсо согушат, налогоплательщиктердин акчасын корото берет анан бир куну банкрот болгондо советтердей болуп баарын таштап качат. менин козум ачык эмес, мен тарыхты жакшы изилдеп чыккам

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)