Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Путиндин бийликтеги 10 жылы


1999-жылы премьерликтен кетип жаткан С.Степашин жаңы премьер В.Путинге ийгилик гана каалады. "Калган бүт нерсе анын өзүндө бар", - деген эле Степашин
1999-жылы премьерликтен кетип жаткан С.Степашин жаңы премьер В.Путинге ийгилик гана каалады. "Калган бүт нерсе анын өзүндө бар", - деген эле Степашин

Бийликтеги карьерасын премьерликтен баштаган Владимир Путин кайра бул кызматка кайтып келгенге чейинки 10 жылда орустун жаңы тарыхын өзгөрттү.

10 жыл мурда августтун дал ушу күндөрү Орусия бөлүнүп жарылуу алдында араң эле турган мамлекет эле. Өлкө саясий, экономикалык, социалдык оор кризиске кептелип, ар жагынан майда республикаларынын эгемендик жөнүндөгү талаптарынын курчоосунда калган.

Путиндин авторитети пропагандага негизделген
9-августта президент Борис Ельцин сыртта эмес, өзүнүн өлкөсүндө да аты анча чыкпаган, жылдызы көрүнбөгөн Владимир Путинди орус өкмөтүнүн башчысы кылып дайындаганда, буга дүйнө да, Орусия өзү да анча маани бербеген эле. Ал учурда ушул киши алдыдагы 10 жылда Орусиянын тагдырын биротоло өзгөртүп салат деп эч ким деле ойлобосо керек.

Борис Ельцин (оңдо) Кремлди Владимир Путинге (солдо) калтырды, 31-декабрь, 1999
Борис Ельцин Федералдык коопсуздук кызматынын 46 жаштагы мурдагы жетекчисин өкмөт-башчысы катары гана эмес, өзүнүн мураскери деп да көрсөттү. Саясий системасы негизинен лидердин образына байланган Орусия үчүн бул өзгөчө маанидеги билдирүү эле.

Ельциндин чечимин журналисттерге премьерликтен кетип жаткан Сергей Степашин жарыялады: “Эрте менен мен президент менен сүйлөштүм. Ал мага аткарган ишим үчүн ыраазычылык билдирип, мени кызматтан бошотту. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып, Коопсуздук кеңешинин катчысы жана ФСБнын директору Владимир Владимирович Путинди дайындады. Мен аны ак ниет, татыктуу адам деп билем. Мен ага ийгилик гана каалайм. Калганы анда бар”.

Тартип - путиндик саясаттын маанилүү түшүнүктөрүнөн
Ошол кезде Степашиндин бул сөздөрү канчалык көрөгөчтүк менен айтылганын талдоочулардын көбү түшүнгөн эмес. 10 жыл ичинде Путин өзүн күчү ашып-ташып турган Орусиянын таасири талашкыс, ачык лидери деп даңазалай алды.

А бирок эми эле өкмөт-башчылыкка келген кезде ал журналисттердин көзүнө тике карай албаган, сүйлөгөндө жер карап, өзүнө-өзү ишенбегендей түр калтырган тажрыйбасыз саясатчы өңдөнгөн эле. Путин проблемаларга белчесинен батып, баш-аягын таппай калган Орусиянын өкмөтүнө келгендеги парламенттеги алгачкы сөзүндө өлкөнү тартипке салуу зарыл деген. Дал ушул “тартип” боюнча түшүнүк кийин “путиндик саясаттын” негизги аныктамасы болуп калды окшойт.

“Азыр баарыбызды саясаттын туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү ойлонтушу керек, - деген эле ал депутаттарга. - Буга биз эң оболу тартип менен дисциплина болбосо, жете албайбыз!”.

Дубровкадагы театрда "Норд-Осттун" жарнамасы, 26-октябрь, 2002
Мына ушул окуядан бир ай өтүп-өтпөй Орусияда төр башка жерде көп кабаттуу үйлөрдө жардыруулар болду. 300 жакын адам мүрт кетти. Өкмөт муну чечен сепаратисттери жасады деп айыптаган. Кийинчерээк Кремлдин сынчылары өкмөт экинчи чечен согушун башташ үчүн үйлөрдү атайылап өзү жардырткан деп да айтып жүрүшкөн. Биринчи согуш аяктаганына үч жыл болгондо, 1-октябрда, орус танкелери кайрадан Чеченстанды бастырып киришти.

Андан кийинки “путин доорунда” өзгөчө эсте калган окуялардын арасында 2002-жылкы “Норд-Ост”, 2004-жылкы Беслан, ошол эле жылдан тарта губернаторлордун шайланбай дайындалышы, 2006-жылкы бейөкмөт уюмдарга кысым, ошол жылдын күзүндө белгилүү журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү, жана 2006-жылы Лондондо ууланып өлгөн Литвиненко менен байланышкан окуялар эске келээр.

Владимир Путиндин президент катары негизги кемчилиги деп өлкөдө Ельциндин тушунда эми гана өнүгө баштаган демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги өңдүү фундаменталдык баалуулуктарды тааныгысы келбегенинде болду дешет. Жумуриятта региондордун башчыларын жергиликтүү эл эмес, президент өзү дайындайт, оппозиция дээрлик жок кылынган, партиялар баш ийдирилген, маалымат каражаттары толук көзөмөлгө алынган. Мамлекеттеги бейөкмөт уюмдар чет-өлкөлөрдүн тыңчылары деп айыпталып, өлкөдө оңой контролго алына турган псевдо-бейөкмөт уюмдар түзүлгөн.

Путин ушул айдын башында Түштүк Сибирде эс алып, 57 жашында да сууда мыкты сүзө ала турганын көрсөттү
Канткен менен пейли кенен, бирок аракты жакшы көргөн, тартип дегенди анча түшүнгүсү келбеген, бирок либералдуулукту сүйгөн Ельциндин саясатынан чарчап, мамлекетти башкарууга “муштуму бекем” бирөө келишин каалаган орус калкы В.Путинди 10 жыл бою колдоп турду. Анын саясатын калктын 70% такай жактырып келет. Бирок эл пикирин иликтеп келаткан Левада борборунун өкүлү Борис Дубин мунун баары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан пропаганданын айынан түзүлгөн гана кырдаал деп ишенет.

“Путиндин авторитети, анын саясатын колдоо өңдүү көрүнүштөр көбүнчө ушунун айынан болгон, - дейт ал. - Мамлекеттик маалымат каражаттары “Өлкөдө Путинден башка эч ким жок” деген ойду жылдар бою элдин мээсине куюп келатышат”.

Азыр эми Путиндин мезгили өттү деп эч ким айта элек. Ал орустун чоң саясий сахнасына премьер-министр катары келгенден бери 10 жыл өткөндөн кийин, азыр кайра эле баштапкы казыгына кайтып, премьер-министр катары дайындалган. Азыр ал өзүн экономикалык кризис менен күрөшкөн өлкөдөгү башкы адам катары көрсөтүп, 2012-жылга карата экономикадагы өсүш эми башталганда кайра мамлекетти жетектеп калышын эч ким жокко чыгара албайт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG