Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Кыргызстандыктын өлүмү орус абагын көтөрдү


Орусиянын Свердловск облусундагы №46 күчөтүлгөн Невьянск колониясынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө кыргызстандык жарандын каза болушу ачкачылык акциясы менен коштолду. Нааразылык акциясына катышкан абактагы 400гө чукул киши кылмыш ишин козгоп, фактыны тергөөнү талап кылышты.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун маалыматына караганда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми түрмө башчысы менен орун басары кызматтарынан убактылуу четтетилишти.

Свердлов облусу боюнча жаза аткаруу Федералдык кызматынын маалымат катчысы Александр Левченко акция уюштуруучулар ачкачылыктын себебин жаза өтөп жаткан кишинин өлүмүнө байланыштырып, бирок талаптарын айтпаганын билдирди:

- 5-июлда эртең менен абактагы 400гө чукул киши тамактануудан баш тартты. Алар эмне себептен мындай кадамга барып жатканын түшүндүрүшкөн жок, талап да койгон жок. Атайын топ түзүлүп, курамына тиешелүү органдардын баары кирди. Абактагылар тамактан баш тартканын реанимацияда каза болгон адамга байланыштырышты. Алар менен тергөөчүлөр иштеп жатат. Балким тергөөчүлөргө маалыматтарды беришер.

Айрым маалымат булактарда акцияга чыккандар өлүм боюнча кылмыш ишин козгоп, акыйкат тергөө жүргүзүүнү талап кылышкандыгы айтылууда. Камактагылардын талаптарын облустук Жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы, облустук прокурордун 1-орун басары, адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана коомдук байкоочу комиссиянын бир нече өкүлү абакка келип угушкан.

Ким сабаганы тергөөдө аныкталат...

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугунан “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусиянын Свердлов облустук тергөө комитети кызмат абалынан пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Азырынча набыт болгон кыргызстандыктын аты-жөнү ачыкка чыга элек. Маркум 2012-жылы каракчылык кылган деп айыпталып, камалганы айтылууда. Свердлов облустук жаза аткаруу башкармалыгынын маалыматына караганда, кыргызстандык жаран 3-июль күнү жаза бөлүмүнө камалган, сабалган бул адамдын абалы начарлаганда ооруканага которулган. Анын бир күндөн кийин каза болгонун Башкы консулдуктун атташеси Азат Береналиев билдирди:

- Маалымат боюнча биздин жаранды сабап коюшкан. Ким сабаганы азыр тергелип атат. Тергөө иштеринде биздин консулдуктун адистери дагы мүчө болуп кирди. Азыркы учурда эки статья менен иш козголду. Натыйжада колониянын жетекчиси жана орун басары кызматтан алынды. Ошондой эле жетекчисине иш козголду.

Маалым болгондой, Орусиянын абактарында жалпысынан 2400гө чамалуу мекендешибиз бар. Алардын дээрлик жарымы майда кылмыш кылганы үчүн отурушат. Ошондой эле маңзат менен кармалып мөөнөтүн өтөп жаткандары да басымдуу.

Видеодогу жигит түрмөдө ажал тапкан кыргызстандык жаран менен үч жыл чогуу отурган.

Мунапыс мыйзамы не болду?

Жазында парламент депутаттары орусиялык кесиптештери менен жолукканда жеңил кылмыш кылган кыргызстандыктарга мунапыс берүү тууралуу сүйлөшкөн. Натыйжада Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусияда мунапыс тууралуу мыйзам кабыл алынып, анын ичинде абакта отурган кыргызстандыктар да амнистияга илинип калууга мүмкүнчүлүк алышты.

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев мунапыстын арты менен миңге чукул мекендеш эркиндикке чыгышы керектигин “Азаттыкка” айтып өттү.

- Парламенттер аралык комиссияга мунапыска биздин мигранттарды да киргизүүнү сүйлөшкөнбүз. Демилгени Орусиянын депутаттары да колдоп беришкен. 9-майда мыйзамга кол коюлду. Эми элчилик менен Миграция министрлиги ар бир абактагы жарандарды аныктап, кимдер мунапыска илинерин иликтеп, тизмесин бериши керек.

Эксперттер Орусияда кыргыз жарандары жасаган кылмыштардын өсүшүн ал жакта мигранттардын жылдан-жылга көбөйүшү менен түшүндүрүүдө. Алсак, мындан үч жыл мурун Орусияда 1200 жаран абакта болсо, учурда алардын саны 2 жарым миңге чукулдады. Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусияда 600 миңге жакын кыргызстандык жашап, иштейт.

XS
SM
MD
LG