Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

ФМСтин укугу полицияга өтмөй болду


Мигранттар, Орусия. 2015
Мигранттар, Орусия. 2015

Орусияда Федералдык миграция кызматы өз алдынча структура катары жоюлуп, ички иштер министрлигине кошулмай болду. Структуранын өзгөрүшүнүн мигранттарга таасири кандай болушу мүмкүн?

ФМСти жоюу тууралуу буйрукка президент Владимир Путин 5-апрелде кол койгон.

Өзүнчө мекеме катары жоюлган Федералдык миграция кызматы (ФМС) 1-июнга чейин ИИМге толук өтүшү керек. Мурда миграция маселелерин 36 миң кызматкер тейлесе, эми ал 11 миңге түшөрү болжолдонууда.

Жаңы өзгөрүү тууралуу азырынча мигранттардын калың катмары толук кабардар эмес. Ал эми коомдук турмушка активдүү аралашкандар мындан чочулашууда.

Москвадагы “Простые решения” консалтинг компаниясынын жетекчиси Азамат Адылгазиев жаңы өзгөрүү карапайым мигранттарга кошумча түйшүк алып келет, "кара тизме" калыңдайт деген пикирде:

- ИИМге жыйынтык керек да. Мына биз ФМСке караганда мыкты иштеп атабыз деп ким болсо да кармаган кишини өлкөдөн чыгарып же депортация кылышы мүмкүн. Негизи эле миграция жаатында буйрук же башка бир өзгөрүү болгондо сөзсүз ошондой болуп турат. Азыр Орусияда дээрлик ар бир кыргызстандыктын каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткен, миграциялык маалыматтары кандайдыр бир базага түшпөй калган жана башка мүчүлүштүктөрү бар.

Түрдүү жолдор менен Орусиядагы чет элдик мигранттарды азайтууну көздөп жатышат. Анткени иш оруну жок.
Абдулло Давлатов

ФМС ИИМдин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы болуп түзүлөт. Бирок ага жамынып, башка бөлүмдөгүлөр деле карапайым чет элдиктердин жон терисин сыйрышы мүмкүн. Азамат Адылгазиев Орусияда мындай көрүнүштөр буга чейин деле көп болгонуна токтолду:

- Көчөдөгү полиция кармап, каалаган ишин кыла берет. Ыйгарым укугу, мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мыйзамга таянып каалаган ишин жасайт. Мурда анча-мынча акча берип бүткөн иш эки эсе оор бүтөт дегендей.

Чет элдиктерди каттоого алуу, ишке уруксат берүү ж.б. милдеттерди аркалаган Федералдык миграция кызматы кызылдай акча жасаганы, коррупцияга терең батканы тууралуу кеп-сөздөр мигранттардын эле эмес, орус бийлигинин оозунан да көп чыгат. Бул кызматты бизнеске айландырып алгандары тууралуу байма-бай айтылып келет.

Москвада жашаган миграция боюнча эксперт, тажикстандык Абдулло Давлатов ФМСтин жоюлушунун бир себеби катары мына ушул жемкорлукту ооздуктоо экенин белгилейт. Экинчиден, санкциялар, экономикалык кризис шартында каражатты үнөмдөө саясаты. Ошондой эле дагы бир маанилүү себеп бар:

- Бул Орусия өкмөтүнүн структуралык оюндары. Акыркы убакта экстремизм, жаштарды радикалдуу топторго жолотпоо шылтоосу менен басым-кысым көбөйүп жатканын көрүп атабыз. Түрдүү жолдор менен Орусиядагы чет элдик мигранттарды азайтууну көздөп жатышат. Анткени иш оруну жок. Орусиянын аймактарында ишкана жумушчулары кыскарууда. Мына ушул ички маселесин эске алып, чет элдиктердин санын азайтып атат.

Байкоочулар мигранттар арасындагы диний-экстремисттик топторго кошулгандар, Сириядагы кагылышка кеткендер көбөйүшүнө байланыштуу Орусиянын ИИМи бул ишти түздөн түз өзү көзөмөлдөөгө белсенгенин белгилешет.

ФМСтин расмий эсеби боюнча, ушу тапта Орусияда 10 миллиондон ашуун чет өлкөлүк бар болсо, алардын 9 миллионго жакыны КМШ мамлекеттеринин жарандары. Алардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары. Бейрасмий эсепте Орусияда миллиондун тегерегинде кыргызстандык бар экени айтылат.

XS
SM
MD
LG