Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Орусия: мигранттардын маяна көйгөйү


Орусияда иштеп жүргөн борборазиялыктар.
Орусияда иштеп жүргөн борборазиялыктар.

Орусияда иштеп жаткан чет элдик мигранттар арасында акыркы кездери эмгек акыга байланыштуу нааразылыктар күчөй баштады.

Москва метрополитенинде курулушта иштеген ондогон мигранттар акчасын ала албай, эки жумадан бери каршылык билдирип жатышат. Нижный Новгород шаарында болсо Футбол боюнча дүйнө чемпионатына курулуп жаткан стадиондо иштеген борборазиялыктар маяна убагында берилбегендиктен, ишке чыкпай коюшту.

34 жаштагы Анвардын Орусияда иштегенине эки жылдай болуп калды. Кесиби экономист бул кыргызстандык жигит чет жерде туруктуу жумуш таба албай убара:

- Азыр Нижний Новгороддо стадион курулуп жаткан жерде иштейм. Февралдын айлыгын ала элекпиз. Он-он беш киши нааразы болуп, чоңдорго айтышкан. Алар чечип беребиз дешкен. Бирок чечилеби, жокпу билбейм. Мурда Москвада курулушта жүргөнмүн. Башында үч ай акча төлөп, кийин эки ай бербей коюшкан. Анан бул стадион курулуп атат деп угуп, жумуш сурап келгем. Мунусунда да акча маселеси жаралды.

Анвар азыр башка жерден жумуш караштырып жатат. Бул ирет курулуш тармагында эмес, соода же кызмат көрсөтүү жаатында иш тапкысы келет. Анткени акыркы кездери курулушта иштегендер маянасын ала албай калган учурлар көбөйө баштады.

Нижний Новгороддо курулуп жаткан стадиондо 2018-жылы Дүйнөлүк футбол чемпионаты өтүшү керек. Курулуш иштерин үч компания жүргүзөт. Расмий маалыматтар боюнча, жумушчулардын 300гө жакынын борборазиялыктар түзөт.

Ал жерде ширетүүчү болуп жүргөн өзбекстандык Улугбектин айтымында, маянасын эки айдан бери албай жүргөндөр марттын башында иш ташташкан:

- Стадиондогу жумуштар сентбярда башталган. Бул жерде түрктөрдүн үч фирмасы иш жүргүзөт. Мен ошолордун биринде иштейм. Башкы кеңселердин баары Москвада. Келишим боюнча, жаңы жумушка келген адамга биринчи айлык кечиктирип берилет. Ага макулбуз. Бирок эки айдан бери маяна албай калдык. Ошондуктан, марттын башында ишти токтотконбуз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, түрк фирмалары жасаган жумушту Москва кабыл албай жатыптыр. Алар кабыл алса гана каражат бөлүнөт экен.

Стадиондогу курулушту “Ма-На Строй” компаниясы жүргүзөт. Ал эми буйрутмачы компания - “Стройтрансгаз” саналат. Куруучулар компаниялар ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөн улам мигранттар жабыр тартып жатканын белгилешип, муну доо кеткен орус-түрк мамилесине байланыштырышат.

Бирок “Стройтрансгаздын” Нижний Новгороддогу өкүлү Александар Батуев маянага байланыштуу маалыматтар чындыкка дал келбестигин айтып, каржы маселесинин баары аткаруучу компаниядагы алешемдиктен чыкканын белгиледи жана жагдай иликтенерин кошумчалады. Ал эми түркиялык компания менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал арада Орусиянын расмий агенттиктери стадиондогу курулушчуларга маяна бериле баштаганын жазып чыгышты. “Азаттык” радиосу мигранттар менен кайра байланышканда, муну алар да бышыктап, иш таштоо акциясы жана журналисттердин жардамы менен эмгек акыларын алышканын, жумуш кайра улана баштаганын билдиришти.

Эске салсак, футбол чемпионатына байланыштуу Орусиянын түрдүү шаарларында 12 стадион курулууда. Анын көбүндө мигранттар эмгектенишет.

Апта башында “Дождь” телеканалы Москва метрополитенинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ингеоком” компаниясы өзбекстандык жана тажикстандык мигранттарга акы бербей жатканын кабарлады. Жумушчулар нормадан ашык иштешерин, бирок ал бааланбай жатканына да даттанышкан.

Маалыматка караганда, өткөн жума соңунда нааразы жумушчулар фирманын баш кеңсесинде пикет да уюштурушкан. Аталган фирма январь-февралдын маянасы кармалганын, бирок үч күн ичинде маселе чечилерин апта аягында билдирген.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, метро курулушу сыяктуу жер астындагы жумуштар 6 сааттан көп созулбашы керек. Ага карабай, 10-11 сааттап иштеген мигранттар табылат.

Адистер Орусияга иштегени келгендердин басымдүү бөлүгү укуктук жактан чаласабат экенин белгилешип, эмгек келишимин түзүп, макулдашуунун талабы менен иштөө практикасын үйрөнмөйүнчө мындай көйгөйлөр жарала берерин эскертишет.

Орусиядагы ири курулуш компанияларында айлык акыны кечиктирүү жаңы жаралган көйгөй эмес. 2015-жылдын март айында Восточный космодромундагы 30га жакын куруучу айлык албагандыктан ачкачылык да жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG