Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Москвадагы мушташ виза режимине жол ачабы?


Жаңжал тартылган видеодон кесилген сүрөт
Жаңжал тартылган видеодон кесилген сүрөт

Москвада үч кишинин жанын кыйган тажик жана кавказ тектүүлөрдүн мушташынан соң орус аткаминерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө виза режимин киргизүү демилгесин көтөрө башташты.

Москва полициясы 14-май күнкү массалык мушташтын чоо-жайын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгында мушташка катышкан тажикстандыктар Орусиядан депортацияланышы мүмкүн.

Күбөлөрдүн сөзүнө караганда Москвадагы Хованский мүрзөсүндө ишемби күнкү жапырт мушташка 500дөй адам катышкан. Полиция алардын саны 200дөй деп билдирди. Тажикстандык мигранттар менен Түндүк Кавказ аймагынан келгендердин ортосунда чыккан мушташка акча маселеси себеп болгон.

Атын атоону каалабаган тажик жараны “Азаттык” радиосуна чеченстандык жана дагестандык жигиттер тобу мүрзөдө иштеп жүргөн тажикстандыктарга мурдатан салык салып, тапкан кирешеден “үлүш” талап кылып жүрүшкөнүн чечмеледи:

- Алар өздөрү келчү эмес. Ортого башка тажиктерди салышчу. Өзүбүздүн эле жердештер кавказдыктардын атынан келип, акча сурайт эле. Башында азыраак “үлүш” сурап жүрүштү. Анан айлыктын тең жарымын талап кылууга өтүштү. Биздин жигиттер айына 40 миң рублге чейин акча табышат. Жарымын аларга берип коюшса өздөрүнө эмне калат? Алыстагы туугандарына да акча жөнөтүү керек. Биздин каршылыгыбызга ачууланып тигилер “кавказдык агаларын” жетелеп келишти. Өзүбүздү коргоо үчүн колго күрөк, таш жана таяк алдык.

Мушташта үч тажик жараны ​Сухроб Хушаков, Иноят Ризоев жана Сайнуриддин Собиров каза тапканы расмий маалыматта айтылды. Оор жараат алган 14 киши ушул тапта ооруканада.

Тергөө маалыматтарына караганда, жаатташкан эки тарап 16-майда жолугуп, маселенин чоо-жайын талкуулашмак. Бирок күтүүсүздөн эле ишемби күнү кавказ тектүү тургундар 15тей унаа менен мигранттар иштеп жаткан мүрзөгө бастырып киришкен.

Москва полициясы массалык мушташты “эки этностон турган кылмыштуу топтун жаңжалы” деп сыпаттады. Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Софья Хотина мамлекеттик телеканалдарга төмөнкүчө маалымат берген:

- Полиция токсондон ашуун адамды кармап, суракка алып келди. Адам өлтүрүүгө шектелип үч киши тергелип жатат. Кармалгандардан ок атуучу куралдар табылды.

Мушташка катышкан тажикстандыктардын бири “Азаттык” радиосуна интервью берип, Орусиянын күч түзүмдөрүнүн калыстыгынан күмөн cанарын белгиледи:

- Бизди сабап, шериктерибизди өлтүрүп кетишкени жетпей калгансып, эми жигиттерибиз полицияда сурак берип жатышат. Кол салгандардан аз эле кишини кармашты. Алардын көбү качып кетти. Биздин балдарды болсо түгөл кармап, тергеп жатышат. Эми депортация кылышат экен. Тилекке каршы, дайыма күнөөсүз адам жоопкерчилик тартат.

Ал тапта Федерация Кеңешинин коопсуздук боюнча төрага орунбасары Евгений Серебринников Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарына, айрыкча Тажикстан менен Өзбекстанга виза режимин киргизүү зарылдыгын көтөрдү. Мүрзөдөгү мушташтан соң маалымат булактарына комментарий берген Серебренников төмөнкүдөй оюн ортого салган:

- Миграция жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга убакыт келди. Биз кандайдыр бир мыйзамды кабыл алып жатканда, албетте, демократиялуу мамлекеттердин тажрыбайсын эске алабыз. Бирок айрым учурларда бул туура эмес. Мамлекеттин коопсуздугу башкы маселе болушу керек.

Маалыматтарга караганда, адам өмүрүн кыйган мушташ катталган Хованский мүрзөсүндө 200дөй тажикстандык эмгектенет. Алар кабыр казып, таш кесип, көрүстөндү тазалап акча табышат. Мигранттар арасында мындай жумуш акчалуу иш катары бааланат.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптеши Владимир Колокольцев менен мушташтын чоо-жайын телефондон талкуулап, тергөө иштерине тажик милициясынын Москвадагы өкүлү Абдугаффор Азизов да тартылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG