Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Эрдоган: Орусия олуттуу ката кетирүүдө


Латакия аскер базасындагы Орусиянын Су-30 истребители. Сирия, Латакия, 4-октябрь, 2015-жыл
Латакия аскер базасындагы Орусиянын Су-30 истребители. Сирия, Латакия, 4-октябрь, 2015-жыл

Сирия президенти Башар Асад Орусия менен биргелешкен аскерий өнөктүк Жакынкы Чыгышты кыйроодон сактап каларын айтып чыкты. Ага удаа эле Түркия президенти болсо Орусиянын Сириядагы соңку кадамдарын олуттуу ката деп сындады.

Сириянын президенти Башар Асад Ирандын "Хабар" телеканалынан жекшембиде көрсөтүлгөн маегинде Сирия Орусия менен жүргүзүп жаткан аскерий өнөктүктүн ийгилиги Жакынкы Чыгышты кыйроодон сактап калүү үчүн өтө маанилүү деп эсептээрин айтты.

"Биздин өнөктөштүк алдыда ийгиликке жетиши абдан маанилүү. Болбосо бир же эки өлкө эмес, бүтүндөй бир регион кыйроого кабылыш мүмкүн" деди Башар Асад.

Башар Асад Иран телеканалына маек курууда.
Башар Асад Иран телеканалына маек курууда.

Башар Асад, мындан сырткары, бул маегинде “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы АКШ түзгөн коалиция Сирияга жана чөлкөмгө көбүрөөк туруксуздукту алып келгенин да белгилей кетти. Бул президент Асаддын Орусия Сириядагы козголоңчулардын буталарына аба соккусун ура баштаган 30-сентябрдан берки алгачкы билдирүүсү болду.

Орусия болсо аба соккулары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун бутага алганын айтып келет. Москва акыркы 24 саатта орус аскерий учактары 20 жолу абага көтөрүлүп, аталган топко каршы он сокку жасаганын ырастады. Орусия коргоо министрлиги жекшембиде террорчулардын машыгуучу жайына да сокку урулганын билдирди.

Орусиянын аба чабуулдарына каршы нааразылык акциясы. Сирия, Алеппо, 2-октябрь, 2015-жыл
Орусиянын аба чабуулдарына каршы нааразылык акциясы. Сирия, Алеппо, 2-октябрь, 2015-жыл

Батыш менен Сирия оппозициясы Орусияны аба соккулары “Ислам мамлекети” тобун бутага албай эле, козголоңчуларга багытталганын, муну менен Кремл өзүнүн союздашы Асадды колдоп жатканын айтууда. Москва болсо мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Буга удаа эле Анкара орус аскерий учактары түрк аба мейкиндигин бузганын айтып чыкты. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловду чакыртып, 3-октябрдагы окуяга байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Министрлик Түркиянын эки F16 учагы орусиялык учактарды өз аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө аргасыз кылганын, элчиге аскерий учактар Түркиянын аймагына дагы кире турган болсо, Москва анын “жагымсыз кесепеттери” үчүн жооптуу болору эскертилгенин маалымдады.

Ушундай эле эскертүүнү түрк тышкы иштер министри Феридун Сыныроглу орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровго жолдоду.

Мунун алдында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Москванын Сириядагы аскерий кадамдарын “олуттуу ката” деп баалаган:

Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

- Орусиянын акыркы кадамдары жана Сириядагы аба соккулары кандай болсо да Түркия үчүн ылайыксыз. Мен биздин позиция тууралуу Орусия президенти Путинге 23-сентябрда Москвага барган учурда жана эки күн мурда телефондон сүйлөшкөндө да айткам. Орусия өтө олуттуу ката кетирүүдө жана бул ката Орусиянын мындан ары да изоляцияланышына алып келиши ыктымал.

Анкара Орусиянын Сирияда оппозициялык козголоңчуларга сокку уруусун буга чейин да сынга алып келген эле. Сириялык активисттер болсо орусиянын аба соккуларынан ондогон жайкын тургундар ажал тапканын билдирүүдө.

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Москваны багытын өзгөртүүгө жана Асад бийликтен кетпесе болбостугун моюнга алууга чакырды.

Батыш өлкөлөрү Сириядагы төрт жылга созулуп кеткен жарандык согушка Асаддын бийликтен кетиши чекит коюшу керек деп эсептейт. Орусия болсо Башар Асадды колдоп келет.

Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар Асаддын режимине каршы тынч митингдердин арты кандуу кагылыштарга айланып, жарандык согушка алып келген. Кийинчерээк өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремсттик топ өлкөнүн бир канча аймагын басып алган. Сирияда согуш ушул убакка чейин 200 миңден ашуун адамдын өмүрүн алганы кабарланып келет.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG