Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Ашхабаддын тургундары нааразылыкка чыкты


Түркмөнстан -- Ашхабадда нааразылыкка чыккандар.
Түркмөнстан -- Ашхабадда нааразылыкка чыккандар.

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын 50гө чукул тургуну шаар бийликтеринин көп кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлерди алып салуу жөнүндө буйругуна каршы чыгышты.

23-августта Ашхабаддын Парахат-7 микрорайонунун 50гө чукул тургуну шаар бийликтеринин көп кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлерди алуу боюнча буйругуна каршы чыгышты. Алар ишемби күнү шаар бийлиги айдатып келген бийик кранды өздөрү жашаган үйлөргө жолотпой коюшту. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, шаар тургундарына алдын-ала эскертүү бир жума мурда жиберилген. Жашоочулардын эч кимиси шаар бийликтеринин эскертүүсүнө баш ийип, кондиционерди өз алдынча алууга аракет көргөн эмес. Нааразылыкка чыккандар бул боюнча бийликтин тиешелүү чечимин кагаз түрүндө талап кылышты.

Тургундардын бири "Азаттыктын" түркмөн кызматына бийликтин бул кылыгын башаламансыздык деп билдирди:

- Менин үйүмдө эки оорулуу адам бар, бирөөсү согуштун ардагери. Аларды бул ысыкта кантип багам. Сыртта күн ысык, өзүбүз кыйналып араң турсак, кондиционерлерди алып салабыз дешет. Алардын кандай укугу бар? Бул башаламандык! Колдорунда эч кандай чечим жок. Мындай буйрукту ким бергенин билишпейт.

Кондиционерлерди алуу боюнча бийлик эч кандай расмий түшүндүрмө берген жок. Алардын айтымында, совет доорунда чыгарылган кондиционерлер Ашхабаддын жаңы эстетикалык көркүн бузууда. Айрым тургундар шаар бийлигине барып, нааразылыгын билдирүүгө башкаларды да чакырышты. Авторитардык режим өкүм сүргөн Түркмөнстанда мындай нааразылык акциялары сейрек болчу көрүнүш.

Ашхабаддагы нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Акыркы мезгилде Ашхабадды ак мармарлуу борборго айлантуу максатында шаар башкармалыгы совет мезгилинде курулган бир топ үйлөрдү жашоочуларга себебин түшүндүрбөстөн эле күч менен түрттүрүп салган. Ал үйлөрдүн тургундарына шаардын четинен жер тилкелери берилген.

Сентябрдын башында Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун эстелиги шаардын эң кооз жерлеринин биринде ачылганы турат. Бир ай мурда президенттин урматына эстелик коюуга уруксат берүү өтүнүчү менен өкмөт өкүлдөрү Бердымухамедовго кайрылышкан. Алардын айтымында, мындай сунуш элден түшкөн экен. "Калктын өтүнүчү - мыйзам” деген президент Ашхабадда өзүнүн алгачкы айкелин орнотууга макулдук берди.

Ашхабадда мамлекет башчынын эстелигин коюуну колдогон жыйындар өлкөдөгү дээрлик бардык мекеме-ишканаларда өткөрүлдү.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы бийлике келип, мурдагы президент Сапармурат Ниязовго коюлган бардык эстеликтерди, анын ичинде алтын жалатылып жасатылган, күн менен кошо айланып туран айкелин дагы алдырган эле.

XS
SM
MD
LG