Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:54

Дүйнө

Ирак: согуш бүттү, кызматташтык башталды

Иракка аскери киргенине 9 жыл болгондо АКШ президенти согуш бүткөнүн жарыялап, мындан ары АКШ өлкөнү кайра курууга жардам берээрин убада кылды.

АКШнын президенти Барак Обама (оңдо) менен Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики (солдо) биргелешкен маалымат жыйынында, Вашингтон, 12-декабрь, 2011
Текст көлөмү - +
Кечээ АКШ президенти Барак Обама менен Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөргөн маалымат жыйынында АКШнын “кандуу жоготуулары текке кетпегенин, Ирактын демократияны самаган өлкөлөр үчүн үлгү мамлекетке айланышына жол ачканын” белгиледи Обама.

Вашингтондо Ак Үйдөгү маалымат жыйынында президент Барак Обама ушул тапта Ирактан акыркы америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө камылга көрүлүп жатканын айтып, 31-декабрга чейин аскерлер баары мекенине кайтышы керек, деди.

“Алдыдагы күндөрү акыркы америкалык аскерлер башын бийик көтөрүп, урмат менен Ирактын чек арасынан чыгып кетишет, - деди ал. - Тогуз жылдай мезгилден кийин биздин Ирактагы согуш ушул айда аяктаганы жатат”.

Дегинкиси, АКШ өзүнүн аскерлерин Ирактан 2011-жылдын этегинде чыгарып кетээри төрт жыл мурда эле ошол туштагы президент Жорж Буштун кезинде келишилген. Антсе да, аскерлерди чыгаруу Обаманын президенттиги учурунда ишке ашып жатканы өзгөчө белгилей турган мааниге ээ.

Иллинойс штатынын сенатору катары Обама Ирактагы согушка кескин каршы экенин билдирип келди. Кийинчерээк ал жалпы улуттук деңгээлдеги саясий сахнага көтөрүлгөнүнө да ошол учурда согушту токтотууга арнаган күчтүү аргументтери себеп болгон эле.

Бүгүн эми ал Ирактагы алга жылууларды өзгөчө белгилеп, “көз карандысыз, өз күчүнө ишенген демократиялуу жумурият” региондогу башка мамлекеттерге да үлгү болот деп ишенээрин айтты.

Негизги өзгөрүү

Иракта согуш кайнап турган 2007-жылы ал жакта америкалык аскерлердин саны 170 миң болчу. Бүгүн эми болгону 6 миң калып отурат. 2003-жылдан бери 40ка жакын мамлекет Иракка өз аскерлерин жиберген. Чет өлкөлүктөрдүн акыркы аскерлери быйыл майда Ирактан чыгып кетишти.

Обама менен Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ортосундагы кечээги сүйлөшүүлөр бул эки өлкөнүн ортосундагы алакада өзгөчө бурулуш учур болгонун айгинилегендей болду.

Анда экономикалык кызматташтык, коопсуздукту камсыздоодогу жардам өңдүү суроолор талкууланды. “Вашингтон бул өлкөдөн аскерлерин чыгарып кеткенден кийин деле өлкөдөгү негизги күчтөрдөн болуп кала берет”, - деди америкалык президент.

“Бүгүн премьер-министр экөөбүз тең Стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү келишимде айтылган узак мөөнөттүү кызматташтык боюнча пикирибиз бир экенин дагы бир жолу тастыктайбыз, - деди Обама. - Бул эки эгемен мамлекеттин алакасы жаңы өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлөт, биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз”.

Ал-Малики болсо Ирак мындан ары да АКШдан терроризмге каршы күрөштү улантууда, коопсуздукту бекемдеп, өз армиясын күчтөндүрүүдө, билим берүү, өнүгүү тармактарын жакшыртууда жардамга муктаж болоорун белгиледи.

Пентагон кечээ билдиргендей, алар Багдатка мурдараак кыйрап калган Аба күчтөрүн кайрадан курууга, зарыл курал-жарак берип, аскерлерди окутууга жардам берет. F-16 аскерий тик учактарын берээрин да кошумчалады.

Эки лидер Сириядагы, Ирандагы кырдаалды да талкуулашканы кабарланууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ali
14.12.2011 04:04
Ооба,нефтисин жана башка кен байлыктарын ташып кетип бутушту да,эми эмнеге калмак эле.Американын бул кылыгы кадимки жаш бала озунон кичине алсыз бироону коркутуп,опузалап колундагысын тартып алып,анан ыйласа,"Жок ,кокуй ыйлаба мен сага жардам берип жатпаймынбы.Мындан ары да башка бироо сага тийишсе сени коргойм "-деп сооротконго окшош да.Кете беришсин кырып,талкалап буткон сон дагы эмне демек эле байкуштар.Же оз ара биримдиги жок.Башка бир туугандары (арабтар) деле оозун Обаманы каратып олтурушат.Ошолор эмне десе"Лаббай"деп.Пайгамбарыбыз алейхиссалам айткан экен:"Кыяматка жакын менин уммотумдун коптугу душмандын кучуно салыштырмалуу селдин устундогу ыпырандыга окшош болуп калат"-деп.Менин пикирим ката болуусу мумкун,аны эч кимге тануулабайм.Бирок адамзат .....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)