Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

«Куш киши» төрт "Оскар" алса, «Ида» эң мыкты чет элдик тасма


Польшалык режиссер Павел Павликовский сыйлык тапшыруу аземинде. 22.02.2015
Польшалык режиссер Павел Павликовский сыйлык тапшыруу аземинде. 22.02.2015

АКШда эле эмес, төгөрөктүн төрт бурчунда кино күйөрмандары чыдамсыздык менен күткөн Оскар сыйлыгынын ээлери маалым болду.

22-февралда Лос-Анжелесте өткөн салтанатта АКШнын кино сыйлыктар академиясы мексикалык режиссер Алехандро Иньярритунун «Бөрдмэн» же «Куш киши» тасмасына төрт "Оскарды" ыйгарды. Сахнага чыккан Иньярриту сыйлыгын мексикалык мекендештерине арнады:

- Бир мүнөт убактыңарды алып, мен бул сыйлыкты Мексикада жашаган мекендештериме арнаарымды айтып коеюн. Биз өзүбүзгө ылайыктуу бийлик системасын кура алабыз, бийликтер бизге урмат-сый менен мамиле жасайт деп үмүттөнөм.

Иньярритунун тасмасы "Эң мыкты фильм" деп табылды, режиссер ошондой эле "Эң мыкты режиссер" сыйлыгын алды. Анын тасмасында жаш кезинде супер-каармандарды аткарган атактуу актердун Бродвей сахнасына кайра кайтып келүү далалаты чагылдырылган.

Бирок андагы «Куш кишини», демек башкы ролду ойногон Майкл Китон "Эң мыкты актер" сыйлыгын албай калды. Бул наам британиялык «Ар нерсенин теориясы» фильминде физик Стивен Хокингди ойногон Эдди Редмэйндин энчисине тийди.

"Оскарга" буга чейин беш ирет көрсөтүлгөн Жулиан Моор акыры "Эң мыкты актриса" деп табылды. Ал «Дагы деле Алис» деген тасмада Альцгеймер оорусуна чалдыккан 50 жаштагы аялдын ролу үчүн сыйлыкка татыды:

- Мен өтө бактылуумун, кубанычым койнума батпай турат. Акыры Альцгеймер оорусунун дабасын табабыз деп үмүттөнөм. Ага чалдыккан канча адам кароосуз, жалгыз калат. Биздин кино аркылуу алардын көйгөйүн билсек, балким дабасы да табылаар.

Польшалык режиссер Павел Павликовскийдин «Ида» деген ак-кара түстө тартылган, ата-энеси жөөт экенин кийин билген христиан кечил кыз тууралуу фильми "Оскардын" чет тилдеги эң мыкты тасмасы болуп калды.

- Тагдырдын тамашасы экен. Мен өз тасмам аркылуу бизге тымтырстык керек экенин, күнүмдүк турмуштун уу-дуусунан алыс болуунун, акыл токтотуп, ойлоно билүүнүн зарылдыгын айтайын дегем. Эми минтип ызы-чуунун чордонунда, бүт дүйнөнүн так алдында турам. Бул жашоодо күтүлбөгөн нерсе көп болот турбайбы.

Поляк режиссерунун тасмасы “Оскар” алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Орусиялык Андрей Звягинцевдин «Левиафаны» сыйлыкка илинбей калды. Орусияда көп сынга алынган бул тасмада бийлик чөйрөсүндөгү коррупция өзгөчө кара түстө тартылган эле.

Эң мыкты даректүү тасма деп Лаура Пойтрастын Эдуард Сноуден тууралуу «Ситизенфор» тасмасы табылды.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинде иштеген Сноуден кийин массалык көзөмөл программасы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган эле. АКШда тыңчылык айыбы коюлган Сноуден азыр Орусияда жашынып жүрөт.

Режиссер Поитрас «Эдуард Сноуден жарыялаган маалыматтар жеке адамдар гана коркунучта экенин билдирбейт. Алар биздин демократияга келтирилген коркунучту да ашкереледи. Биз үчүн өтө маанилүү болгон чечимдер бизден жашыруун кабыл алынат. Натыйжада биз бийликти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатабыз. Эдуард Сноуден менен катар, бийлик жашырганды чубап чыккан башка да эр жүрөк замандаштарга ыраазылык билдиребиз” деди.

Сыйлыктарды тапшырган актер Нил Патрик Харрис тамаша-чынын аралаштырып, «Сноуден чыккынчы болгондуктан, бул жерге келе албайт» деп күлкү салды.

«Куш киши» сыңарында Уес Андерсондун «Будапешт чоң мейманканасы» төрт "Оскарды" алды. Ирак согушу тууралуу «Америкалык көзгө атаар» деген драма эң мыкты добуш, ал эми «Интерстелла» эң мыкты визуалдык эффектилер үчүн "Оскарга" татыды.

Быйыл "Оскарга" талапкерлер арасында азчылыктын аздыгы менен айырмаланды. Ушуга байланыштуу Харрис «Бүгүн биз Голливуддун эң мыктыларын жана эң актарын, кечиресиздер, эң акылдууларын сыйлайбыз» деп тамашага чалды.

Ошол эле мезгилде социалдык көйгөйлөрдү жана ар кандай оорулар менен күрөштү чагылдырган тасмаларга басым жасалганы да чын.

"Оскардын" жеңүүчүлөрүн АКШнын Кинематорафия өнөрү жана илимдер академиясынын 6100 мүчөсү добуш берүү аркылуу тандайт.

XS
SM
MD
LG