Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Экономика

дүйшөмбү 6 Май 2024

Календарь
2024-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
29 30 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имараты
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин имараты

Өкмөттүн соңку жыйынында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишине айтылган сын-доомат, жетекчисине берилген эскертүү бул жааттагы талкууну жандантты.

Анда аталган агенттик чет өлкө сапарларына чоң суммадагы акча короткону менен, дээрлик инвестиция тарта албаганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда ар бир бийлик инвесторлор үчүн "бейиштегидей" шарт түзүүнү убада кылып келет, бирок айрым эксперттер көбүнчө иш менен сөз дал келе бербесин белгилешет.

Агенттиктин сынга кабылышы "Асман" шаарын салуу, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өңдүү дымактуу долбоорлорду баштоо убагына туш келди.

Президенттик администрациянын соңку коллегиясында Инвестициялар боюнча агенттиктин иши начар деп табылган жана жетекчиси Талантбек Имановго эскертүү берилген.

Администрациядагы президенттин жана өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов анда соңку үч жылда чет өлкөлөрдөгү сапарларга каражат көп коротулганы менен, бир дагы инвестиция тартылбаганын билдирген.

"Инвестиялар боюнча улуттук агенттик 20дан ашык ченемдик-укуктук актыларды аткарбай келет. Мекеме үч жылдын ичинде 125 миллион сомдон ашык бюджеттик каражатты сарптап, анын өкүлдөрү 800дөн ашык күн чет өлкөлөрдө сапарда болуп, жыйынтыгында бир дагы инвесторду тартууга жетишкен эмес. Мисалы, Экономика министрлиги жана Энергетика министрлиги 2024-жылдын биринчи чейрегинде эле болжол менен 780 миллион доллар инвестиция тарткан. Аталган агенттик 2022-жылдан азыркы күнгө чейин жалпы баасы 3 миллиард долларды түзгөн 14 долбоорду ишке ашырганы тууралуу маалымат берген. Бирок агенттик түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин бир дагы долбоорду аягына чыгарбаганы аныкталды. Мисалы, агенттик өзүнүн эсеби кылып көрсөткөн жеке компаниянын 5 миллион долларга барабар долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги аткарган болуп чыкты".


Инвестицияларга байланыштуу атайын агенттик алгач 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, көп өтпөй ошол эле жылы октябрда кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага "улуттук" деген макам берилип, президентке карап калган.

Агенттиктин азыркы жетекчиси Талантбек Иманов бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган. Ал өкмөттө айтылган кемчиликтер тууралуу айтканда сын-пикир адилеттүү болгонун белгилеген. Фейсбуктагы баракчасына өзү кызматта турган маалда аткарылган иш-чараларды тизмектеген.

Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

"Мен биринчи эле жумушту корпоративдик аудиттен баштадым. Жыйынтыгы көңүл оорутту. Биринчиси - инвесторлор менен иштөөнүн бирдиктүү стратегиясынын, системалык иштин толук жоктугу болду. Мамлекеттик органдар менен байланыштан баштап, коллективдин ичиндеги карама-каршылык, келишпестиктер менен аяктаган көптөгөн кемчиликтер аныкталды. Чет өлкөгө майнапсыз саякаттоого ашыкча көңүл бурулганы анык болду. Мындан улам, өлкөнүн бюджеттик каражаттары жыйынтыгы жок сапарларга коротулганы такталды. Мен келгенден бери 2024-2029-жылдарга инвестициялык саясатты өнүктүрүү стратегиясы даярдалды. "Бирдиктүү терезе" принцибине ылайык, инвестициялар менен иштөө үчүн регламент жана протоколдор иштелип чыкты. Мыйзам базасына толугу менен аудит жүргүзүлүп, инвесторлорго жол ачкан бир катар мыйзам долбоорлору ишке киргизилди. Кадрдык чечимдер кабыл алынды. 2024-жылга карата бардык пландарды аткарабыз, инвестицияларды тартууда татыктуу натыйжалар болот деп ишенем", - деп жазган Иманов.

Деген менен агенттикке айтылган мындай сын-доомат өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Ысык-Көлдө Асман шаарын салуу өңдүү ири долбоорлорго инвестор издеп жаткан маалга туш келди.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн айрым шарттарга токтолду. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, кээ бир инвестициялык долбоорлорду тезирээк илгерилетүү керектигин белгиледи.

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

"Чынын айтканда, акыркы убакта көп деле жетишкендиктерди көрө элекпиз, бирок болот деген ишеничтебиз. Анткени былтыр биз салыкка байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Бир топ жеңилдик бергенбиз. Мисалы, 10 миллион доллардан ашык инвестиция салынса, беш жылга чейин бардык салыктардан бошотулат дегендей шарттар болгон. Бул абдан жакшы шарт. Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн кыйла дурус микроклимат түзүлгөн. Эми ушул жылы жакшы иштешсе керек деген үмүт бар. Азыр эми башталып жаткан ири инвестициялык долбоорлор бар. Ошолорду качырбай, Министрлер кабинети колдошу керек. Мына азыр бир жылдан бери Кара-Балта шаарындагы текстиль боюнча инвестициялык келишим каралып жатат. Ал жерге түрк компаниясы жасалма буланы, полиэстер жана лайкра өндүргөн завод куруу долбоорун алып келип жатат. Ошол долбоор бардык тийиштүү министрлик, мекемелерде каралып, Инвестициялар агенттигине жакын арада жөнөтүлүп, инвестициялык келишим түзүлөт деген ишеничтебиз. Бул келишимдин негизинде 2030-жылга чейин 14 миллион долларга чейин каражат алынып келет деген сөздөр болгон. Албетте, азыркы сын пикирлер бекеринен айтылбайт. Акылбек Жапаров өзү ушул сөздөрдү айтып жатса, демек иш жакшы эмес".


Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2022-жылы жана 2023-жылдын тогуз айында түз инвестициялардын көлөмү дээрлик 2 миллиард долларга жакындаганын билдирген.

Талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстанда ар бир бийлик инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө убада берип келгенине токтолду. Бирок анын толук ишке ашпай жатканын төмөнкүчө чечмеледи:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

"Өлкөдө бардык эле президенттер декларация түрүндө инвесторлорго сонун шарт түзүлөт, инвестиция тартуу - биздин башкы маселебиз деп келишкен. Баары эле иш-чараларды өткөрүп, сыртта жолугушууларды, сапарларды уюштуруп эле келе жатат. Негизги маселе - биз ушул иштердин процесси жана уюштурулушу, сырткы көрүнүшү менен гана алекпиз. Кандай гана жолугушуу болбосун, 5 миллиард, 6 миллиард деген сөздөр айтылчу. Ошол акчалар каякта? Биз бир отуруп, "бизге инвестиция эмнеге келбей жатат, миллиард деп айтылган долбоорлор каякта, агенттик деле түздүк, анын атын он жолу өзгөрттүк, бирок эмнеге маселе өзгөрбөй жатат" деп бир сыйра жөнөкөй деле анализ жасаган жокпуз. Бизге келгендерди, кеткендерди, иштеп жаткандарды талдасак, толтура фактыларга негизделген бир тыянак чыкмак. Биз ушу агенттик түзө коюп, жоопкерчиликти ага арта салып, ошолорду гана күнөөлүү кылып жатабыз. Ооба, алардын дагы кемчиликтери толтура. Бизге окшогон өлкөлөрдүн инвестициялык рейтинги аябай эле төмөн. Бул чоң тобокелчилик, ошондуктан таанымал дүйнөлүк бренддер келбейт. Ошол тобокелчиктерди жойгон шарт болбосо, анда бизге инвестор келбейт. Мисалы, сот адилеттигин алалы. Иште ар кандай кырдаал болот. Эгер сот адилеттиги болбосо, ишкер сотто өз таламын талаша албаса, ишкерлер камалган учурлар болсо, анын кайсы ишкер тобокелчиликке салып келет? Келген күндө деле жөнөкөй эле маселелер чечилбейт. Жогорку жактан айтылганына карабай, чечилбейт. Тапшырмалар айтылат, бирок бюрократия абдан көп. "Биздин экономикабыз инвесторсуз өнүкпөйт" деген түшүнүк президенттин администрациясынан баштап айыл өкмөтүнө чейин жетиши керек. Биз кээде ички инвесторлорубузга дагы жардам бере албай калабыз. Сөзсүз бир жерге барып такалып, эч ким жоопкерчилик алгысы келбей, бири-бирине шылтагандан чет өлкөлүк эле эмес, кыргыз ишкерлери деле чарчап кетет. Саясий түзүлүш экономикага, жеке ишкерликке, өсүп-өнүгүүгө багытталмайынча, Кыргызстан эмнеге инвесторлор үчүн бейишке айланбай жатат деген теманы беш жылдан кийин деле талкуулай беребиз".


Экономист Эрлан Камалов дагы Кыргызстандын шартында инвестиция тартуу оңой-олтоң эмес экенин белгилейт. Мындан улам эки эсе көп аракет керектигин, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дагы жумушун күчөтүп, ишине баа берүү керектигин айтат:

Эрлан Камалов.
Эрлан Камалов.

"Кыргызстанда инвестиция тартуудагы негизги тоскоолдук - бул Кыргызстандын чоң транспорттук коридорлордон сыртта калгандыгы, арзан темир жол, авиа каттамдардын, деңизге чыккан жолдун жоктугу болуп саналат. Ошондой эле биздин калктын саны дагы маанилүү фактор. Мисалы, биз азыр салыштырмалуу эли көп Өзбекстанга, Казакстанга инвесторлордун көп келип жатканын байкап жатабыз. Бул ошол кактын санынан дагы көз каранды жагдай. Ал эми мамлекетибиздин ички маселелерине келе турган болсок, инвестиция тартуу аракети жетиштүүдөй эле көрүнүп жатат. Бирок бул жерде комплекстүү иш жүргүзүлүшү керек. Биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бийлик өкүлдөрүнөн сырткары Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жумушуна дагы баа берилиши керек деп ойлойм. Инвестиция тартууда биздин биринчи эшигибиз, астанабыз ошол элчиликтер болуп эсептелет. Ар бир элчи канча инвесторду кызыктыра алды, экономикалык дипломатия менен канчалык алектенип жатат деген критерийлер менен баа берилип, ошого жараша чечимдер кабыл алынышы керек деп ойлойм. Агенттик инвестициялык саясатты аныктаган негизги орган катары бардык министрлик, мекемелерге тиешелүү тапшырмаларды таркатышы керек эле. Агенттик координация кылган органга айлана албай жатат, ошол себептен дагы аларга карата сын айтылып жатса керек деп ойлойм. Сырттан эле инвестиция издей бербей, биздин ички инвесторлорго дагы басым жасаганды үйрөнүшүбүз керек, аларга дагы көңүл буруп, шарт түзүп беришибиз керек. Бейиштегидей шартты биринчи кезекте биздин ички инвесторлорго түзүшүбүз керек. Биздин жарандарыбыздай Кыргызстанга чынында эч ким күйбөйт. Экономикада айланып жаткан көмүскө акчаны ачыкка чыгарып, легалдаштырып, акчанын агымын инвестициялык долбоорлорго бурганга аракет кылсак болот. Бул жерде башкы маселе - ишеним, ишеним болушу керек. Салынган инвестиция мыйзам менен корголушу керек".


Президент Садыр Жапаров дагы бийликке келгенден бери инвесторлорго ар тараптуу колдоо убада кылып келет. Былтыр жыл этегинде айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кетип жаткан учурлар бар экенин билдирген. Фейсбуктагы баракчасына андайлар чекесинен камалып жатканын, бирок бул күч органдарына кошумча түйшүк жаратып, өлкөнүн аброюн түшүрүп жатканын жазган.

Инвесторлорго кайрылып, мамлекеттик мекемелер менен гана иштешүүнү сунуштаган. Ошол эле маалда тиешелүү мекемелердин, аймактардын жетекчилерди бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуну, ар бирини иши келген инвестициянын көлөмүнө жараша бааланарын эскерткен.

Грузия: Миңдеген киши митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00

Грузин парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбоорун 1-майда экинчи окууда кабыл алды. Оппозиция жана жарандык коом мыйзамга каршылыгын билдирип, эки күндөн бери Тблисиде митингге миңдеген адам чогулуп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG