Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Ош: Дачада суу алтынга тете

Оштун Дача деп аталган 5 миңдей адам жашаган аймактык кеңешине 1990-жылдан бери таза суу келбей калган. ​Мындан улам эле сууну Ак-Буура дарыясынан сордуруп, керек-жаракка колдонуп келген.

Жыйырма жылдан бери сууга жетпей кыйналган элге 9-октябрда гана таза суу жеткирилгени маалым болду. Жаңы курулган насостук станция эми 3250 метрлик түтүк менен сууну Төлөйкөн суу сактагычынан тартып келет. Бирок таза суу элге толук жетет деп айтуу азыр эрте.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, түтүк менен насостук бекетти курууга шаардык бюджеттен 4,18 млн. сом жумшалды.

Ош шаарында таза суу жете элек мындан башка да кичирайондор бар.


16x9 Image

Ыдырыс Исаков

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG