Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

ЖАРЫК МЕНЕН ЖЫЛУУЛУК КЫМБАТТАДЫ


1-июлдан тартып электр энергиясына жана жылуулукка баалар кошулду. Электр энергиясы карапайым калк үчүн бир килловат сааты 70 тыйынга, ал эми өнөр жай ишканалары үчүн 96 тыйынга чыкты. Ал эми жылуулук менен ысык суунун баалары этап-этабы менен көтөрүлмөкчү. Баалардын минтип бир убакта кымбатташы өзгөчө шаардыктардын тынчсыздануусун жаратууда. Адистер болсо баалардын көтөрүлүшүнө бийликтеги коррупция менен өкмөттүн баа саясатынын жоктугу себеп деп эсептешет.

Анткени ысык суунун баасы киши башына 120 сомдон ашты. Ал эми жылуулук 28% кымбаттады. Бул өзгөчө кышында борбордук ТЭЦтин жылуулугу менен ысык суусунан баш тарта албаган, көп кабаттуу үйлөрдөгү квартираларда жашаган тургундар үчүн оордук алып келери азыртан эле айтылууда. Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүнүн тургуну, пенсионер Галина Васильева эки бөлмөлүү квартирасында абышкасы менен жашайт. Анын айтуусунда абышкасы экөө ысык сууну көп деле коротушпайт, бирок ай сайын ар бири 120 сомдон акы төлөө булар үчүн оордук кылат:

-Жарыктын, ысык суунун жана жылуулуктун бааларын көтөрүп атышы –эң жаман болду. Биз ансыз деле мүмкүн болушунча үнөмдөп жашайбыз. Ысык суунун эсептегичи жок. Көп колдонбосоң албетте ашыкча төлөгүң келбейт. Электр энергиясын баягыдай аз жаккандар аз төлөй турган системага алып келсе жакшы болмок. Ал системаны да бузуп жиберишти, деги Кыргызстанда эмне болуп жатканын түшүнбөйсүң..

-дейт Галина Васильева.

Өкмөт болсо бааларды көтөрүүгө дүйнөлүк баа тенденциялары алып келип жатканын айтып ийин куушурууда. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги пенсионерлерге түрдүү жеңилдиктерди берүү менен өкмөт кымбатчылыктын капшабын тийгизбөөгө аракет кылып жаткандыгын жарыялап чыккан. Ага ишенсек, 1-июлдан тартып баасы көтөрүлгөн электр энергиясына төлөө үчүн мамлекет пенсионерлердин пенсиясына 12 сомдон кошумча кошту, бул көрсөткүч улам тариф жогорулаган сайын кошо өйдөлөй бермекчи. Ошол эле учурда карапайым калк үчүн электр энергиясына эң төмөнкү тарифтер коюлуп жаткандыгы айтылууда. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымдоосу боюнча 1-июлдан тартып, карапайым калк үчүн электр энергиясынын 1 кВт сааты 70 тыйындан сатылат. Ал эми жылуулук акысы акыркы жолу алты жыл мурун алмашкан, бул арада жылуулук берүүчү булактардын баалары бир нече эселеп кымбаттады, деп белгилейт министрлик. Жаңыдан көтөрүлгөн баалар боюнча быйылкы жылы борбордук ТЭЦтен ысынган шаардыктар өткөн жылга караганда 28% кымбат төлөшөт, же б.а. жылуулуктун 1 Гкал 500 сомго чыкты. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Айбек Түмөнбаевдин билдиргени боюнча жылуулук менен ысык суунун баасы быйылкы жыл үчүн көгүлтүр оттун кымбаттаганына байланыштуу көтөрүлдү:

-Газдын баасы 145 долларга чыкпадыбы. Мунун өзү эле ТЭЦте чыгарылган электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын кымбатташына алып келет. Мурунку учурда биздин ТЭЦ 4 млрдга чейин электр энергиясын өндүрчүбүз. Азыр 1 млрд электр энергиясын өндүрүп атабыз. Мунун баары эле баалардын жогорулагшынан улам.

“Устанын тогосу жок” демекчи, кыргызстандыктар энергетикага бай туруп, электр энергиясын кымбат сатып алышат, дешет адистер. Алардын белгилөөсү боюнча өкмөттүн баа саясатынын жоктугу жана бийлик башындагылардын ак иштебей жаткандыгынан карапайым калк жапа чегип келет. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев башкаруу системасындагы коррупция жоюлмайынча, анын зыяны карапайым калктын мойнуна илине берет, деп эсептейт.

Быйылкы жылы өлкөдө энергетикалык кризис болуу коркунучу бар экендигин мамлекет башчы өзү баш болуп эмитеден эскертүүдө. Маалыматтар боюнча сакталган суу тиешелүү деңгээлинен алда канча төмөн түшүп кеткен Токтогул суу сактагычында быйылкы кургакчылыктан улам абал ансайын начар. Мындан тышкары келерки кышка карата көгүлтүр отунун баасын дүйнөлүк баага чыгарарын өзбек тарап жыл башында эле кыйыткан. "Тезек чогултууга киришели, бурадарлар..."
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG