Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

Экономика

жекшемби 28 Апрель 2024

Бизнес-өнөктөштөр Өмүрбек Бабанов менен Болотмамбет Жээнбеков. Сүрөт-коллаж.
Бизнес-өнөктөштөр Өмүрбек Бабанов менен Болотмамбет Жээнбеков. Сүрөт-коллаж.

Кыргызстанда мурдагы “Фрунзе”, азыркы “Азия” гипермаркеттер түйүнүнүн мурда-кийинки кожоюндары, бизнес-өнөктөштөр Болотмамбет Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун мүлк талашкан чыры күчөдү. Ортодо маселени элге алып чыгууга киришкен журналисттин да жоопкерчилик маселеси козголууда.

"Бизнесимди Өмүрбек Бабанов тартып алды"

Ишкер Болотмамбет Жээнбеков 24-апрелде эркин журналист Эламан Карымшаковго интервью берип, “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын саясатчы Өмүрбек Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан.

Маекте Жээнбеков 2016-жылы Өмүрбек Бабанов менен таанышып, аны менен инвестициялык келишимге жетишкенин, экс-премьер бизнеске каражат салып, дүкөндөрдү 100-150гө чейин жеткирүүгө убада бергенин баяндаган. Ишкердин айтымында, алар “Фрунзе” жоопкерчилиги чектелген коомун жаап, “Партнер Кей Джи” жана “Бизнес стандарт” деп эки ишкана ачышкан.

Компаниялардын 50% үлүшүнө Жээнбеков ээлик кылып, калган 50% үлүшү Бабановдун жакындарына өткөн. Өнөктөштөр алты жылда Кыргызстандын аймагында 47 дүкөн ачышкан жана анын 41и ижарада болгон. Жээнбеков билдиргендей, компанияда анын бир тууган иниси Бакыт Аматов башкы директор болгон жана Бабановдун арызынын негизинде камакка алынган.

Ишкер Болотмамбет Жээнбеков өз сөзүндө 2020-жылы айрым келишпестиктерден улам Бабанов ишканадагы үлүшүн сатууну көздөгөнүн, бирок алар инвестор таба албай коюшканын тактайт. Жээнбеков ушундай шартта Өмүрбек Бабанов аны алдап, келишимдерди жасалмалап, анын 50% акциясын тартып алганын белгилеген. “Фрунзенин” ээси 10 млн долларга күйүп кеткенин айткан.

“Мен экинчи нускасына кол койгондон кийин, биринчи барагын булар алып туруп, анан мына бул протоколду тиркешиптир. Анан, нотариуска каттады. Мына бул жалган протокол, мунун бардыгы жалган. Мына бул жерге мен кол койдумбу, ушунун негизинде баягы “Бизнес стандарт” ишкананын 50% акциясы, баасы 10 млн долларлык акча, кыймылсыз мүлк бар ичинде, ошол Бабановго бекер өтүп кетиптир. Мен аны билбейм. Эми ошонун негизинде эмнелер өтүп кетти? Мына 16 чоң дүкөн – Оштогу, Жалал-Абаддагы, Новопавловкадагы, Лебединовкадагы, Ак-Өргөдөгү “Фрунзе”, 12-кичирайондо 2,5 гектар жер “жашыл китеби” менен бар, Кантта 2 гектар кампабыз бар, Фучикте 40 сотых жерибиз бар, Мурманск көчөдө чоң кампабыз бар. Ушунун бардыгынын 50% мага таандык эле, мага айтпай өзүнө каттап алыптыр бул киши”.

"Жалаа жапкандар жооп берет"

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 26-апрелде “Фрунзе” дүкөндөр тармагынын түптөөчүсү жана мурдагы өнөктөшү Болотмамбет Жээнбековдун айыптоолорун четке каккан видеокайрылуу жарыялады.

Экс-премьер гипермаркеттер тармагына ишкердин суранычы менен инвестор болгонун ачыктайт. Бабановдун айтымында, экөө иштешкенге чейин Жээнбековдо төрт дүкөн болгон жана анын баары банктарда күрөөдө турган. Саясатчы өнөктөш катары “Фрунзеге” 12 млн доллар каражат салганын, анын 4 млн доллары карызды жабууга кеткенин маалымдайт.

Бабанов компаниянын ишине кийлигишпегенин, бирок өзү тараптан эсепчи бергенин, ал эми Жээнбеков менен Аматов ишканадагы каражаттарды башаламан чыгарып кете бергенин кошумчалайт. Ал 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен киреше-чыгашадан такыр кабарсыз болгонун, бул тапта Жээнбеков “Фрунзеден” түшкөн каражатка өзү башка менчик дүкөндөрдү ачып алганын сөз кылды.

Өмүрбек Бабанов мындай шартта өзүнүн салган каражатын чыгарып берүүнү талап кылганын, бирок Жээнбеков менен Аматов ага инвестор таба албай коюшканын билдирет. Саясатчы ушундан соң көз карандысыз директор коюшканын, аудит компанияда уурдалган каражаттар көп экенин аныктаганын кабарлайт. Бабанов соңунда Жээнбековдун үлүшүн сатып алып, алардын каражаттарын чыгарып бергенден кийин компанияны толук өзүнө өткөрүп алганын айтты.

Видеокайрылууда Өмүрбек Бабанов мурдагы бизнес-өнөктөшү боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди. Ал Жээнбековдон маек алган журналистти да бир жактуулукка айыптап, мыйзам алдында жооптуу экенин белгилеген.

“Ал болсо “бир таластык иним бар, ошол аркылуу кайрылдым” деп айтып атпайбы. Таластык иниси менен “тиги иним чыкса болот эле” деп кайрылыптыр. Жаныбек айтыптыр “компанияга келтирген зыянды төлөсүн, Болот Жээнбеков расмий түрдө кечирим сурасын, андан тышкары жанагы берген жалган доо арыздарын соттон кайтарып алсын” деп айтыптыр. Ага карабай, бул кайра мындайча айтканда жалган жалаа жаап атат. Мен тууралуу жалган сөздөрүнө мен ошо Болот Жээнбековго расмий түрдө айтып коёюн. Биз укуктуу өлкөдө жашап жатабыз. Сиз сөзсүз мыйзамдуу түрдө жооп бересиз. Биз укук коргоо органдарына кайрылдык. Сиз айткандай, сотту, бардыгын утулдуңуз. Сиз атайын ушундай пиар-кампания кылып атасыз. Эптеп-септеп ошол сотторду коркутуп туруп, бир нерсени өндүрүп алайын деп туруп. Бул вымогательство, мындайча айтканда рэкет дейт муну. Буга сөзсүз сиз жана журналист жооп бересиздер. Мен ишенем буга”.

Тараптардын сөзүнө караганда алардын талашы боюнча Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирүү жүргүзгөн. Жээнбеков маселе райондук жана шаардык сотто каралып, Жогорку сотко жеткенин билдирет. Бабанов алгачкы инстанциядагы соттук кароолордон Жээнбеков утулганын кабарлады.

"Журналисттик милдетимди таза аткардым"

Журналист Эламан Карымшаков өзү тараптан эч кандай мыйзам бузуу же бирөөнү атайылап каралоо аракети болбогонун билдирүүдө. Ал кесиптик этиканын негизинде экинчи тарапка да кайрылып, жообун алууга аракет кылганын жана тараптардын пикирин теңдештирүүгө болгон күчүн үрөгөнүн белгилейт.

“Мен өзүмдүн журналисттик милдетимди так аткардым деп ойлойм. Биз Бабановдун өкүлдөрүнө кайрылганбыз. Алар бизди чакырып алып, үч сааттай отурдук, документ-кагаздарын көрсөтүп беришти. Өздөрүнүн версиясын айтышты. Анан “келгиле анда, камерага айтып бергиле, силердикин кошуп чыгарайын” десем, “жок, биз айтпайбыз, сот иштери жүрүп жатат” деп, мени алар материалды чыгарбай коюуга аракет кылып, аябай жандалбасташты. Анда “макул, кат жөнөткүлө анда, биз юристтер менен кеңешип, кат түрүндө жооп беребиз же ойлонуп туруп, видеого жооп беребиз” деди. Мен кат жиберсем, “биз жолугуп, жеке өзүңүзгө түшүндүрүп бергенибизди тастыктайбыз, эгер сиз материал жарыялай турган болсоңуз сотко кайрылууга арагасыз болобуз” деп каттын жообу келиптир. Биринчи тараптын пикирин уктук, экинчи тараптын пикирин алыш үчүн кайрылдык, алардын берген жообу ошол болду. Анан мен эмне кылайын? Булар материал чыккандан кийин анан өзүнүн версиясын айтып атышат. Экинчи тарап болгондон кийин, материал чыгарын түшүнгөндөн кийин, азыркы айтып аткандарын ошол убакта эле мага жооп берип койсо болмок да. Аны кошуп чыгармакмын. Анда материалдын өңүтү башкача, “экөөнүн талашы болуп жатат, кимдики туура” деген нукта болмок”.

Журналисттин айтымында, материал жарыялангандан кийин ага Өмүрбек Бабановдун атынан кат келген. Анда Болотмамбет Жээнбековдун маегинде Өмүрбек Бабановду негизсиз каралоо болгону, материалды 24 сааттын ичинде YouTube каналдан алып салуу жана төгүндөө жарыялоо талап кылынган. Болбосо мыйзамдардын негизинде тийиштүү органдарга кайрылары жазылган.

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагы Кыргызстанда бир нече жыл мурда популярдуу брендге айланган. Соңку бир жылдан бери аты “Азия” деп өзгөртүлүп, иштеп жатат.

Расмий сайтында “Азия” гипермаркеттер тармагы 2011-жылы түптөлгөнү, 13 жыл ичинде өлкө боюнча 59 дүкөн ачылганы жазылган. Дүкөндөр көлөмү жана товарлардын ассортименти жагынан “гипермаркет”, “супермаркет” жана “экспресс” деген үч форматтан турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG