Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: «БИЗ КИМ ЭЛЕК, КИМ БОЛДУК?»


Көчкөн Сактанов, Бишкек «Теңир-Ордо» коомдук фондунун торагасы Дастан Сарыгулов менен мекатин уландысы.

Бир ууч адам өмүрүндө он жыл оңой мөөнөт эмес. Өзүбүзчө болдук, деп канчалык калпагыбызды көккө көкөлөтпөйлү, бирок ошол көкөлөгөн калпак алдындагы турмуш көкөлөбөй эле гөр турмуш болуп калганы бул ачуу чындык. Эмне үчүн мындай болдук? Эмне үчүн мындай абалга калдык? Кай жерден адаштык? Бир эмес, бир нече жолу, болгондо да жылдап адаштык. Буга мисал, мурунку союздук республикалардын эң артынан санаганда биздин республика эң биринчи, эң башынан санаганда эң артында калганында.

Жакшылыктын да, жамандыктын да сөзсүз түрдө башталыш учугу, эбебине жараша, себеби болоору ырас. Ушунун баары бизде улуттук идеологиянын, намыс-ариеттин жоктугунан болуп жүрбөсүн? Бүгүнкү маек дал ушул мааниде болмок. Сөз Сарыгулов Ислам уулу Дастан мырзада.

- Намыс-абийир жан менен кошо бир эле берилет дечү экен бабалар, -дейт Дастан мырза.
- Эмне деген улуу сөз. Жанды бир эле берилет деп… Ошондой эле намыс да бир эле жолу берилет. Намысыңды жоготпогончо өлгөнүң жакшы эмеспи деп айтат бабалар. Бул турмушта биздин бабаларыбыз улуу баалуулук деп ушуну айткан. Дүнүйө болгон эмес, бийлик болгон эмес, мансап болгон эмес. Намыс, абийир, нарк, салт, мына ушуну эң улуу баалуулук деп билишкен. «Элине пайдасы жок адам тирүүнүн өлүгү» деп Сарт аке айтчу экен. «Ой, бул тирүүнүн өлүгү! Тирүү болуп санда жок, өлгөнү менен гөрдө жок», - деп. Кандай улуу баалуулук. Биздин коомго мүнөздүү демократиянын белгилери. «Эркектин билеги күчтүү, аялдын тилеги күчтүү». Кандай терең маани жатат. Же болбосо, адамдын көңүлүн калтырба, назарын суутпа, шагын сындырба. Мына, жана айтып атпаймынбы, накта конституция ушу мааниде жазылышы керек. Орусча жазыш мүмкүн эмес. Кыргызча гана жазыш керек. Кыргыз үчүн чөптүн, суунун, чиркей-чымындын да убал-сообу болгон. Кыргыздар теңдик өкүм сүргөн коомдо жашашкан. Жесир болгон эмес, жетим болгон эмес, балдары асырап алчу.
- Дастан мырза, союздун учурунда Борбордук Комитеттен баштап, райондорго чейин үчүнчү секретарь деген болор эле. Ал бүткүл үгүт-насаатты тейлеп, керт башы менен жооп берчү. Азыр эмнегедир бул тармакты тейлеген эч ким жок. Ошон үчүн бизде улуттук идеология да жок. Шал болуп калган, шал боюнча турат. Айтса, ата-бабабыздын илгертен эле улуттук идеологиясы болуп келген. Бүгүнкү бийлик жок дегенде ошол өзүңүз айткандай, бабаларыбыздын нарк-насилин, маданиятын адеп-сыйын, урматын эл алдына алып чыгып, рухий дөөлөтүбүздү жандандырышы керек эле да. Бул маселе Өзбекстан менен Казакстанда эбак эле башталган. А бизде…
- Биздин бабаларыбызга мүнөздүү болгон көрүнүштөр мына адептүү, ыймандуу, бул улуу касиет. Сөз адеби болгон, тамак ичүү адеби болгон. Мисалы, жилик тарткан учурда да даражасы, жашына карап тартылган. Сый-урматты көздөгөн. Мына, элде болсо, тең болсун дейт. Бата тилейт. «О, элге бер, эл ичиндеги мага бер» дейт. Жамааттын кызыкчылыгы биринчи турган. Азыр өзүмчүлдүк күчөдү, жеке кызыкчылык журт кызыкчылыгын жокко чыгарып баратат.

150 жыл бабаларыбыздын жолунан адашып, тилибизди жээрип, салтыбыздан, наркыбыздан адашып, азыр кайсыл абалга келдик? Карызга башыбыз менен баттык, жарды-байга айландык. Мунун аягы эмне менен бүтөт? Бир Кудай өзү билбесе, эч ким айта албайт!

Ойлонуп, иликтеп, талдап, жыйынтык чыгара турган мезгил келди деп ойлойм. Кайра жаралып, жаңыланууга кыргыз эли өтө кымбат баа төлөп келди деп ойлойм. Ушуну биз бааласак. Ойлонуп, ойгоно турган мезгил өтүп да баратат. «Көпчүлүк адамча жашабаса, заманыңар тозокко айланат» деп бабаларыбыз айткан. Албетте, сырттан акча алышыбыз керек. Жабдыктарды алыш керек. Биз аларга кызыгарлык шарт түзсөк, өздөрү эле келе берет. А бирок, калган өнүгүү жолубузду, өзүбүздүн өткөн нарк-насилибизден, тарыхыбыздан таап, ошол багыт менен жол алсак, азыркыдай адашпайбыз, максатыбызга жетебиз. Мына үч нерсе адамды ылгабайт деген экен бабаларыбыз: кырсык ылгабайт, оору ылгабайт, өлүм ылгабайт. Калганы адамдын колунан келет экен го. «Өмүр, тагдыр-Кудайдын өзүнөн, турмуш-тагдыр-адамдын өзүнөн» деген экен. Турмуш-тагдырды да өз колубузга алышыбыз керек. «Биз ушунча эле акылы кем элбизби?» деген суроо туулат. Мына, мен Японияга бардым, эртели-кеч чөп-чар жеген эл экен, анча-мынча балыкты кошуп коюп… Чүпүйгөн-чүпүйгөн… Эң чоң япондун көйнөгүн, эң кичине кыргызга кийгизсең жеңи соройуп, мындай чыгып калат. Ошол эл дүйнөдө аты чыгып отурат. Булардын улуулугу, мени таң калтырган көрүнүшү - улуттук салтты бекем кармаганы. Бүгүн дагы, ошол коомдун өзөгү, арка-бели, Конституциясы катары милдет аткарат экен. А биз болсо эмнеге жеттик? Эмне үчүн төрт миң жыл тарыхы бар кыргыз элинен өкмөт башчылыгына бир кыргыз жарабай калгансып, орус адамын алып келип отурабыз? Орус жаман эл эмес, намыс керек да? Кантип эле ушунча дөөлөтү бар, ушунча тарыхы бар эл ошонун арасынан бир өкмөткө жарактуу адам табылбасын? Ушунча да өзүбүздү кемсинтебизби? Ушунча да өзүбүздү басынтабызбы? Мындан ким утат? Ким утса да, кыргыз эли утпайт!

Ошон үчүн ата-бабадан калган дөөлөттү , рух-мурасын төкпөй-чачпай, колдон келсе кошумчалап, кийинки муунга өткөрүп берүү. Бул ар бир кыргыздын милдети, парзы.

XS
SM
MD
LG