Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

КЫТАЙ ЧЕКАРАCЫН ТАКТООДО КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРКУТКАНБЫ?


Кыргыз-кытай чек арасы боюнча 1996- жана 1999-жылкы макулдашуунун канчалык мыйзамдуулугун Конституциялык сот 20-февралдан тартып карай баштады. Сот жараянынын жүрүшүндө мурда айтылбай келаткан айрым маселелер ачыкка чыгып, талаштуу делген чек араларды тактоо боюнча бейрасмий сүйлөшүүлөрдө Кытай тарап Кыргызстандын өкүлдөрүн басымга алып, коркутууга барган, деген пикирлер ачыкка чыгууда.

Конституциялык соттун 20-февралдагы бейшемби күнкү сот жараянынын жүрүшүндө өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов кыргыз-кытай чек арасынын талаштуу деп табылган жерлерин тактаган сүйлөшүүлөрдүн бейрасмий бөлүгүндө Кытай тарап Кыргызстандын өкүлдөрүнө басым көрсөтүп, ыдыкка алгандыгын айтты. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бекемдеп, Кыргызстан бийлиги буга чейин деле өз күнөөлөрүн жабуу максатында оппозицияга «Кытай чоң мамлекет, силер эмне, согушту каалап жатасыңарбы, алар ансыз деле жерди күчкө салып алып коет!» деп айтып, Кытай Эл Республикасынын эл аралык кадырына көлөкө түшүрүп келген, деген оюн ортого салат:

- 20-февралдагы сот жараянынын жүрүшүндө өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов талаштуу чекараларды тактоо маалында Кытай тараптын өкүлдөрү тарабынан басым жасоо болгонун «Кытай тарап аскерий күчкө салып, жерлерди алабыз дешкен» деп ачык эле айтып койду. Биз, оппозиция өкүлдөрү, чекара маселесин көтөргөн сайын, бийлик, анын ичинде Аскар Акаевич өзү да бир нече жолу «Эмне, силер согушту каалап жатасыңарбы?! Кытай чоң мамлекет, алар жерди тартып эле алып коет» деп биздин оозубузду жабууга аракет кылып келишкен. Биз алардын мындай «аргументин» туура эмес көрүп, ал Кытай Эл Республикасынын эл аралык кадыр-баркына көлөкө түшүрөөрүн бир нече жолу айткан болчубуз.


Кыргызстан бийлиги талаштуу чек араларды тактоо боюнча Кытай менен болгон сүйлөшүүлөр Кыргызстандын жеңиши менен аяктады деп дайыма айтып келатат. Бийликтин пикиринде, Кыргызстандын чек арасы буга чейин болгон эмес жана ал Кыргыз президенти менен Кытайдын төрагасы 1996- жана 1999-жылы кол койгон келишимдерден кийин гана аныкталган. Атургай Кытай тарап башында мындан да көп жерди алууга ниет кылган болчу. Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2002-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарынын активи менен жолугушуу маалында айткан:

- Биздин Кытай менен миң чакырымга созулган чек арабызда беш талаштуу жер бар болчу. Алардын кандай чечилгени тууралуу айтып өтөйүн. Алгачкы сүйлөшүүлөрдө алар бизге көрсөткөн документтер менен карталар боюнча Кытай тарапка Кантеңир, Жеңиш чокулары жана Эркечтам толугу менен өтмөк. 6 жылга созулган эмгектин жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында талаштуу деп эсептелген беш жердин төртөөнү –Кантеңир, Жеңиш чокуларын, Эркечтамды толук сактап калууга жетиштик. Айтып коюшум керек, Үзөнгүкууш биз үчүн эң оор участок болду жана ал боюнча келишимге 3 жылдан кийин - 1999-жылы Цзянь Цзэмин менен кол койдук.

Мамлекет башчысы ошол эле учурда Кытай менен Орусиянын, кийин Кытай менен Советтер Союзунун мамилелери ушул талаштуу жерлерден улам айрым бир убактарда курчуп кеткенин да ортого салган:

- Талаштуу чекаралардын оңунан чечилбей келгени Советтер Союзу менен Кытайдын ортосундагы эрегишүүнүн, чыр-чатактардын себепчиси болуп келген. Сиздер жакшы билесиздер, Даманскдагы чек ара талаш-тартышынан эки өлкө ортосунда жаңжал чыгып, Советтер Союзу алгач ирет «Град» аскерий күчүн колдонгон. Анын жардамы менен Кытай чекарачыларынын мизин майтарып калып, чоң согушту токтоткон. Биздин Кыргызстандын Кытай менен чекарасында да канчалаган чыр-чатактар болгонун жашы улуу адамдар жакшы билишет.

Азимбек Бекназаров Кыргызстан бийлиги Кытайдын аскер күчүнөн коркконунан жерди берген жок, бийлик жерди өзүнүн эл аралык кадыр-баркын көтөрүү максатында берди деген ойдо:

- Кытай тарап Кыргызстандын өкүлдөрүн коркутту деген сөз, бул – расмий бийликтин жүргүзгөн саясаты, өзүнүн ойлоп тапканы. Укуктук жол менен мээ ооруткан сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарбай, аракет кылбай туруп эле Кытай тарап эмнени сураса – ошого макул болушкан. Менимче, жерди Кытайдын аскер күчүнөн коркконунан берген эмес. Президент Аскар Акаев дүйнөлүк деңгээлдеги чоң саясатчы болоюн, Кытайдын көнүлүн алып, Шанхай уюмунун кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрөйүн, анын террорго каршы борборун Кыргызстанда жайгаштырайын деген ой менен ата-бабадан калган жерди берип жиберди деп ойлойм.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кытай тараптын мынабул жерлер талаштуу болуп жатат деп расмий кайрылган бир да кагаз-документин Кыргызстан бийлиги ушул убакка чейин көрсөталбай келатат. «Азыр бул ишти карай баштаган Конституциялык сот өз чечимин чыгарарда буга окшогон жагдайларды көңүлгө алууга тийиш» дейт ал.
XS
SM
MD
LG